Өз колуң менен жакын адамыңа белек жасаган жакшы эмеспи. Андыктан бул жолу өз колуң менен дарак жасап көр.
Бул үчүн ашкабактын даны, катуу ак барак, түстүү боёк керек.
Алгач ак баракка дарак тартып ал. Тегиз түшүү үчүн трафарет колдонсоң болот.
Дарактын бутактарын күрөң түс менен боёп кой.
Эми ашкабактын данегин жууп, кургатып алып аны гуаж, акрил сыяктуу боёк менен сары, кызыл, алтын түскө боёп чык.
Эми дарактын ар бирин алып жакшылап тыкан кылып клей менен чаптап чык.
Мына алтын түстүү күзгү дарак пайда болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.