«ЭНЕ!» ТАСМАСЫ: АДАМДЫН АҢ-СЕЗИМИНЕ ЧАБУУЛ

Режиссёр Даррен Аронофски көптөн күттүргөн «Эне!» (Mother!) аттуу психологиялык триллеринин бет ачарын ушул жылдын сентябрь айында өткөргөн. Даррен Аронофски «Пи» аттуу психологиялык драмасы, «Ной», «Кара ак куу» тасмалары менен белгилүү. «Эне!» тасмасы режиссёрдун эң масштабдуу эмгеги. Аталган эмгек өзгөчө сюжети менен кино сүйүүчүлөрдүн талкуусун жарата алды.

Жанры
– ужас, триллер, драма
Режиссёру – Даррен Аронофски
Сценарийдин автору – Даррен Аронофски
Башкы ролдордо – Женнифер Лоуренс, Хавьер Бардем, Эд Харрис, Мишель Пфайффер жана башкалар
Тарткан өлкө – АКШ
Тасманын узактыгы – 2 саат 1 мүнөт

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

-Даррен Аронофски менен Женнифер Лоуренстин сүйүү мамилеси дал ушул тасманы тартып жүргөндө тутанган. Учурда атактуу режиссёр менен белгилүү актриса Голливудда эң жарашыктуу жуп.
-Аронофски менен иштешүү үчүн Женнифер Лоуренс «Рози» тасмасына тартылуудан баш тарткан.
-Тасмада каармандардын окуясын коштогон музыка дээрлик жок.
-Мишель Пфайффер алгач сценарийди окуганда эч нерсе түшүнбөгөнүн айтат. Ага карабай өзүнүн каарманы кызыктуу сезилгендиктен ролду аткарууга макул болгон.
-8-сентябрда фильмдин Лондон шаарындагы бет ачарында Женнифер Лоуренс маалымат жыйынында орусиялык журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Орус басылмалары актрисанын бул жоругун саясий көз карашынан улам жасаган кылыгы деп жазып чыгышкан. Мындан улам орус басылмаларынан «Эне!» тасмасын кескин сындаган, жагымсыз мүнөздөмө берген макалалар байма-бай жарыяланды.


ЖАЙ ТУРМУШТА ЖАШАГАН БҮЛӨГӨ БҮЛҮК САЛГАН КҮТҮҮСҮЗ КОНОК

Окуя ээн талаадагы чоң үйдө орун алат. Ал үй өрттөн жабыркап, анда жашаган түгөйлөр Илай менен Грейс оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Илай (Хавьер Бардем) акын, ал чыгармачылык кризисте жүргөн убагы.
Ал эми анын аялы Грейс (Женнифер Лоуренс) кадимки үй кожойкеси, ал күйөөсүнө тамак жасап берип, үй тиричилигин кылган үлгүлүү жубай.
Түгөйлөрдүн жашоосу алардын үйүнө күтүлбөгөн коноктун (Эд Харрис) келиши менен түп тамырынан өзгөрөт. Жолдошу белгисиз конокту «бара турган жери жок болгондуктан, биздин үйдө түнөп кала берсин» деген шылтоо менен жубайынан сурабай эле үйүнө киргизип алат.
Көрсө, ал белгисиз конок Илайдын чыгармачылыгын баалаган күйөрманы болуп чыгат. Эртеси ал күйөрмандын аялы (Мишель Пфайффер) келип жашап калат, анын эртеси алардын эки баласы келип, бири-бири менен мушташып иниси агасын өлтүрүп алат.
Айтор, тааныбаган эле бирөөлөр үйүн өз үйүндөй кылып жашап алганына Грейс бир чети корксо, бир чети алардын уятсыздыгына таңданып бүтпөйт.
Тасманын мындан аркы сюжетин сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес, окурман, аны сөзсүз көрүшүңүз керек. Анткени жай турмуш менен башталган тасма ортосуна келгенден кийин көрөрманды кандайдыр бир түшүнүксүз окуяларга жетелейт. Режиссёр тасмасы аркылуу эмнени айткысы, жеткиргиси келгенин кинону көрүп бүткөндөн кийин деле көпкө түшүнбөгөндөр чыкса керек. Кинонун аягы коркунучтуу, үрөй учурган окуялар менен коштолуп, экранды тиктеп отургандарды түрдүү эмоцияларга бөлөйт.

ЖЫЛДЫН ТАЛКУУ ЖАРАТКАН ТАСМАСЫ

Венеция кинофестивалында аталган кинону эң чырдуу тасма деп жазып чыгышкан. Көрөрмандар эки жаатка бөлүнүп, айрымдары мактаса, айрымдары фильмдин оңой менен түшүнө албаган, татаал сюжетин жактырышкан эмес. Ал эми режиссёр Даррен Аронофски: «Менин тасмамды эл түрдүү кабыл алып жатса, демек, максатыма жеттим. «Эне!» тасмасы панк-фильм, көрөрманды таң калтырууну максат кылганбыз. Фильмдин сценарийин жазып жатканымда абдан капалуу элем, ичимде толтура жагымсыз эмоциялар чогулуп кетти, мен ошол эмоцияларды эле тасмамда чагылдыргым келди»,- деп айткан.

КИНОСЫНЧЫЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Киносынчылар «Эне!» тасмасында режиссёр Аронофски көркөм элестүү образдарды колдонгон» дешет. Тагыраагы, Аронофски буга чейин диний «Ной» тасмасын жараткан, тарткан фильмдеринде уламыштардын каармандарын көп колдонот. «Эне!» фильминде да Библиядагы мотивдерди кездештирүүгө болот. Мисалга, Илай – Кудай же чиркөө, Грейс – Жер эне, күтүүсүз келген коноктор – Адам менен Ева, алардын эки уулу – Каин менен Авель. Тасмада Илай менен Грейс уулдуу болот. Алардын ымыркайын эл өлтүрүп, баланын этин жеп салышат. Ал эпизоддогу ымыркайды Иисус деп жоругандар бар.

Фильмдин Венеция кинофестивалындагы бет ачарында көрүүчүлөр «уу-уу» деген үндөр менен тасмага нааразы экенин билдиришкен. Бирок жактырып кол чапкан көрөрмандар да болгон.

Тасманын режиссёру менен актёрдук курам фильмдин бет ачарында.
Даррен Аронофски менен Женнифер Лоуренс азыр жарашыктуу түгөйлөр.
Тасмада Грейс жолдошунун күйөрмандарынын таламында калат.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан