Бүгүн кореялыктар тарткан тасмаларды көргөн күйөрмандардын саны дүйнөнүн төрт бурчунда тең күн санап көбөйүүдө. Алардын сериалдары укмуштуудай популярдуулукка жетип, “Корея толкуну” деген атка конгон. Бул санда сиздерди Кореянын белгилүү мурунку жана азыркы “толкундары” менен тааныштырабыз.
“КОРЕЯ ТОЛКУНУ” ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кореянын массалык поп маданиятынын башка өлкөлөргө жайыла баштаганын дүйнө эли “Корея толкуну” деп атап алышкан. Мындай аталыш Кытайда пайда болгон. Анткени Кореянын алгачкы толкуну кытайлыктарды каптаган. Эң башында “Сүйүү деген эмне?” (“Сарани муогилле”) деген сериалдын укмуштуудай ийгилиги бүтүндөй Азия континентинин тургундарын кореялыктардын сериалын көрүүгө түртүп, арбап алган десек болот.
“КОРЕЯ ТОЛКУНУН” ЖАРАТКАНДАР же мурунку муундун өкүлдөрү
Пэ Ёнг Чжун
Туулган жылы – 29-август, 1972-жыл
Бою – 180 см, салмагы 67 кг
Билими – Сонгюнгван университети, Сүрөт искусствосу факультети
Хоббиси – Балык уулоо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары –“Кышкы соната”, “Жаңжал”, “Ата”, “Жупуну жаштык”, “Алгачкы махабат” ж.б.
Пэ Ёнг Чжун тасмадагы дебютун 1994-жылы баштап, 1999-жылга чейин түрдүү сериалдарга тартылган. Бирок окуусуна байланыштуу убактылуу кино чөйрөсүнөн четтейт. 2002-жылы “Кышкы соната” сериалына тартылып, экранга чыккандан кийин бүт Азияга таанылат. Атак-даңкка бөлөнгөн Пэге чет элден көптөгөн сунуштар түшүп, Кореядан Японияга көчөт. “Кышкы соната” тасмасындагы Кан Жун Сандын ролу аны “Корея толкунунун” башкы фигурасына айланткан.
Актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон “Ва-банк” сериалынан кийин белгилүү болгон. Ал корей, англис, француз жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. Голливудда “Кобранын секириги” деген тасмасы менен дебютун баштаган. Ли Бён Хон алгачкы жолу 1991-жылы кино чөйрөсүнө кадам таштап, башка тармактарда да ийгиликтерди жарата алган. Алсак, ал спорттун таэквандо түрү менен машыгып, мактанарлык натыйжаларга жетишкен.
Жунг Жи Хун (Би)
Туулган жылы – 25-июнь, 1982-жыл
Бою – 184 см, салмагы 75 кг
Хоббиси – Тасма көрүү, музыка угуу жана кийим чогултуу
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары – “Сүйүүнүн күчү”, “Сүйүктүү үй”, “Жүрү, мектепке барабыз”, “Апельсин” ж.б.
Жунг Жи Хун күйөрмандарына Би деген лакап аты менен таанымал. Ал корей тилинен которгондо “жамгыр” дегенди билдирет. Бир эле учурда актёр, ырчы, модель жана бийчи болуп иштейт. Тасмага тартылганга чейин 2002-жылы “Тентек жигит” деген алгачкы альбомун чыгарган. Ал 2007-жылы “J. Tune Entertainment” деген жеке компаниясын түзгөн. Би Кореянын режиссёрлору сунуштаган тасмаларга гана эмес, Голливуддун кинолорунда да роль жаратып келет. Бош убактысында сууда сүзүп, баскетбол ойнойт.
Ким Хен Жунг
Туулган жылы – 6-июнь, 1986-жыл
Бою – 180 см, салмагы 68 кг
Хоббиси – Гитара, пианинодо ойноо, бийлөө
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары – “Мыкты жигиттер”
Актёр жана ырчы Ким Хен Жунг – кореялык “SS501” поп тобунун башчысы. 2008-жылы “Рахмат” деген ыр альбомун чыгарган. Ал ушул эле жылы Хван Бо менен “Биз турмуш курдук” телешоу программасына катышат. Топтун катышуучулары ал жөнүндө: “Жунгдун жазууда сабаты начар, кечиккенди жактырат, көбүнчө эмоциясы жок жүрөт”,- деп мүнөздөмө беришет. Андан сырткары ал аябай уйкучу. “Мыкты жигиттер” сериалында Жунг өзүн ойногон. Бул сериалдагы “Анткени мен акылдан азганмын” деген ыр актёрго таандык.
Ким Сан Бом
Туулган жылы – 7-июль, 1989-жыл
Бою – 181 см, салмагы 63 кг
Хоббиси – Футбол, бейсбол ойноо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары –“Мыкты жигиттер”, “Турмушка чыккысы келген айым”, “Түш”, “Бейиштен Чыгышка карай”, “Олуттуу айымдар” ж.б.
Ким Сан Бом башка актёрлордон сырдуу жылмаюусу менен айырмаланат. Бала бакчага барганда Ким Сан Бомдун тобундагы кыздар дайыма аны айланып-тегеренип, жанынан чыгышчу эмес. Эгерде ал актёр болбой калса, сөзсүз футболчу болмок. Анткени мектеп курагында футболду жакшы ойноп, өз тобунда “бомбардир” атка конгон. Тасмага тартылардан мурун ал телешоу программага катышып калып, ал аркылуу элге таанылган. Ким Сан Бом 18 жашка чыкканга чейин 6 кыз менен мамиле курган.
Ли Мин Хо
Туулган жылы – 22-июнь, 1987-жыл
Бою – 185 см, салмагы 65 кг
Хоббиси – Футбол, бейсбол ойноо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары –“Мыкты жигиттер”, “Ойгон”, “Биздин мектеп” ж.б.
Ли Мин Хо тасмага 2005-жылдан баштап тартылат. Бирок “Мыкты жигиттер” тасмасындагы Гу Чжун Пё деген каармандын ролунан соң белгилүү болот. Бул тасмага тартылып жатканда ал жөнүндө ушак-айыңдар, анын ичинде бир мезгилде эки-үч кыз менен мамиле кургандыгы айтылган. Ал: “Мен эки коёндун артынан чуркагандардан эмесмин. Анын үстүнө мага ырчы же модель эмес, жөнөкөй жана адамгерчиликтүү кыздар жагат”,- деп журналисттердин демин сууткан.
Эльвира Караева
star@super.kg