Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Үйү өрттөнүп көчөдө калган эне: «ТАГДЫРЫМДЫН ТАТААЛДЫГЫНА КЕЙИЙМ»

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.


Эненин ыйлаганын көргөзбөсүн. «Өзүм бардыгына чыдай берем, балдарым аман болсун, оорубасын» деп көзүнө жаш алып Кундус Омуралиева татаал тагдырын айтып берди.

"ЖЫЛДА БИРДЕН ЖАМАНДЫК..."

– 2015-жылы январь айында жолдошум каза болду. Анын аркасынан эле жыл айланбай уулум өтүп кетти. Каралдым, 26 жашында, жаш бойдон бизди таштап кетти. Бул жылы минтип үйүбүз өрттөнүп, көчөдө калдык. 13-сентябрь күнү кечинде күндөгүдөй эле жумуштан үйгө келгем. Чай ичели деп «Tefal» чайнекти күйгүзсөк эле жарылып, өрт чыкты. Балдарды көтөрүп эшикке чыкканга эле жетиштик. Одеалону ыргытсам, аны да ток тартып кетти. Кум чачымыш болдук, ал да жардам берген жок. Үйүмдө палас, парданын баары эле синтетикадан, арзан буюмдар болгондуктан өрт бат эле жайылып, эч нерсебизди алып чыкканга жетишпей калдык. Кийимдерибиз, болгон буюмдарыбыз, документтерибиз күйдү. Турган турпатыбыз менен эле калып калдык. Өрт өчүрүүчүлөр өчүрүшүп, «үй толук өрттөндү» деп тил кат жазып берип кетишти.
Үйү жок калганда «ушинтип эле талаада каламбы?» деп ыйладым. Жок дегенде таянар жолдошум болсо жардам бербейт беле. Айла жок балам экөөбүз аракет кылып күн өткөрүп жатабыз. Ал күнү уулум, келиним, алардын эки баласы болуп жакын жашаган эжебиздикине барганбыз. Ал үйдө да 4 кичинекей бала бар, биздин балдар кошулганда ызы-чуу болуп, алар «жаман көрбөңүз, бул жерде силерди алып кала албайбыз» дешти. Минтип көчөдө калдык. Кечинде кичинекей эски сарайда уулум үй-бүлөсү менен жатышат, мен болсо эшикке алачык жасап алгам, ошонун ичине жатам. Келиним 2-топтогу майып, өпкөсүнөн оорулуу, балдары кичинекей. Ооруп калышпасын деп сарайга жаткырып жатам. Бир жолу огородду суу каптап кетип, сарайга тыгылып алар менен жаттым.
Кошуналарым ар кандай жардам берип жатышат. Кийим-кечектер, азык-түлүк, идиш-аяк, төшөк, акча менен жардам беришти. Элден улам ар нерсени сурай бергенден деле уялып калдым. Бирок сурасам жардам беришет. Кайним келип сарайга жарык тартып берди.
Өзүм бир пансионатта пол жуугуч болуп иштейм. Чогуу иштегендер 30 миң сом чогултуп беришти, пансионаттын атынан 15 миң сом беришти. Бул акчалардын баарын эле үй тургузуп алганга жумшап жатабыз. Бул үйдү сатып алганыбызда жанында фундамент бар болчу, ошону улап там салып алалы деп балам экөөбүз аракет кылып жатабыз. Азырынча абалыбыз ушул, түнкүсүн суук, үшүп уктай албайм. Турам, отурам, жолдошум менен уулума куран окуйм, «үй тургузуп алалы, жылуу үйдө отуралы» деп Кудайга жалынам, балдарымдын бактысын, ден соолугун сурайм. «Жашоом жакшы нукка бурулуп, жамандык болбосо экен» деп тилейм. Жашоодо тагдырымдын татаалдыгына гана кейийм.

"УУЛУМ АСКЕРДЕН ООРУКЧАН БОЛУП КЕЛДИ, ОШОНДОН АЙЫГА АЛБАЙ КАЗА ТАПТЫ"

– Жолдошум Орусияда аскерде кызмат өтөп жүргөндө жыгылып, буттары сынып, аксап басып калган, 3-топтогу майып болчу. Кийин астма менен ооруп, врачтар "аба алмаштыргыла" дегенинен Ысык-Көлгө көчүп келгенбиз. Бирок бул аракетибиздин жардамы тийген жок, жолдошум оорусунан улам каза болду. Уулум Асан аскерден келгенден кийин эле эпилепсия болуп, башы ооручу болгон. Текшерилсек, врачтар «башына катуу сокку болгон» дешти. Аскердеги бул жагдайдын башка балдарга да зыяны тийбесин деген максатта уулумдун абалы тууралуу айтып аскер комиссариатка кайрылсам, «учурунда келиш керек болчу, сабалганынын далили барбы?» деп коюшкан, учурунда билбей калдым, балам эч нерсе айтчу эмес.
Аскерден келгенден кийин тамчылатма, уколдон башы чыккан жок. Жакшына эле отурган жеринен калчылдап-титиреп «башым» деп жыгылып калчу. Кээде «Тез жардам» келчү, көбүнчө «өзүңөр алып келгиле» деп коюшчу. Такси менен, айрым учурда кошуналарга жалдырап ооруканага алып барчумун. Кээде бат эле ойгонуп кетчү, кээде комадан бир-эки күндөн кийин ойгончу. Айрым учурда бир күндө 5-6 жолу кармайт эле. Ошондуктан дайыма жаныма алып жүрчүмүн, бирок "бир аз иштейин" деп кетип калчу. Пансионаттарда иштеп жаткан жеринен оорусу кармап, ал жактан да бир нече ирет алып кеткем.
Уулум "аскерден бизди прапорщиктер урчу, уктап жаткан жерибизден башка чапчу, өзүнчө киргизип алып кур менен урчу» деп айтып баштап баратып эле кайра «апа, тамашалап койдум» деп же «аскерде болгонду айтпаш керек да» деп токтоп айтпай калчу. Катуу ооруганда «аскерге барбай деле койсом болмок экен» дечү. Атасы өлгөндө да көп кайгырды, эч нерсе сүйлөбөй башын мыкчып отуруп калчу.
Асаным эгиз балдардын түгөйү. Шайыр бала эле, ырдаганды жакшы көрчү.

"КЫЗЫМДЫ ЖОЛДОШУ 4 БАЛАСЫ МЕНЕН ТАШТАП, БАШКА МЕНЕН ЖАШАП АЛДЫ"

– Асандын эгизи Аселдин да тагдыры аянычтуу. Төртүнчүсү боюнда бар кезде жолдошу башка аял алып жашап алган. Ал дагы өзү жалгыз 4 баласын багам деп тырмышып жүрөт. Кызымды мектепти бүткөндө ала качып кетишкен, окутайын десем болбой. Эми минтип тагдыры талкаланды. Ажырашкан кезде боюнда эгиздер бар болчу. Бирөө боюнан түшүп калып, бирөө төрөлдү. Анысы Асаныма окшош. Аябай ыйласам, Кудай балама окшоштуруп берди окшойт.
Учурда улуу балам менен жашайм. Минтип, өмүр бою эле тырмышып балдарымды бутуна тургузайын деп иштеп келатам. Тапканымды ары тартып, бери тартсам да жетишпеген жашоо кууп жүрөт. Азыр 7700 сом айлык алам. Балам курулушта иштеп калат. 10-12 миң сом акча табат. Кээде 2-3 айлап жумушу болбой калат.
Өзүм баарына чыдайт элем, эки балама, неберелериме Кудай кубат берсин. Элден жардам сураганга аргасыз болуп турам. Там тургузуп алып, жылуу үйдө баш калкалабасак кичинекейлер да, өзүм да ооруп баштадык.

"Балам үй-бүлөсү менен кичинекей эски сарайда жатышат, мен болсо эшикке алачык жасап алып, ошондо уктап жатам".

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
03.10.2017. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-03-2016
Соӊку аракети:
15-12-2017 19:06
Жынысы:
Белгисиз
+28
Качан бир кун же ай жыл отуп Кыргызстаныбыз онугуп ушундай оор тагдырда жашап жаткан боордошдордун кайгысын укпай же окубай калган кундор келер бекен. Же мечиттердеги имамдар айкандай Кудай мусулман адамдарды коп кыйынчылык менен сынайт дегени тура айтканыбы.
03.10.2017. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 20:12
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жардам берүүнү каалагандар үчүн эженин номери 0705 02 90 61
04.10.2017. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
05-11-2018 11:40
Жынысы:
Белгисиз
0
PeriMuz,чоон рахмат алла раазы болсун
03.10.2017. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
19-05-2018 02:09
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эхх аттин окуп корүп жүрөгүн ооруйт. Заманыбыз онолсо дагы мындай нерселерди эч качан жок кыла албайбызго. Ошол айылдыктар эле жардам берип койсо болмок ашар кылып азыр баарынын эле колунда бар убак. Бири тактасын бири топурагын көтөрүп бутуруп коюшса оздөрү эле сооп алатго
04.10.2017. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
+20
Super info канча газета сатасынар материалдык жардам берип койсонор боло. Кудайга шугур элесинерго
04.10.2017. 00:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
07-01-2012
Соӊку аракети:
04-04-2018 14:25
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер инфо жамааты коп тукурсо кол дейт сиздер бир аз жардам кылсаныздар жардам бере турган эр азаматтар коп Аллахтын ыраазычылыгы учун колго албайсыздарбы
04.10.2017. 02:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
290
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Багы жокко,дагы жок(((
04.10.2017. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-04-2017
Соӊку аракети:
11-03-2018 00:28
Жынысы:
Белгисиз
+7
Супер Инфо бир жумалык эле сатылган гезитинердин акчасын берсенер ушул уй булоого уй курулуп калмак.Байкуштар кышта кантет экен,кун да суук болуп кетти го.
04.10.2017. 12:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
23-04-2017
Соӊку аракети:
08-10-2018 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+12
армияга барбагыла такыр!!!кыргызстанда бир да армия шарты жок тарбия андан өткөн малдан айырмасы жок!!!!
05.10.2017. 02:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
26-11-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 20:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+8
Армияга колунда жок бей бечаралардын гана балдары барганы окунучтуу,жыйынтыгы ушул акыбал.
Президент болом дегендер миллиондогон акчаларын чачып атышат,ушуга окшогондорго жардам беришсе болмок.Эх колумда болсо кана жардам бермекмин ...
05.10.2017. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+4
Кудайга чексиз шугур деп отурам окуп алып. Кээде болоор, болбоско налый берем. Корсо оор тагдырлардын жанында эч нерсе эмес экен. Эжеке ден соолукта болуп, бактылуу жашаныз. Чондорго да кайрылып корунуз.
06.10.2017. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз эжеке,жакшы адамдарда сыноо коп болот дешет го.Бир куну сиздин кочонуздо да той болот. Ошондо бул сыноолорду эстебей да каласыз. Кыргыз эли жардам берет деген умуттомун. Анан албетте ар бир уйдо копсуздук эрежелери сакталышы керек. Кырсык каш кабактын ортосунда
07.10.2017. 04:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+4
Уй орттонсо байыйт дейт го,эми эже жамандыктын баары ошол уй менен кошо кеткен болсун,мындан ары жаны уйлуу болуп,жалан жакшылыктар,кут-береке ыроолосун уйунуздо. Уй-булонуз менен тынч,бейкубат омур сурунуз,Кудайым озу колдосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21442;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: