Парламенттеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынан депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 5 жылга эркинен ажыратылды. Аталган өкүмдү 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды. Өкүмгө ылайык, Салянова жаза мөөнөтүн 12 жылдан кийин аткарат. «Кылмыш-жаза кодексине ылайык, соттолуучу 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка жеткенден кийин жазасын өтөйт. Мүлкү конфискацияланат»,- деп айтылат өкүмдө.Бектур Токтоноев
politika@super.kg