САПАР ИСАКОВ «МАНАС» АЭРОПОРТУНА КҮТҮЛБӨГӨН РЕЙД ЖҮРГҮЗДҮ

Премьер-министр Сапар Исаков 4-октябрда «Манас» эл аралык аэропортуна алдын ала пландалбаган рейд жасап, көйгөйлөр боюнча өкмөт мүчөлөрүнө бир топ тапшырмаларды берди.
Өкмөт башчы буга чейин аэропорттогу ыңгайсыздыктар, кемчиликтер, тейлөө кызматкерлеринин оройлуктары боюнча жарандардан арыздар, сындар көп түшкөнүн айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары да мекемеге тийиштүү маселелерди далай ирет жазып келишкенин белгиледи. «Жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылуу зарыл. Адистерибиз дүйнөлүк тил болгон англис тилин тез арада үйрөнүшү керек. «Манас» аэропорту – өлкөнүн негизги аба дарбазасы. Учуп келген ар бир жаран өзүн ыңгайлуу сезиши шарт»,- деди Сапар Исаков.
Премьер-министр тийиштүү өкмөт мүчөлөрү менен ушул эле күнү жыйын өткөрүп, жарым жыл ичинде күтүү залын жана паспорттук көзөмөл жайын кеңейтип, аба алмаштыруу системин модернизациялоо тапшырмаларын берди. Ошондой эле 1-ноябрга чейин «Манас», «Ош» аэропортторуна «электрондук дарбаза» орнотууну тапшырды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан