КАЛЕМДЕН ТАМГАН КУМАР ТАМЧЫЛАРЫ

Эки дене биригип, бүткүл аалам унутулуп, кумар оту алып учкан учурду элестетиңиз. Улуу сезим чыгармаларда да чагылдырылат эмеспи. Калемгерлердин калеминен тамган кумар тамчылары кандай? Байкап көрөлү...

Төлөгөн Касымбеков, “СЫНГАН КЫЛЫЧ”
– Ичиңде отуң бар тура, уул,- деп Айзаада шыңк күлдү. Эшим обдулуп барып келиндин колун бек кармап калды. Айзааданын жүрөгү калтырап, бирок колун силкип ала албады. Жигиттин оор колундагы жаштык илеби, көңүл оту, ошол от дүрт этип анын жүрөгүнө чейин жылуулук келтирип, жымыратып баратты. Эшим “жеңе...” деп аптыгып келип капшыра кучактап, жалыны бар оозу менен аймалап өпкүлөдү. Эркек сагынган келиндин денеси чымырап, аз кыңкыстап көөшүгөнсүп, эркектин салмагы далысын кычыратып, сыйкыр кучагы жан жыргалын сездирип, эркектин тер жыты аны мас кылып жиберди...
– Бала, ай... Кагылып кетейин ай...
Айзаада эркектин кол талыткан оор денесин сыга кучактап, тер жыттанган моюнунан кумарлана жыттап алды...

Меңди Мамазаирова, “ЖАҢГАК ГҮЛҮ”
...Амантурдун көзү оттой жанып, кулундай туйлап, жүрөгүнүн түрсүлдөгү өзүнө гана эмес, сыртка да угулуп турду. Кенен, жайык, али бырыштын изи түшө элек ачык маңдайы жаркырап, нур төгүлүп турду.
– Айке!.. Жаным!..
Ансыз да жалын ороп турган келинди имере катуу кысып, адегенде көзүнөн өптү. Тарткынчыктап турганы менен, ал да жигиттин кучагына өзүн кандай таштаганын сезүүгө чамасы келген жок.
– Аман!.. Берекем!..
Ушул тапта залим күйөөсү, уят-сыйыты, элдин айыңы, эч нерсе келген жок, келиндин кыялына. Өмүрүндө биринчи мертем эркектин эркине өз каалоосу менен моюн сунуп, көңүлүн оюндагыдай төшөп салды. Алыс сапардан арып-чарчап, жол азабын көрүшүнчө көрүп, чаңкап келген жолоочу ысык кум баскан талааны арытып түпкүрүнө жетип, көк кашка мөл булакты шимирген сымак. Бардык жагынан баралына келген аялдын аңкыган дене-боюна мас боло кумары артып, ааламдагы эркек атпайдын чогулган бүтүндөй мээримин төгүп жалынып-жалбарып жатты, Амантур...

Чыңгыз Айтматов, “ЖАМИЙЛА”
...Ошол замат Жамийла Даниярды кучактап, жакындай бергенде ал аны өзүнө тартып, кучагына кысты. Саман менен суналып, Жамийла анын жанына жатты. Чагылгандар булуттун арасына көгүлтүр жалын ойнотуп, карагай сынгандай кургак чатырап күн күркүрөдү. Бүт денем дүркүрөп сүйүндүм да, сүрдөдүм. Күн күркүрөгөн акыркы чагылгандуу добул табигаттын сүрдүү көркүн ачып, жайдын аягын бүтүрүп келе жатты. Мына ушул эчтекеге токтолбос күчтөй демитип, Жамийла Даниярга шыбырап жатты:
– Чын эле күмөн санадыңбы, кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын?.. Керек эмес, түштөн кийинки сүйүүсү өзүнө буюрсун!.. Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин! Жалгызым, секетим, эч кимге сени ыраа көрбөйм!.. Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм!.. Мына, эми сен да мени издеп келдиң!
Жашыл ала, көгүлтүр чагылгандар ийме-чийме сынып, жардын артына сууга түшүп жатты...

Төлөгөн Касымбеков, “КЕЛКЕЛ”
...Үй ээн экен. Эшиктен араң батып, жаркырай күлүп Аман кирип келет. Зарыга күткөн Шарапат башайы калдыркан канат көпөлөктөй учуп туруп Амандын колун өөп, жүрөгү элеп-желеп болуп төөнүн таманындай катуу алаканына жүзүн басат. “Не кечигесиң, баатырым?” деп аптыга күбүрөп. Эми эч сөзгө келишке жарабай Шарапат эки колу менен моюнуна оролуп, эки эмчеги уюлгуган, кара түк баскан алп төшүнө кептелип, өзүнүн гүл жыттанган жумшак денесин кучагына төшөп кыналат. Төшөгүндө эркелеп, эркелетип моюнуна, көкүрөгүнө көз жашын сүртүп, эки ийини калтырап, кубанычына ичтен өксүп жатты...

Мурза Гапаров, “КҮНӨСТҮҮ АРАЛ”
– Мен сени жакшы көрөм.
– Мен да...
– Мен сени өпкүм келип жатат.
Чын эле көздөрү бозоруп, эриндери дирилдеп кетти.
– Өбө бер,- деди Жаңыл.
Айдар ага эңилип, чекесинен өптү.
– А мен кинодогудай өбүшкөндү жакшы көрөм.
– А кинодо кандай өбөт?
– Мындай...
Жаңыл Айдардын моюнунан кучактап, эриндеринен узакка соруп турду.
– Кинодо жакшы өбөт тура. Эми келчи, мен сени өөп көрөйүн.
Экөө өбүшкөн бойдон жерге сулап түшүштү. Астында бариктердин шуудурап жатканын да элес алышпады...

Айбек Мураталиев, “МИНИСТРДИН МАХАБАТЫ”
...Аида унчукпай басып келди да, ыпысык эриндер бири-бирин сагынышкандай, эңсешкендей, араң турушкандай кошулушту. Ак халат кантип чечилгенин, Нурлан чаар ала трусачан калганын байкаганга да үлгүрүшпөдү. Мамык төшөктү мындай кой, экөө эс-учтан тангансып полго кулашты. Алдында туйлап жаткан чүрөгүнүн көздөрүн акырын алаканы менен жумдурду да, гипноз жасагансып жоошутуп, шашпа-ай эриндери менен эркелетип өпкүлөй баштады. Жүзүнөн, мурдунан, алкымынан, төшүнөн, эмчектеринен, денесинен, курсагынан, киндигинен шашпа-ай, мазеси менен массаж жасагансып, ысык деми менен үйлөгөнсүп өөп келди да, Аиданын «жан жерин» алаканы менен жаап, буттар жагына өтүп кетти. Онтогон периси бир аз жыйрылганына көңүл бурбады. Согончогунан, томугунан, манжаларынан, шыйрагынан, тизесинен, балтырынан...
«А-а-ай!..» Чыдамы кеткен бийкечи кыйкырып алды. Экөөнүн махабат оюну эми туу чокусуна чыгып бараткансыды. Аялзатынын «жан жерин» өмүрүндө жыттап көрбөгөн эркеги бардык уят-сыйытты жыйыштырып, ачка калгансып бул дүйнөнүн жыргалы ушул алакандай жерге гана байлангандай, мээси айланган жаныбар сымал айланчыктап, жийиркенгенди мындай кой, таттуу балмуздакпы же ширин алма көргөнсүп тамшанып, тамагы кургап, жашоо ушуну менен бүтүп калчудай титиреп өпкүлөп жатты. Аидасы андан бетер бир асманга чыгып, бир жерге түшүп, жалбарганы, онтогону, ыйлаганы, диртилдегени бир тең, сыйкырдуу, ажайып жыргал сезимге тушукканы бир тең ...

Чолпонбек Абыкеев, “БРИЛЛИАНТ ЖЫЛАН”
...Анан жатуучу бөлмө издеп баш бакса, Шаа кенен диванда чалкасынан түшүп, белине чейин ачык мемиреп уктап жатыптыр. Акырын басып келди да, колунун, көкүрөгүнүн булчуңдары бөлөк-бөлөк болуп турган денесине суктана карап, дивандын четине отура кетти. Каштары капкара болуп ортосу кошулган кырдач мурун, эриндери бир аз калбыгыйраак, өңү каратору келген жүзүнө тигиле «сулуу жигит экен...» деп ойлоп, бүгүнкү кылган жакшылыгын эстегенде ичи элжиреп, акырын эңкейип эриндеринен өөп койду. Денеси дүүлүгө чыдамы кетип, өзүн кармана албай канча ордунан туруп басып кетейин десе да козголо албады. Качантан бери эркек кумарына бата элек. Эңсеп калган экен.
Дагы эңкейип өбөйүн деп келатканда Шаа ойгонуп кетти. Көздөрүн ирмегилеп тиктеп койду да, белинен имере өзүнө тартты. Экөө көпкө соруша өбүшүштү. Бир маалда экөө тең шашыла чечинип киришти. Алкымынан, эриндеринен, көкүрөгүнөн аймалай жыттаган Шаа Фаризаттын назик денесине эрип, ал да өзүн жогото бүт эргүүсү менен аял кумарына берилип кеткенин билбей калды. «А-а, акырын» деп шыбырай онтоду Фаризат. Эки дене жуурулушуп, бирде булут аралап учуп, бирде көл толкунунда толкуп, махабат жыргалында эзилип жатышты. Экөөнүн эзилишүүсү узакка созулуп кетти. Шаа бир бүтүп эле кайра баштайт. Фаризат улам жарпы жазыла төгүлөт. Мынчалык эркек жыргалына батпаганына канча болду эле? Эсинде да жок. Балким, биринчи жолу ушундай эркекке кошулуу рахатынын Шаа гана жеткире ала турган өзгөчө түрүнө кезигип жаткандыр. Чындыгында ошондой болчу.
Кытайдын Дао сүйүүсүнүн бүт ыкмаларын мыкты өздөштүргөн Шаа болгон чеберчилигин көрсөтүп, ар бир колу менен сыйпалаган жерлеринде сезимди эргитүүчү түйүндөрдү басып, ар бир кыймылын өзгөчөлөнтүп жасап жаткан. Өзүнүн бүт эс-акылын жоготуп, махабат рахатына сүңгүп кирген Фаризат да балкып ойноп берди. Экөө кичинеге сулк жатып калып эстерине келишти да, анан «эмне болуп кеттик?» дегенсип бири-бирин жылмая карап өбүшүп коюшту...


ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

Төшөктөгү наздануу
Төшөктөгү наздануунун эң керектүү шарттарынын бири – эркек менен аялдын ортосунда сүйүүнүн болушу. Бири-бирин эңсеп, бири-бирине өтө берилип, жан тартып туруулары зарыл.
Экинчи шарты – дененин таза болуусу. Адамдын бир жери да жагымсыз жыттанбоого тийиш. Адам тишин тазалабай, жыныстык мүчөсүн жуубай туруп жыныстык катнашка барбоосу кажет. Антпесе аял эркектен, эркек аялдан жийиркенип, сүйүү сезимдери мокоп, дене кумарына канышпай, армандуу турмушка туш келишет.
Жыныстык органдарды таптаза жуугандан кийин жыныстык мүчөлөргө гана тиешелүү жыт чыгып калат. Бул жытты жыныс мүчөлөрүндө жайгашкан бездер бөлүп чыгарат жана адам аны жийиркенбей кабыл алуусу керек.
Сүйүшкөн жубайлар бири-бирин көргөндө, сөздөрүн укканда, чачтарынын же денелеринин жыты жыттанганда эле делебелери козголо баштайт. Албетте, бири-бирине жаккан атырларды себинип алышса, делебелери ого бетер козголот. Төшөктөгү наздануунун негизги максаты – эркек үчүн бел сууну түшүрүүдө эмес, сырдашып, шыбырашып, бири-бирин назик эркелетип, сүйүүнүн жыргал оюнуна батуу.
Дагы бир шарт –аялдын кулагына сүйүү сөздөрүн куюп, жүрөгүнө музыка ойнотуу. Эгер аялдын дене кумарын кандырып, эркек өзү да рахатка батууну кааласа, аялды кечки жыныстык катнашка эртең менен даярдоосу кажет. Мисалы, жумушка кетип баратып жылуу сөз айтып, саамайынан сылап, назик өөп коштошуу. Эртең мененки эркелетүүнүн кайрымы кечинде төшөктөн кайтат. Мындай адат жубайлардын ортосундагы мамилени ширетип, дары болуп берет.
Аялдын эки эн безинен эстроген деген гормон иштелип чыгып, канга куюлуп турат. Аялды аял кылып турган – мына ушул сыйкырдуу гормон. Чачын калтардай кулпунтуп, көздөрүнөн нур чачыратып, эмчектерин тирсийтип турат. Эстрогенди “эси оогончо эңсөө гормону” деп да атап коюшат. Аталган гормон аялдын канында бирде көбөйүп, бирде азайып турат. Бул гормон канда көбөйгөндө аял өзүнө-өзү ыраазы болуп, көңүлү көтөрүлүп, өзүн жакшы сезет. Гормон канда азайганда аял бир нерсе жетишпегендей тынчсызданып, ачуулуу да болуп кетет. Эстроген аялзатын аялча ойлонтуп, күлдүрүп, наздантып, кылыктантып турат. Ошондуктан ар бир эркек аялдын өзгөчөлүгүн түшүнө билиши керек. Аял менен эркек эки жүрөк, бир сүйүүдөн жаралган. Аял менен эркек – бул дүйнөнүн түбөлүгү, жоголбостугу, кайра жаралышы...
Эми төшөктөгү сүйүү оюнуна келели. Бул бири-бирин эркелетүүдөн башталат. Мисалы, өбүшүү, жытташуу, кучакташуу, сылап-сыйпалоо, сүйүү сөздөрүн айтуу. Жыныстык байланышка чейинки төшөктөгү сүйүү оюнун билбеген же каалабаган эркек жөн эле орой адам эмес, ал айбан. Чынында эле кээ бир эркектер аял менен болгон жыныстык катнашта өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп, бел суусун эптеп түшүрүүнү максат кылышат. Ал эми аялдар эркектердин жан дили менен эркелетүүсүн, назик сөздөрдү шыбыроосун жыныстык катнаштан да артык көрүшөт. Муну эркектер эстерине алып коюшса.

(Уландысы эмки сандарда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
AazamatBBB
2010-05-18 18:06:11
эринбей карап чыккан кишиге рахмат!
0
Acia
2010-05-20 03:37:20
Эринбей окуп чыккан кишиге да рахмат!!.. :-))
0
imperator
2010-05-20 17:44:48
Куттуктайм "Супер-Инфо" ушинтип эле жабык сурот колдонсо да болот экен го.Ийгилгинердин улануусун каалайм.
0
Persik
2010-05-23 21:49:38
Эн кызыгы улуу муундагы авторлордун баяндоосуна караганда, жаны муундун суйуу оюндарын жазгандары ото эле ачык баяндалган. Эх эмне болсо да алар эссир СССРдин убагындагы жазуучулар да...(Касымбеков,Айтматов...)
0
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан