
Вице-премьер-министр
Темир Жумакадыров жол кырсыгынан улам каза тапканына байланыштуу президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды эми биринчи вице-премьер-министр
Толкунбек Абдыгулов жетектейт. Мындай буйрукка премьер-министр
Сапар Исаков кол койду.
7-октябрь күнү вице-премьер-министр
Темир Жумакадыров Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Таласка шайлоого даярдыкты текшерүү максатында бара жатып КамАЗ унаасы менен кагылышкан. Жол кырсыгы Бишкек–Кара-Балта жолундагы Садовое айылында катталган. Натыйжада Тойота Прадонун ичиндеги
Темир Жумакадыров жана анын айдоочусу
Нурбек Муканов менен жардамчысы
Нурлан Жамгырчиев каза болгон. Унаа кырсыгына тиешеси бар КамАЗдын айдоочусун Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Темир Жумакадыров 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 2015-жылдан тарта Коопсуздук кеңешинин төрагасы, 2017-жылдын август айынан тарта коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп эмгектенип келе жаткан.
Жумакадыров өкмөттүк жыйындарда өлкөдө жол кырсыктары көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдирип, көйгөйдү жоюу үчүн тапшырмаларды берип келген.
Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрда болуп, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.
«Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты
Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!