ЭЛЬ-КЛАСИКОНУН ДООРУ БҮТӨБҮ? КАТАЛОНИЯ ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ҮЧҮН КҮРӨШҮҮДӨ

1-октябрда Испаниядагы Каталония автономдук облусу көз карандысыздык үчүн бир жактуу референдум өткөрдү. Испан бийлиги тарабынан колдоо таппаган бул максат бийлик жана көз карандысыздыкка умтулгандардын ортосунда кагылыш жаратты. Эгерде картада жаңы мамлекет пайда болсо, анда дүйнөнүн мыкты делген «Барселона» футболдук клубу дагы ири өзгөрүүгө дуушар болот.

МЫЙЗАМСЫЗ ДЕП БААЛАНГАН РЕФЕРЕНДУМ

2014-жылдын 13-апрелинде Испан парламенти тарабынан Каталониянын өз алдынча бөлүнүү үчүн референдум өткөрүүсүнө тыюу салынган. Ага карабастан аталган аймактын эли Испаниядан бөлүнүп чыгууну көздөп көз карандысыздык үчүн бир тараптуу референдум өткөрдү. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында орун алган референдумга каршы чыккан бийлик менен каталониялыктардын ортосунда кагылышуулар орун алып, ал баш аламандыкта 850дөй жаран жабыркады. Испан полициясы жана жарандык гвардиянын кызматкерлери Каталониядагы референдумду үзгүлтүккө учуратуу үчүн шайлоо участокторунун 90ун жапты. Ал эми Мадрид эч кандай референдум болбогонун жарыя кылды.

ИСПАНИЯ РЕФЕРЕНДУМДУ ТААНЫГАН ЖОК

Каталония – Барселона, Жирона, Льейда, Таррагона деген 4 провинциядан түзүлүп, аймагы 32 102 чарчы чакырымды ээлейт. Ал 15-кылымдан бери Испаниянын курамында автономдук аймак катары турат. Калкынын саны 7,5 миллион, алардын 45 пайызын испандар, 35 пайызын каталондор, калган 20 пайызын башка улуттун өкүлдөрү түзөт.
3-октябрга карата Каталония өкмөтүнүн билдиргенине караганда, шайлоого укугу бар жарандардын 42 пайызы референдумга катышып, анын 90 пайызы Испаниядан көз карандысыздык алууга макул деп добуш берген. Каталониянын президенти Карлес Пучдемон эгемендүүлүккө дээрлик жеткенин, референдумдун жыйынтыгын Каталония парламенти караарын айтса, испан бийлиги референдумду да, анын жыйынтыгын да тааныбасын билдирди.

«БАРСЕЛОНА» КАЙДА БАРАТ?

Каталониянын эгемендик алышы анын спорттогу ордуна чоң таасирин берет. Бул автономдук аймакта «Барселона», «Эспаньол», «Жирона» сыяктуу ири футболдук клубдар бар. Эгерде аталган аймак акыры суверенитет ала турган болсо, андагы клубдар Англия Премьер-Лигасы, Италиянын "Серия А" же коңшулаш Франциянын "Лига 1" мелдештеринин бирине катыша аларын Каталониянын спорт министри Жерар Фигуерас билдирди. Шартка ылайык, бул беделдүү турнирлерге кошула турган жаңы клуб тандоо турун, андан кийин бир нече тепкичти басып өтүүсү керек болот. Бирок күйөрмандардын тынчын алган суроо – «Барселона» кайсы өлкөнүн чемпиондугуна катышат, ушунда. Аны менен катар бул клубдагы футболчулардын баары каталондуктар эмес, Суарес, Месси сыяктуу футболчулар башка клубдарга өтүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан Каталония эгемендик алса да, «Барселона» клубу коммерциялык кризиске дуушар болот деген жоромолдор күчүндө.

ЭЛЬ-КЛАСИКО ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫНДА УЛАНАТ

Ооба, эгер дүйнө Каталонияны көз карандысыз өлкө деп тааныса, анда дээрлик бир кылымдык тарыхы бар Эль-Класиконун доору бүтөт. Тагыраагы, Ла Лиганын алкагындагы доору. Футболдук брендге айланган «Барселона» менен «Реал Мадрид» клубдарынын 1927-жылдан бери Испан чемпиондугундагы беттештер дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп келет. Эми бул жарыш Чемпиондор Лигасында гана уланып, «Реал Мадрид» өзүнө Испан чемпиондугунда жаңы атаандаш табышы мүмкүн. Балким, убакыттын өтүшү менен мадриддик «Атлетико» же учурда Ла Лигада алдыңкы үчилтикте келаткан «Севилья», «Валенсия» командалары «актарга» татыктуу атаандаш болуп, Испаниянын футбол боюнча чемпионатынын кызыгын мындан ары да арттыра алат, ким билет?

КӨРҮҮЧҮСҮ ЖОК БЕТТЕШ, ШЫЛДЫҢГА КАБЫЛГАН ПИКЕ

Жекшембиде Ла Лиганын кезектеги турунда «Барселона» менен «Лас Пальмас» клубдары «Камп Ноу» стадионунда күйөрмандары жок беттеш өткөрүштү. Каталониядагы кырдаалга байланыштуу үй ээлеринин оюнду жылдыруу суранычын Ла Лига жетекчилери кабыл алган эмес. Ошентип ээн стадиондогу эки клубдун беттеши 3:0 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктап, миңдеген күйөрмандар стадиондун сыртында гана калышты.
Ал эми 2-октябрда Испания футбол курама командасы машыгуу өткөрүп, ага каталондук Жерар Пике да катышкан. Машыгуу ачык түрдө өткөндүктөн, ага күбө болгон Испания курамасынын фанаттары Пикенин дарегине мазактоо сөздөрүн айтып, машыгууну 23-мүнөттө токтотууга аргасыз кылышкан. Азыр эле бул окуянын айынан ушундай жагдайлар орун алып жатса, кийинкилери мындан да орчундуу болушу ыктымал.

КАТАЛОНИЯНЫН КУРАМЫН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДОРУ ТҮЗӨТ

Каталония өз алдынча мамлекет болууга жумшаган аракетинин акыбети кайтса, өлкө футбол боюнча курама команда түзүшү керек болот. Жаңы курам түбү каталониялыктарды чогултса, Европадагы күчтүү курамдардын бири болуп калат. Себеби дээрлик көпчүлүк каталондуктар мыкты футболдук клубдардын катарын толуктап келишет. Алсак, "Барселонанын" тарбиялануучулары Альба, Фабрегас, Бартра, Бускетс, Кркич жана башкалар. Бул курамдын «Барселонадан» айырмасы Мессинин жоктугу менен гана болчудай. Ал эми башкы машыктыруучуну чет өлкөдөн издебей эле койсо болот. Жаңы түзүлгөн курама командага машыктыруучу болуп бер деп каталондук Пеп Гвардиоладан суранып кереги жок. Жеткен патриот Гвардиола айттырбай эле өзү чуркап барат. Ал Англияда жүрүп почта аркылуу референдумга катышып, эгемендүүлүктү колдойм деп добуш бергенин коомчулукка билдирди.


Алтынай Тынышова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aksuu_aduk
2017-10-10 13:08:51
Сборный Католония болот екенда.Эгер референдум ийгиликтуу отсо
+1
Kanybek121195
2017-10-10 13:52:29
Барибир Испания кучтуу болот.Иско Марко Асенсио деген Футболистер осуп келетат.Болунсо Эль класикону аз коруп калат екенбизда
+2
Orozbaev
2017-10-11 10:00:26
Бөлүнбөсө жакшы болот эле эх
0
rockman
2017-10-12 02:10:27
Бир нече тепкичти басып өткүчө "Биз Барсанын күйөрмандары" "Глор" болуп кетебизби дейм да...
+2
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан