Керемет ырлар жан дүйнө азыгы. Ал ырлар угарманга азык болсо, ырчылардын кадырын арттырат. Обончу Жаныш Кочкоровдун «Өмүр дайра», «Кимибизден?», «Сагындырба», «Кыргыз элим», «Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин» сыяктуу көптөгөн обондору канчалаган ырчынын багын ачты. Бүгүн биз таланттуу обончунун обондорун эмес, балалыгын кеп кылууну эп көрдүк.
«КАРЫНДАШТАРЫМ МЕНИН ТЕНТЕКТИГИМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЫШЧУ»
– Мен 1954-жылы 1-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мал-Калды айылында туулгам. Жети бир туугандын улуусумун. Атам мектепте мугалим болуп иштечү. Илгери Союз маалында 1-май укмуш майрам эмес беле? Атам ошол майрамда ишке кеткенде мен төрөлүптүрмүн.
Жаныш деп атымды атам койгон. Мен эс тартканы апам үй иштерин бөлүштүрүп берди. Мен малдын алдын тазалап, малга чөп салгым келчү, бирок карындашым «үй шыпыр» деп жаңжал сала берчү. Карындаштарым тилимди албаса же ата-энеме даттанышса тизип койчумун. Үчүнчү карындашымды «как көтөн» деп койчубуз. Өзү арык, тили узун, кээде тилин тартпай баарыбыздын сазайыбызды берчү. Аны тизгиндөө бир аз оорураак. Бирок көчөдө, мектепте бизден өткөн ынтымактуу бир туугандар жок эле. Менин оттон да, чоктон да кайра тартпаган кызуу кандуулугумду билгендер карындаштарыма батынып тийише алышчу эмес. Ким аларды таарынтпасын барып эле мурдун кан жалатып койчумун. Карындаштарым мектепте менин тентектигим менен сыймыктанышчу.
«КОШУНАМДЫН АЙЫНАН НЕМИС ТИЛИ САБАГЫН ЖАМАН КӨРЧҮМҮН»
– Балалык кезим өмүрүмдөгү эң таза, эң баёо, эң ыйык, таттуу күндөр экен. "Эртерээк мектепти бүтүп кетсем экен, качан чоңоём?" деп эч ойлонгон эмесмин. Мектепке жети жашымда бардым. Математикадан берген Аалы деген агайыбыз бар эле. Сабакты жакшы окубасаң көк ала кылып чымчып салчу. Менин саным агайдын манжаларынын алдында көп эле жолу көпкөк болуп кала берди. Азыр ошол кездеги мугалимдер таш боор болгонбу деп ойлоп калам. Агайлардан таяк жеп жүрүп эле мектепти аяктадык. Физикадан берген агайыбыз «сабак окубасаң көзүңдү оюп, алаканыңа салып берем» деп коркутчу. Балабыз да, чын эле көзүбүз оюлат экен деп, түшүнсөк-түшүнбөсөк деле кол көтөрүп, доскага чыгып, иши кылып агайдын көзүнө жакшы окуучу катары көрүнүүгө далалат кылчубуз. Шокон деген тууганым класс жетекчибиз болчу. Сураганда жооп бербей калсаң, алаканы шак эле дей түшчү. Көзүңдөн от чагылышпаса мага кел. Мени бир жолу чапты, ошондон кийин ал жаныма басып келе жатса эле жалтанам. Ал кезде мугалимге каяша айтуу, кармашуу, кийин өч алам деген жок болчу.
География сабагын жакшы көрчүмүн. Агай кайсы теманы айтпасын, образга кирип укмуштуудай кооз үн менен радиодон сүйлөгөндөй сүрөттөп берчү. Ал эми жаман көргөн сабагым немис тили эле. Кошунабыз согуштун ардагери Ален деген байкенин бир да тиши жок болчу. «Тиштериңизге эмне болгон, бирөө да жок го?» деп сурайт элек. Анан ал киши Улуу Ата Мекендик согушка катышканын, немистердин колуна түшүп калганын, анан алар тиштерин бирден жулганын узун жомок кылып айтып берчү. Ал айтып берип жатканда тиштерим зыркырап, колдорум калтырап, «немис деген аябай жаман калк болот турбайбы» деп денем титиреп чыкчу. Ошондон кийин немис деген сөздү укканда эле каччумун, сабакты да, сабак берген эжени да жаман көрчүмүн. Мен негизи жаман да эмес, жакшы да эмес, эл ортосу болуп "3-4кө" окудум.
«КЛАССТАШЫМ СЫЗГЫЧ МЕНЕН КОЛГО ЧАПКЫЛАП...»
– Биздин тукумда ырга, күүгө жакын адам жок болгону менен, тайларым жакын эле. Таятамдан комуз ойногонду үйрөнүп, 5-класстан тарта эл алдына ырдап чыга баштадым. Менин алгачкы ырым «Жалжалым» деген чыгарма болду. Кийин «Алтын шакек» деген ыр менен ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Алдыңкы орундарга көп эле жолу илиндим, ошондо алган дипломдорум алигиче бар.
«Эр тайын тартат» деген сөз бар эмеспи. Тайларымды тартып чыгармачылыкка гана жакын болбостон тентек да болдум. Ар бир айылда бирден жинди болот, «баланча келе жатат» десе айылдыктардын дымы чыкпай житип кете турган. Таякелерим да ошондой кызыл жиндилер эле. Тентектигимдин айынан мектепте окуган, иштегендин баары мени жаман көрүшчү.
Жакшы окуган, тарсылдаган Салтанат деген тың кыз тазалыкты текшерет эле. Бир жолу Салтанат «колуңду партанын үстүнө чыгар» деди. Чыгарсам сызгычы менен колго тарсылдатып чаап «бул эмне деген капкара кол, эмне деген тырмак?» деп урушту. Үйгө барып колумду кайра-кайра жууп, аябай уялгам. Классташымдын колго чапканы жүрөгүмө катуу тийген окшойт, ошондон кийин арыктын жээгине барып, башымды, колу-бутумду самындап жышып жууй берген адат таап алдым. Атам «анча жышынбай эле кой, сен баары бир агарбайсың» деп күлүп калчу.
«МЕКТЕПКЕ БИР ДЕПТЕР КӨТӨРҮП БАРАР ЭЛЕМ»
– Мектепке башкалардай болуп сумка көтөрүп, китеп алып барган жан эмесмин. Белимдеги шымдын куруна бир дептерди кыстарып койчумун. Калем сапты болсо балдардан алам. Мугалимдер ата-энемди чогулушка чакыртып, «балаңыз жадакалса мектепке китеп көтөрүп келбейт. Бардык сабакты бир дептерге жазат» деп арызданышчу. Канча арызданышпасын уккан жокмун. Кыскасы, оюма эмне келсе, берчү эмесмин.
Бирөөнүкү таттуу көрүнөт окшойт. Өзүбүздүн короодо алма турса деле, кошунанын алмасын уурдап жечүмүн. Уурдап деле эмес, ачык эле алманын башына чыгып алып шашпай жеп отура берчүмүн. Ээси көрүп калган учурлар да болгон. Мен эч коркпостон, «алма жеп жатам, силердин алмаңар таттуу, курсагым тойсун, анан кетем» деп отура берчүмүн. Андан ашыкча уурулукка барган жокмун. Атам бул жаатта катуу тарбия берди. Столдун үстүнө ширеңкенин талын чачып туруп, «муну бирөө алса жоголот, болбосо жоголбойт. Уурулук жаман, ууру кылганыңарды укпайын» дечү.
«СҮЙГӨНҮМ БАЛДАРДЫН КӨЗҮНЧӨ САГА ТИЙБЕЙМ ДЕП КАТЫМДЫ ТЫТКАН»
– Балалык сүйүү унутулбайт экен. Биринчи жолу сүйүүгө кабылып, аны да сүйдүрөм деп убара болгом. 9-класс болсом керек, Жумакан деген аппак классташымды сүйүп калдым. Ички сезимдин алоолонгон отун калем сап менен сүрөттөп укмуштуудай сүйүү катын жазып, бир топко бере албай жүрдүм. Анан бир жолу өзүмдү кыйнап туруп, балдардан берип жибердим. Эл жок жерден акырын мага жообун берип койсо эмне, толтура балдардын көзүнчө «мен сага тийбейм» деп катымды тытып салды, мен аны дароо алып алчудай болуп. Кийин эсиме келсем, капкара эле кыз экен. Ошондон кийин кыздарды сүйгүм келбей сынып калдым. Ырдагандарды кыздар сүйө берет турбайбы. Мектептин жылдызы болгонумда көп эле кыздар сезимдерин билдирип, сөз айттырышты. Бирок тытылган каттан кийин эч кимисине жолобой койдум. Өткөндө Жумакандын туугандары менен бир жерде чогуу отуруп калдым. "Жумакан кайда?" деп сурасам «тигине, отурбайбы» дешет. Тааныбай калыптырмын, балпайган чоң эне болуптур. Ушул окуяны айтып берсем «эсимде жок, сага эле тийип алсам болмок» дейт. «Капкара экенсиң, сени алмак эмесмин» деп күлдүм.
«Балалык кезим эң таза, эң баёо, таттуу күндөр экен. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы Маданият техникумунда билим алып, андан кийин Хабаровск шаарында аскердик кызмат өтөдүм».
Сүйүн Кулматова
star@super.kg