Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «ҮЙДӨ МЕНИН БУЮМДАРЫМ КӨП. АПАМ КҮЙӨӨГӨ КЕТСЕҢ ҮЙ БОШ КАЛАТ ГО ДЕП ТАМАШАЛАЙ БЕРЕТ»

– Үйүм Ош шаарындагы Жапалак айылында. Мен ушул үйдө туулуп-өскөм. Учурда ата-энем менен турам. Чоң тамыбызды оңдоп-түзөп жаткандыктан, чакан там салып алганбыз. Чарбагыбыз 20 сотых. Мөмө-жемишти сатып албайбыз, алма багыбыз бар. Андан сырткары помидор, бадыраң сыяктуу жашылчаларды айдайбыз.
КИРЕ БЕРИШ
– Сырткы жумуштардан көрө үй ичиндеги иштерди кылганды жакшы көрөм. Тазалыкты жактыргандыктан бош убактымды үй тазалаганга кетирем. Негизи шашпай кыймылдайм, бирок майын чыгара жасайм.

ЭС АЛУУЧУ БӨЛМӨ
– Бул биздин үй-бүлөнүн эс алуучу бөлмөсү. Чакан конокту ушул бөлмөдөн узатабыз. Гүлдөр апамдын колунан жакшы өсөт. Мен эргүү издегенде ушул бөлмөгө келем. Отуруп алып компьютерден репертуар тандоо үчүн ыр угам, ыр жаттайм.

КОНОК БӨЛМӨ
– Досторум, туугандарыбыз келгенде ушул бөлмөдөн узашат. Конок бөлмөнүн жасалгаланышына салымым чоң. Интернеттен карап ушул стилди тандап, үйдөгүлөргө сунуштагам. "Канча бут кирсе, ошончо кут кирет" дегендей, мен дагы конок тосконду жакшы көрөм.

УКТООЧУ БӨЛМӨ
–Менин бөлмөмдө көчөгө жана сахнага кийилчү кийимдер турат. Сезонго жараша кийимдеримди алып чыгып коём. Диплом, мактоо баракчаларым да ушул бөлмөдө. Апам «үйдө сенин буюмдарың көп, батпай калды. Күйөөгө тийсең үйүбүз бош калат го» деп күлүп калат.

АШКАНА
– Менден улуу эжем болгондуктан тамак жасаганды кеч, 10-классымда үйрөнгөм. Палоону өтө даамдуу жасайм деп мактанып кетейин. Азыр оңой болуп калбадыбы, бардык тамактын рецебин интернеттен таап аласың. Ар кандай тамак жасап эксперимент кылганды жактырам. Бирок, чынын айтайын, акыркы учурда ашканада көп болбой калдым. Чыгармачылыкка тыкыр аралашканы күндүз кечке көчөдө иштерим менен жүрөм, кечинде тойлордо болом.

Сүйүн Кулматова
Өмүрбек Дүйшөбаев
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Жаман сындап койосунарго негизи чон зангыран уйдо жашап ынтымагы жок бактылуу болуп жашай албагандар канча.Негизи ошол кичине уйдо ынтымактуу жашаса болду да.
Ушул ырчыны жакшы кором да
Мунусу эми кайсы ырчы? Башын адашат жон эле. Эмне деген ырлары бар, билгендер ссылкасын жонотуп койгулачы? Угуп королу.
Уйдо менин буюмдарым коп десе эле сразу мебелди элестеткен селер да кызык экен синер?
Озунорду укмуш элестетесинерда силерге бироону жамандатып эле койсо. Бироо мн ишинер канча!
Эс алуучу болмодогу обоинин ону тескерисинче чарчатат го, уйдун сырты сонун корунот экен
Бирөөнү сындагандан көрө өзүнөрдүн дагы карап алсаңар болмок.
Мактанганын деле байкабадым буюм деп озуно тиешелу кийим кечесин айтып атса керек да, куйоого тийгенде мебельдерди кошо ала кетмек беле? кичине обу мн сырдасанар "сынчынын сынар отугу майрак" деген ушулда ))
- эх ушинтип сын айтканды качан коесуңар??? Сын айтуу оңой,бирок ошол сынды көтөрүү оор. Маалымат катары окуп койсо ашыктык болбойт эле.
Ээ бышкан ашка сынчы коп силер башта ушул ырчыдай болуп эл астына чыгып алгыла андан кийин сындай бергиле
Супер инфо коноко барган болсо. Келгиле деп көрсөткөн да үйүн. Барына шүгүр кылалы. Мактанган да эмеско. Барын бардай эле көрсөтүптүр. Жогун эми алаттыр.Ийгилик иштерине. Сын таккандар асмандан түшкөн болбогулачы.
Уйу сонун экен,уну да жакшы таланттуу,жонокой кыз
Биздин каныбызга синип калган бироо алдыга кадам таштаса коро албай буттан тартмай ..... Жакшы кеп айтуу кыйында ......
Менден улуу эжем болгондуктан тамак жасаганды кеч, 10-классымда үйрөнгөм. дейтго, мен 5 эжем бар, тамак жасаганды 6-7 жашымда эле уйронуп жасап баштагам))))