ЭЛДИ БАККАН ЖАҢГАК ТОКОЮ

Учурда жаңгактын мекени болгон Жалал-Абад облусунун Арстанбап өрөөнүндө жаңгак терим аяктайын деп калган кез. Биз Базар-Коргон районуна караштуу эл оозунда жаңгактардын мекени аталган Кызыл-Үңкүр токой чарбачылыгындагы жаңгак теримдин жүрүшү менен таанышып кайттык. Бул жердеги үйлөрдүн арты да, алды да, жол бою да, адыры да, кыскасы, кайсы жакты карабагын жаңгак. Бийиктиги 3 чакырымдай келген адырдын башында чатырда жашап жаткандарга да жолуктук.

«МЕКТЕП 1 АЙГА ЖАҢГАК ТЕРИМГЕ ЖАБЫЛАТ»

Адегенде адырдын төмөн жагында жаңгактар арасында салынган үй жана короодо күүлгөн жаңгактарды терип жүргөн айым көзгө урунду. Учурашып, сөзгө тарттык.
– Менин аты-жөнүм Майрамкан Табалдиева, 55 жаштамын. Бул айыл Ушак-Алма деп аталат. Ушул жерде туулуп-өскөм. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын аянты Арстанбап токой чарбасынын аянтына караганда чоң. Андыктан Кызыл-Үңкүрдө жаңгак көп. Бул үй күйөө баламдыкы. Биздин үй-бүлөгө булардын жанынан үлүшкө 1 гектар жаңгак тийген. Жылына жаңгак үчүн өкмөткө 1500 сом салык төлөйм. Үлүшкө бөлүнгөн жерлерге там салынбашы керек болчу, бирок минтип там салып жашап жаткандар көп. 1 гектар жерибизде 82 түп жаңгак бар. Ар түбүнөн жаңгак жакшы болгон жылдары 20 килограммдан алабыз. 3-4 жыл мурун түшүм жакшы болуп 1 тонна түшүм алгам. Быйыл 300 килограммдай болду. Жаңгактардын алды 150 жыл жашап койгондор. Токой чарбачылыгы токой арасына палатыларды (көчөттөрдү) тиккен болушат. Бирок көзөмөлдөгөн адам жок, аларды мал тепсеп жок кылат. Азыр жаңгактардын баары картайып баратат. Алар жок болсо, жаңгак токой да жоголот го. Эл жаңгакка кам көрбөй эле даяр бышканда келип жыйнап кетишет. Жаңгак бышкан кезде болжолу 20-сентябрдан тартып октябрдын аягына чейин тегеректеги мектептер жаңгак теримге жабылат. Жаңгактын килограммын былтыр 45-50 сомдон өткөзсөк, быйыл 100-110 сомдон өткөрүп жатабыз. Түркиялык компания жыйнап кетет. Биздин жаңгактар Түркиядан тышкары Орусия, Казакстан, Европага экспорттолорун угуп жүрөм.
Жаңгактын маңызын чагып өткөзүп, көп акча тапкандар да бар. Жаңгактан май алып, андан калменде тамагын жасайбыз, тамакка кошобуз, дарылыкка колдонобуз.

Бул жигитти биз жаңгак башына чыгып күүп жаткан жеринен жолуктурдук. Күүлгөн жаңгактарды кичине балдар терип жүрүшөт. Жигиттин аты-жөнү Режеп Нургазы уулу, 23 жашта:
– Жаңгактарга чыгып, күүп берип, акы алып иштеп жатканыма быйыл 5 жыл болот. Жыйырма, кээде андан ашык метр бийиктикке чыгууга туура келет. Акыма күүгөн жаңгагымдын үчтөн бирин алам. Бир аптада 5-6 мүшөк (1 мүшөк 30 килограммдай) жаңгак таап коём.


Адыр башына чыгып бараткан жолдо жаңгак терип жүргөндөрдү да, чатырда май токоч бышырып, тамак камын көрүп жаткандарды да жолуктурдук. Турсунай Сатимова, 47 жашта, Катар-Жаңгак айылынын тургуну:
– Менин 5 балам, 5 неберем бар. Жаңгак жакшы болгон жылдары ушинтип ар бир үй-бүлө (3-4 адам) бирден чатыр тигип алып, айлап жаңгак терим бүткүчө жашайбыз. Бизге үлүшкө 2 гектар жер бөлүнгөн. 150 түп жаңгак бар. Былтыр жаңгактарды үшүк алып, болгону 500 килограммдай түшүм алганбыз. Быйыл 1 тонна алабыз деп турабыз. Азырынча 300 килограммдай тердик. Мурун Союз кезинде токой чарбачылыгы жаңгактын көгүнөн кыям жасатып, өкмөткө өткөзчү эле. Азыр андай жок.


Зиягүл Амиракулова, 45 жашта, 3 баласы бар, Катар-Жаңгак айылынын тургуну:
– 1 гектар үлүш жерибизде 58 түп жаңгак бар. Азыркыга чейин 500 килограммдай терип койдук. Жаңгактын акчасына жашайбыз. Там аркабызга жашылча-жемиш да айдап түшүмүн алабыз. Мурун башкалардын үлүшүнө кирип жаңгак уурдаган жаштар болчу, азыр антпей калышты. Анын үстүнө ар ким өз үлүшүн кайтарат.
1999-2001-жылдары уюлу (кап) үчүн деп жаңгактар абдан көп кыйылып, токой кадимкидей суюлуп кеткен. Анан барып токтоду го. Жаңгак токойдун арасында жапайы алма, алча, алмурут дегендер да бар. Аларды да терип алабыз.



Түштүк Кыргызстандын жаңгак токойлору аянты боюнча дүйнө жүзүндө эң алдыңкы орундардын биринде. Алар мөмөсүнөн сырткары жер кыртышын эрозиядан сактап, атмосферага таасир этип тургандыгы менен да баалуу. Тоо, адыр беттеринде өсүү менен алар сел-көчкүлөрдү четтетүүгө көмөктөшөт. Мына ушундай асыл токойлордун бири болгон Кызыл-Үңкүрдү аралай биз да жаш көчөттөрдү көрбөдүк. Эл да токойдун картайып бараткандыгын, отун, уюл үчүн деп кыркылып отуруп суюлганын, эгер ушинтип жүрүп отурса канча бир жылдан кийин токой жок болорун айтышты. Токой аянттарын сактап калуу жана аянттарын көбөйтүү ким жооп берет, ким кам көрөт деген сурообузга жооп издеп Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин алдындагы токой экосистемдерин өнүктүрүү департаментине кайрылдык. Аталган департаменттин токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Турдакун Абдыкадыров төмөнкүдөй жооп берди:

- Токойдун тегерек четинде, айланасында жайгашкан элдердин тиричилиги токой менен байланышкан. Айдоо жерлери аз болгондуктан алардын тиричилик булагы токой байлыктары экени талашсыз. Албетте, токой ичине мал жаюу, малга тоют камдоо жана мыйзамсыз токой кыюулар токойдун деградацияланышына жеткирери анык. Андыктан токойду сактоо, аянтын көбөйтүү жаатында атайын программалар бар, ошолор боюнча иш алып барылууда. Токойду туруктуу башкарууга жергиликтүү элди тартып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Жаш көчөттөр жылда отургузулат. Токой токойчулар тарабынан корулат. Жаңгак токой арасында мал жаюуга уруксат эмес. Бирок жергиликтүү эл күндүз деле, түнкүсүн деле мал жайып жиберген учурлар бар. Жайылган малдар үчүн айыптар салынат. Мисалы 1 баш уй, жылкы үчүн – 315 сом, эчки үчүн – 750 сом, кой-козу үчүн – 250 сом. Мындан тышкары малдын ээсине да 1000-1500 сом тегерегинде айып пул салынат. Жаш көчөттөрдү сындырып, жулуп салгандар же кыркып кеткендер үчүн да айып пулдар бар. Айып пул жаңгактын диаметрине жараша жүргүзүлөт. Диаметри 4 сантиметрге чейинкилер үчүн – 381 сом, 4 -32 сантиметрге чейин 508-1271 сом тегереги. Диаметри 32 сантиметрден ашса анда ар бир сантиметр диаметрине 381 сомдон төлөйт. Кимдин малы тепсеп же сындырып салганы аныкталса да мал ээси жогорудагыдай айып пул төлөйт.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Элди баккан Кызыл-Үңкүр жаңгак токою
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kgz.Begish
2017-10-24 17:51:38
Үлүштүн ээлери жылына , 20-30 түп жаңгак эгип,салыктан бошотулат деп коюшсун, ар 5 жылда отчет берип туруш керек
+5
turaliev
2017-10-26 13:48:36
kgz.Begish,Эн туура!!!
0
Aikoo2014
2017-10-24 23:01:03
Жоголуп кетуу коркунучу болсо, кирешелери жангак менен болсо. Анда жергиликтуу эл озу деле аракетин жасасында. Жаш кочоттор тигип,аны мал жандан кооруп дегендей.
+5
Sarabi95
2017-10-27 12:48:40
Tuwumun alsanar jakshy, a emnege kam korboisunor,kyzyk, kiyin kudai saktasyn,birok jok bolup ketse okmottu kunooloi turganynar achyk eken
+3
Sarabi95
2017-10-27 12:50:44
Окмот тиккен бактардан малдарынарды кайтарсанар болот да туурабы, же ал бактарды созсуз бироо кайтарыш керекпи
0
ALATOOLUK.JIGIT
2017-10-28 02:12:09
Супер жамааты,жангактын манызынын баасы быйыл канчадан экенин билип бериниздерчи?
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА