ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 9-октябрдан 15-октябрга чейин



КОЙ (21.03-20.04)
Бул жумада бөтөн шаардык жана жогорку рангдагы адамдар менен чогуу иш алып барасыз. Негизинен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Бирок ошого карабастан айрым адамдардын көрө албастыгына туш болосуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрым жашыруун аракеттердин астында жеке жана акча иштерин жакшы ишке ашырасыз. Эс алууга, балдарыңызга белгилүү бир суммаларды жумшайсыз. Бул акчалар негизинен балдарыңыздын негизги керектөөлөрүнө сарпталмакчы.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада достор, өнөктөштөр менен бирге көп жумуштарды жасайсыз. Кыска мөөнөттүү жолго чыгуулар болот. Бул нерселерди ишке ашырууда үй-бүлө мүчөлөрүнүн нааразычылык, каршылыгына дуушар болосуз. Эң негизгиси ачууга алдырбаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуш жана кирешенин жакшы болуп жаткандыгына карабастан иш кагаз, документтер жагына этият болуңуз. Өз милдетиңизди чектен ашыра аткарууну ооздуктаңыз. Антпесеңиз курч мүнөздөгү айтышуулардын болуп кетиши турган сөз. Ушактарга кириптер болушуңуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Купуя аракеттердин астында жана кирип жаткан кирешелерге байланыштуу үй чарбалык суроолорду жакшы орундатасыз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен жакшы тил табышасыз. Бирок белгилүү бир убакта кыйкымчылдыгыңызды көрсөтөсүз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Күмөндөнүүнү жыйыштырып, оюңуздагы планды ишке ашырууга кезек келди. Бирөөлөрдүн ишин моюнуңузга үйүп албай, кеңеш берүү менен кутулуңуз. Оору жугузуп албоо үчүн көпчүлүк чогулган жерге барбай коюу акылдуулук.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өнөктөштөр, туугандарыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Иш кагаздар, жолдо жүрүү маселеси каралат. Диспуттар жүрөт. Бул суроолордун жакшы же жаман чечилиши кеңешмеге катышкан ар бир адамдан көз каранды. Айрыкча жашыруун иштерди жүргүзүүдө этияттык зарыл.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жумуш жана каржы маселеси ойдогудай кетет. Ошого карабастан достор, кесиптештериңиз менен түшүнбөстүктөр келип чыгат. Буга негизинен туура эмес бөлүштүрүлгөн же көбүрөөк сарпталып кеткен акча себеп болушу мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиз бул жумада көңүл борборунда болуп, лидерликти колго аласыз. Баарын акылга калчап чечесиз. Аптанын жагымсыз жагына жетекчиликтин айрым бир маселеге аралашуусу кирет. Көңүл бурбаңыз. Билимдүүлүк, талантыңызды пайдаланып алга карай жыла бериңиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада купуя, жашыруун операцияларды көшөгө артынан жетектейсиз. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Жакындарыңыз сизди кубантат. Бөтөн шаардык адамдар, текшерүүчү органдар тарабынан көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Достор, кесиптештер менен тыгыз байланышта болосуз. Пайдалуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жагымдуу кабар угасыз. Ушул эле адамдар менен алака кылууда каржы жагы, бөтөн буюмдар боюнча келишпөөчүлүк келип чыгат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетекчилик, таасирдүү адамдар менен чогуу иш алып барасыз. Айрыкча каржы маселеси жагынан. Баары ойдогудай болот. Бирок бул иштерди ишке ашырууда айрым өнөктөштөр, мыйзам өкүлдөрү тараптан бут тосуулар болот.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө: 9-октябрдан 15-октябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
a.jazi97
2017-10-10 14:16:53
Туура чыкпайт таптакыр
0
№ 779, 6-12-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан