КАРАЖАТЫҢЫЗДЫ БАЙПАКТА ЭМЕС, БАНКТА САКТАҢЫЗ


2017-жылдын 9-октябрь күнү Кыргызстанда Дүйнөлүк жыйым (аманат) топтоо күнүн майрамдоо салтанаты старт алды. Бул тууралуу атайын маалымат жыйыны уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Берг Ирья жана Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассалар фондусунун аймактык менеджери Киниц Ульрих катышып, жыйым топтоо күнү деген эмне, анын калкка кандай пайдасы бар жана башка көптөгөн элди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Адистердин айтымында, иш-чаранын негизги максаты – жыйым топтоого үндөө жана ар бир адамда жыйым топтоо маданиятын, табитин калыптандыруу аркылуу ишенимдүү келечекти куруу болуп эсептелет. Бул иш-чаралардын алкагында коммерциялык банктар жогоруда аталган Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассасы фондусунун эксперттери менен биргеликте бүтүндөй республика боюнча балдар жана чоңдор үчүн ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруп, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды өткөрүп, коммерциялык банктардын кеңселерине жана Улуттук банктын музейине экскурсияларды өткөрүү пландалган. Жыйым топтоо калкка канчалык пайдалуу жана анын маани-маңызы тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Карабаева Аида Мырзакуловнага кайрылып, бизди кызыктырган суроолорго жооп алдык.

– Саламатсызбы, Аида Мырзакуловна. Жыйым топтоо күнү же аманат жумалыгын өткөрүүнүн максаты эмнеде? Алгач ушул тууралуу айтып берсеңиз.
Саламатчылык! Биз дүйнөлүк аманат күнүнө карата аманаттар жумалыгын белгилеп жатабыз. Ошого жараша биздин калк аманаттар тууралуу кененирээк маалымат алышсын деп алдыга максат койгонбуз. Ушундай иш-чаралар 1924-жылдан бери өткөрүлүп баштап, 1990-жылдан кийин салтка айланып уюштурулуп келет. Бул ишти жыйым (аманат) топтоо маданиятына элди үйрөтүү менен банктарга болгон калктын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу аракети десем жаңылышпайм. Биздин калкка жыйым топтоо маданиятын жайылтып, жеткирүүгө шарт түзүү максатында алгач журналисттер менен жыйын өткөрүп, жыйым топтоо күнүнүн старт алганын жарыяладык. Аманат жумалыгынын алкагындагы иш-чараларга жергиликтүү 5 коммерциялык банк катышат. Жумалыкты өткөрүү боюнча атайын программа түзүлгөн. Ал тууралуу кененирээк маалымат Улуттук банктын http://www.nbkr.kg сайтына тиркелди. Эгерде балдар менен жүргүзүлүүчү кандайдыр бир иш- чаралар элди кызыктырса, ошол программа менен таанышып, ага катышууга болот.

– Улуттук банк буга чейин эле калктын сабаттуулугун жогорулатуу керек деп коңгуроо кагып келе жатат. Ал эми бул жергиликтүү иш чарага карата Германиялык кесиптештердин салымы кандай болду экен?
Негизи жыйым топтоо күнүн өткөрүү – бул өкмөт тарабынан 2016-жылы кабыл алынган программанын алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында жүрүп жаткан иш-чаранын бири. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну мектептен башташ керек деген бүтүмгө келгенбиз. Андыктан 5-6-класстын окуучуларынан баштап, андан кийин студенттерди жана улуу жаштагыларды үйрөтүү үчүн Германиялык фонддун жардамы менен 240 мугалим ар кандай лекциялардан окуп өтүштү. Ошондой эле, жергиликтүү банктарда дагы адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында “Жаш адистерди даярдоо” атайын программасынын алкагында 246 адис дуалдык (окуунун теориялык бөлүгү уюмдун билим базасында, практика бөлүгү иш ордунда өтөт) окуудан өтүштү. Мунун дагы салымы зор болду десем жаңылышпаймын. Ушуну менен быйыл үчүнчү жыл дүйнөлүк аманат күнүн өткөрүп жатабыз. Мында аманат кассасы фондусу жардам берип, атайын программаларды, иш-чараларды иштеп чыкканбыз. Эксперттер Европада кандай программаларды сунуштаса, биздин калкка дагы дал ошондой кылдат мамиле менен иш-аракеттерди сунуштап жатышат.

– Мектептерде да калктын сабаттуулугун жогорулатууну уюштуруп жатабыз дедиңиз, алгачкы жыйынтыктарын берип баштадыбы?
- Негизи азыркы күндө бардык аймактарда финансылык сабаттуулук боюнча сабактар өткөрүлүп жатат. 2015-жылы атайын социологиялык сурамжылоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында биздин калктын 37 пайызы жетишерлик финансылык сабаты жок деп аныкталган. Учурда банктардагы депозиттердин жогорулашы, калктын насыя алууда кылдат мамилеси тууралуу статистикалык маалыматтын негизинде биздин калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында жүргүзүлгөн иш аракеттер бекер болгон жок деп айта алабыз. Бирок калктын финансылык сабаттуулугун кыйла жогорулатуу – өтө көп убакытты талап кылган, татаал процесс. Биз азыр ишти мектеп окуучуларынан баштадык. Бул алардын чоңоюп, өз бюджетин түзүп ишин баштаарда тийиштүү финансылык маалыматы бар инсандар болсун деген аракет. Ошондуктан 2-3 жыл ичинде калктын сабаттуулугу жогоруладыбы же жокпу деп айтканга эрте. Бул керек болсо 5-10 жылга чейин акырындык менен максатына жете турган иш. Биздин аймактардагы жарандар банктар тууралуу, алардын продуктулары тууралуу, кандай түрдөгү кредит алуу жана аны кантип алуу керек деген маалыматтарга ээ болушу үчүн көптөгөн жумуштарды жүргүзүп жатабыз.

– Кардарлар кантип акчаларын сактоосу керек деп сунуш кылат элеңиз?
- Кандай түрдө аманаттар болсо да, аны үйдө кармаган өтө кооптуу. Экинчиден банкка алып барып салуу менен кошумча киреше табасыз. Мисалы, 1000 сомуңуз болсо, банкка салып койсоңуз үйдө жатканга караганда ага пайызы кошулуп аз да болсо киреше алып келет. Азыркы күндө ар кандай шылуундар бар. “Эртең жогору пайыз менен акчаңды көбөйтүп берем” деп алдап, жоголуп кеткен окуялар көп эле кездешип жатпайбы. Айрыкча аймактарда финансылык жактан жетиштүү маалыматы жок жарандар ушундай жагымсыз жагдайларга туш болуп жатышат. Андыктан аларды алдын ала кабардар кылуу биздин милдетибиз болуп эсептелет.

– Аманаттарды коргоо системасы деген эмне?
- Аманаттарды коргоо системасы – бул жөнөкөй тил менен айтканда, жарандар тарабынан банкка аманат катары салынган акчаны кайтаруу боюнча кепилдик. Анткени ар бир адам банкка акча алып барып саларда ойлонот да, эртең кандай болот, акчамды кайра ала аламбы, колума кайра тиеби деп. Анткени акчаны карызга берип жаткандан кийин ойлонбой коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан кепилдик берүү аркылуу банктарга болгон калктын ишенимин жогорулатуу жана экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүү максатында, 2008-жылы аманаттарды (депозиттерди) коргоо тууралуу атайын мыйзам кабыл алынган. Себеби ар бир адамдын аз да болсо өзүнүн аманат акчасы болот. Аны үйгө сактабай, катпай, банктарга алып барып сактап коюу менен бирге кошумча киреше тапканга мүмкүнчүлүгү бар. Бул эмне үчүн керек? Анткени бул аманаттардын мааниси экономика үчүн зор. Бул аманаттар банкка келген күндөрү банктардын акча каражаттары көбөйүп, экономиканы кредиттөө мүмкүнчүлүгү да жогору болот. Бул канчалык банктын каражаты көп болсо, экономиканы арзаныраак насыя менен кредиттөөгө мүмкүнчүлүгү жогорулайт дегенди түшүндүрөт. Жогоруда аталган аманаттарды коргоо тууралуу мыйзамга ылайык, аманаттарды коргоо фонду да түзүлгөн. Ал коммерциялык банктардын чейрек сайын салуучу салымдарынын негизинде топтолот. Учурда аманаттарды коргоо фондунда 1 миллиард 700 миллион сомго жакын акча топтолгон. Эгерде кандайдыр бир банк банкрот болуп калса, ар бир аманатчы 200 миң сомго чейин аманатын кайра кайтарып ала алат. 2008-жылдан ушул күнгө чейин бир дагы жолу банктарга аманатчылардын акчасын төлөп берүү фактысы катталган жок. 2011-жылдан бери 4-5 банк өздөрүнүн лицензиясынан айрылды, бирок ал банктар аманатчыларына болгон карыздарын өздөрүнүн каражаттарынан төлөп беришкен.

– Аманат боюнча кепилдик жана коргоону ким ишке ашырат?
- Аманатты коргоо системасынын иштөөсүнүн өзү – мамлекет тарабынан биздин аманатчыларга берилген кепилдик болуп саналат. Бул үчүн атайын аманаттарды коргоо агенттиги түзүлгөн. Ал агенттик жогоруда айтылган аманаттарды коргоо фондун топтоо боюнча иш жүргүзөт. Фондду топтоп, эгерде банк банкротко учураса, ошол аманаттарды төлөп берүү функциясын аткарат. Бул коммерциялык эмес мамлекеттик уюм.

– 200 миң сом өлчөмүндө кардар кепилдик катары мамлекет тарабынан ала алат деп айтып жатасыз, эгерде бир эле адам акчасын бир нече банкка салган болсо, анын аманаттары корголобу?
- Албетте, корголот. Мисалы, бир адам 5 банкка аманат салган болсо, анда ар бир банктан 200 миңге чейин каражатын кайрып ала алат. Биз айтып эле келе жатпайбызбы, бардык акчаларды бир жерге топтобош керек, ар башка инструменттер колдонулушу керек. Мисалы, бүгүн алтын куймаларын биз калкка сунуштап жатабыз. Алтын куймалары дагы аманаттын бир түрү болуп саналат. Ал эми депозит акчаларды түрдүү валютада бир эмес, бир нече банкка салган ылайыктуу жана ишенимдүү деп кеңеш берет элек.


Айгүл Молдобекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kroxa
2017-10-17 16:07:40
Кайсы банк кирешелуу??пайыздарын кошо жазсанар болмок..
+1
nurbegim_88
2017-10-20 00:02:16
Kroxa,сактасаң Сакта бирок жогорудагы үстөк ,пайыз деген бул сүткор болуп эсептелет...ошондуктан үстөгүнү албай эле койгонуң оң
0
№ 780, 13-19-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан