Бабанов: «ИСАЕВГЕ МЕНИ КОЛДОГОНУ ҮЧҮН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»

КАНАТ ИСАЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

15-октябрдагы президенттик шайлоо жакындаган сайын өлкөдөгү саясий абал курчуп баратат. 30-сентябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын мурунку лидери, депутат Канат Исаевге «төңкөрүш уюштурууга камынып жатат» деп кылмыш ишин козгоду. Көп өтпөй Исаев УКМК тарабынан кармалып, 2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алды. Канат Исаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 27- (кылмышка даярдануу), 233- (массалык баш аламандыктарды уюштуруу), 295- (бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
УКМК менен башкы прокуратуранын айыптоосун кыскача айтканда шайлоодо Өмүрбек Бабанов жеңилип калса, Канат Исаев «добуштар фальсификацияланды» деп өлкөнүн көп аймагында чыр чыгарып, ошонун шылтоосу менен бийликти басып алмакчы экен. Иликтөөнү жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамлекеттик төңкөрүш жасоого даярданып жаткан» деп айыптап, «Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо жеңишке жетпей калса, «добуштар жасалмаланган деген» шылтоо менен мыйзамсыз бийликке келүүнү пландашкан. Аны ишке ашыруу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча берген»,- деп билдирүү таратты.

ИНТЕРНЕТКЕ ТАРАГАН ШЕКТҮҮ ВИДЕО

Исаевге кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат чыгардан бир аз убакыт мурун интернетке видео таратылып, анда Канат Исаев белгисиз адамга акча берип жаткан учур тартылган. Бирок ал видеодо Канат Исаев тарабынан «баш аламандык уюштурабыз, Ак үйдү же бийликти басып алабыз» деген өңдүү бир да сөз айтылган эмес. Видеону депутат менен жолугуп, акчаны алып жаткан адам билдирбей тартканы жөнөкөй адамга деле түшүнүктүү болуп турат. Ал адамдын даярданып барганы анын атайын багытта берген суроолорунан байкалып турат. Видеонун айрым бөлүктөрү кесилип калганы тасманын ылдыйындагы убакытты көрсөтүп туруучу жеринен далилденди.
Жогорку Кеңештин депутатын ушул видеонун негизинде эле жогорудагыдай оор кылмыштарга айыптап кармап, камакка алуу оңой болмок эмес. Андыктан интернетке бул видео менен удаа эле эки эркектин сүйлөшүүсү жазылган аудиожазуу да таратылды. Ал жазууда экөө «Канат Исаев шайлоодон кийин баш аламандык жаратууга балдарды даярдап, акча таратып жатат» деген мааниде сүйлөшүп, бир нече миллион сомдор тууралуу сөз жүрөт. Бул эки адам маңдай-тескей отуруп алып, кагазга бирөөлөр жазып берген текстти шашпай, жаңылбай окуп чыккандай элес калтырышат. Бул эки адам кимдер экени да белгисиз. Интернетке тараган тасма ал экөөнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Чыңгыз Жумагулов жана Улан Барчакеев деп белгилеген текст менен коштолгон. Сүйлөшүп жаткан эки адам чын эле ошолор экендигин далилдеген эч нерсе жок экендигине карабай мамлекеттик маалымат каражаттары бул тасмаларды далил катары, факт катары сүрөттөп, коомчулукка таратуу менен алек болушууда.
Депутаттын тарапташтары, бийликтен да, оппозициядан да көз карандысыз жарандык активисттер, УКМК тармагында мурун иштеп кеткен эксперттер бул эки адамдын сүйлөшүүсү кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрүнүн адаттагы сүйлөшүүсүнө окшошпой турганын, ал сүйлөшүү атайы даярдалгандай элес калтырарын бир ооздон билдиришүүдө. Исаевдин жактоочулары аталган видеодогу акча үгүт иштерине коротула турган каражат болгон деп маалымат беришүүдө. УКМК «Исаевдин кылмышы аны менен кошо кармалган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү аркылуу далилденүүдө. Учурда тергөө тарабынан бул ишке катыштыгы бар адамдар, алардын кылмыш ишиндеги орду такталууда» деп билдирүү таратты. Исаев менен жолугушуп, акча алган адам видеону өзү тартып берген соң, демек, ал тергөөдө да «керектүү» көрсөтмө берери түшүнүктүү. Мына ушул жагдайлар коомчулукта «бийлик оппоненттерин жарыштан сүрүп чыгаруу үчүн кылмыштуу дүйнө менен кызматташууда» деген кескин сындарды жаратты.

ИСАЕВДИН ИШИ БАБАНОВГО БАСЫМБЫ?

Канат Исаев президенттик шайлоодо талапкер Өмүрбек Бабановду колдоорун айтып, экөө бирге эл менен жолугушуп жүргөн. Саясий серепчилер Исаевдин камалышын бийлик талапкерине негизги атаандаш болуп жаткан Бабановго карата кысым деп баалашууда. Өлкөдөгү саясий абал, Исаевдин камакка алынышы боюнча Өмүрбек Бабанов 1-октябрда чукул маалымат жыйын өткөрүп, тарапташынын камалышын бийликтин кезектеги кысымы, каралоосу деп атады. «Мен Канат Исаевдин принципиалдуулугун билемин. Видеонун бир да жеринен Исаевдин «келгиле төңкөрүш жасайлы» дегенин уккан жокмун. УКМКда «мындай бара берсе Бабанов биринчи турда өтөт» деген сөз болуптур. Мен алдыда кетип жатсам мага төңкөрүштүн эмне кереги бар? Исаев боюнча видеодо эптеп эле менин атымды кошконго аракет жасашыптыр. Канат Исаевге мени колдоп чыкканы үчүн кылмыш иши козголду»,- деди Бабанов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан