"КОРКУТУП ЖАТЫП 3 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРИН 2 ЭСЕ АРЗАН САТТЫРЫШКАН"
Жакында милиция кызматкерлери тарабынан «адамдарды уурдап жана коркутуп ири өлчөмдөгү акча талап кылган» деп шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар ИИМдин атайын каттоосунда турган. Топтун башчысы тегерегине өзү сыяктуу мурда соттолгон жарандарды чогулткан. ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кандайча колго түшүп калганын төмөнкүчө айтып берди:
– Ушул жылдын 5-сентябрь күнү болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында 25-35 жаштардагы белгисиз 6-7 адам өздөрүн белгилүү кримтөбөлдүн уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, борбор калаанын 37 жаштагы тургунун коркутуп,
160 миң АКШ доллар акча берүүсүн талап кылышкан. Алгач кылмышкерлер анын артынан бир нече күн акмалап, кайсы убакта кайсы жактарга барарын изилдешкен. Ишкер баласын алуу үчүн Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринде жайгашкан бала бакчага келгенде кылмышкерлер ага күч колдонуп Хонда үлгүсүндөгү унаага салып, Ала-Арча капчыгайына алып барышкан. Ал жерден кылмышкерлер ишкерди уруп-сабап коркутуп, ири өлчөмдөгү акча талап кылышкан. «Акча бербесең өлтүрүп, сууга ыргытып салабыз» деп коркутушат. Андан соң аны Чүй облусундагы айылдардын бириндеги үйгө алып барышып, дагы сабашат. «Азыр акчам жок» деген ишкерди апасына чейин телефон чалып акча таптырууга мажбурлашкан. Ошентип кылмышкерлер коркутуп жатып, ишкердин апасы уулун бошотууга тез арада акча табуу үчүн Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирин базар баасынан 2 эсе төмөн сатып жиберген. Кылмышкерлер 20 миң АКШ долларын алган соң гана жалпы 8 сааттай кармап туруп ишкерди коё беришкен. Анда да «Үйүңдү билебиз. Эгер укук коргоо органдарына кайрыла турган болсоң, үй-бүлөң менен кошо жок кылабыз» деп коркутуп, анан кетиришкен.
"ДАГЫ ҮЧӨӨ ИЗДӨӨДӨ"
– Бирок бир аз күн өткөндө ошол эле кылмышкерлер ишкерден дагы 140 миң АКШ доллар өлчөмдөгү акча талап кыла башташкан. Бул жолкусунда жабырлануучу милицияга арыз жазган. Жогорудагы фактылар боюнча милиция кызматкерлери тиешелүү материалдарды топтоп, анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо), 125-беренеси (мыйзамсыз эркинен ажыратуу) жана 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кылмыштуу топтун башчысынын аты-жөнү такталып, ал 2006-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турганы билинген. Ошондой эле жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн дагы аты-жөндөрү такталган. Кылмышкерлер талап кылган акчанын бир бөлүгүн алууга макулдугун беришип, акчаны алып келүүгө өздөрүнүн адамдарынын бирин жөнөтүшкөн. 21-сентябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын жанынан 500 долларды алып жаткан жеринен 1976-жылы туулган Д.А. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну кармалган. Андан соң Чүй облусунун Аламүдүн районунда ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топтун башчысы, 1977-жылы туулган Б.Н. аттуу Ысык-Ата районунун жашоочусу кармалган. Ал мурда да «опузалап талап кылуу» фактысы менен кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган. Андан кийинки күнү бул кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда каракчылык кылганы үчүн соттолгон 1985-жылы туулган А.Э. жана мурда «тоноо», «бейбаштык» фактылары менен соттолгон, 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын Ж.Т. аттуу жашоочулары кармалган.
Аталган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жасаган иштерин моюндарына алышкан. Дагы 3 адам бул кылмышка шектүү катары издөөдө. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg