«Мухтардын кайтып келүүсү», «Ашкана», «Желе» тасмаларындагы ролу менен элге таанылган актриса Наталья Юнникова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 37 жаштагы актриса 14-сентябрь күнү ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп кеткендигин айтышып, абалы начар экенин билдиришкен. Комага түшүп калган актриса 26-сентябрда дүйнө салды.