Үй-бүлө – чакан мамлекет. Анын пайдубалы бекем болсо, үй-бүлөнүн өмүрү узун болот. 30 жыл ысык-суукка бирдей чыдап, жакшы менен жаманды чогуу көрүп, турмуштун оош-кыйышын бирге көтөргөн жубайлар ырчы Гүлзат Байзакова менен жолдошу Ишенбек Календаров бүгүн бизге үй-бүлөнү кантип бекем сактоо сырлары менен бөлүшүштү.
– Саламатсыздарбы, Гүлзат эже, Ишенбек мырза, маегибизди тагдыр сиздерди кантип табыштырып калганынан баштасак...
Ишенбек мырза: – Гүлзат экөөбүз филармониянын алдындагы студияда окуп жүргөндө таанышканбыз. Эжеңер опера ырчысы эле, мен комузда ойночумун. Гүлзатка комуз черткенди үйрөтүп жүрүп, мамилебиз келишип калды. Экөөбүз 3 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп 1987-жылы үйлөнгөнбүз.
Гүлзат эже: – Мен окуган Опера-балет театрынын алдындагы студияда оңдо-түзөө иштери жүрүп, бизди Улуттук филармониянын имаратына которушкан. Болот Эдигеев деген агай менин талантымды байкап жүрүптүр, бир күнү «сен комуз менен ырдашың керек, менин жакшы окуучум бар» деп Ишен менен тааныштырган. Башында байкеңерди мен агай деп ойлоптурмун, мен сыяктуу эле студент экенин кийин билбедимби.
– Ишенбек мырза, чыгармачылык чөйрөдө Гүлзат Байзакова деген ысымдын түптөлүшүнө сиздин салымыңыз чоң деп угабыз?
И.: – Гүлзат экөөбүз окуу жайды чогуу бүттүк. 1988-жылы устатым Чалагыз Исабаев «Камбаркан» фольклор-этнографиялык тобун ачты. Мен ошол топтун комузчусу, алгачкы солисттеринин биримин. Чалагыз Исабаевден, Самара Токтакуновадан сабак алгам, Гүлзат аларды көрсө эле кайната, кайненесин көргөндөй каччу. Кийинчерээк биз балалуу болуп, Гүлзат балдар менен үйдө отуруп калды. Негизи экөөбүз тең эле чыгармачыл чөйрөдө жүргөндүктөн, бири-бирибизди колдоп, тиреп эле келдик. Союз мезгилинде эл «Камбаркандын» ар бир солистин жакшы тааныйт эле. Башында үйдө мен эле артист болсом, кийин бешөөбүз тең артист болдук.
Г.: – Ишен экөөбүз жаш кезде музыкалык билимди кеч алып бир топ кыйналган элек. Ошондон улам балдарыбыз биз кеч баштаган нерсени эрте баштасын деп эрте эле музыкалык ийримдерге бердик. Улуу балабыз Камбар 2-классында эле музыкалык мектептеги фортепиано классында, ал эми кичүү уулубуз Эмил виолончель классында окуду. Жаш кезде акчаны кийимге коротпой, тапканыбызды балдардын билимине жумшадык. Анан да Ишен өзүнүн чыгармачылыгын өнүктүрүүгө эмес, менин ырчы болушума көбүрөөк аракет кылган.
– Көп жыл чогуу жашаган түгөй катары үй-бүлөнү бекем сактоонун сырлары менен бөлүшө кетсеңиздер?
И.: – Чынында бири-бирибизди жакшы көрүп калдык деп эле үйлөнө берген болбойт. Үй-бүлө куруу оюнчук эмес, ал чакан мамлекетке сүйүүдөн башка да көп нерсе керек. Үйлөнөбүз деген жаштар бири-бирин жакшылап сынап туруп анан баш кошсо дейт элем. Анткени биз өзүбүз тойлордо көп жүрүп, ата-энеси ажырашкан балдарды көрүп жүрөбүз. Айласы жок атасын да, энесин да чакырыш керек, ошол жерден ата-энесинин туугандарынын ортосунда түшүнбөстүк чыгат. Ортодо балдар кыйналып калат экен. Үй-бүлө ажырашууга жетип калса, биринчи кезекте ата-энелер балдардын келечегин ойлосо.
Г.: – Союз кезинде коммунизмдин духу күчтүү эле. Биздин маалда ажырашкан адам чет өлкөгө чыга алчу эмес, партияга өтчү эмес. Эгер ошондой тартип азыр болсо, биздин көп чоңдор эч жакка чыга албай калмак. Биз мектеп партасында отуруп эле тарбияланып калчубуз. Азыркыдай баш аламан, чачыранды тарбия болгон эмес. Жаш кыздарга айтарым, аял кишиге үч гана мүнөз таандык – бул көтөрүмдүүлүк, чыдамкайлык, кечиримдүүлүк. Мына ушул нерсе кыздардын жүрөгүндө жашаса, жигиттерибиз да бактылуу болмок.
– Ар бир үй-бүлөдө түгөйлөрдүн мамилесинде кризис убагы болот эмеспи, ошол абалды кантип жеңсе болот?
Г.: – Эми үйдө казан-аяк кагышат. Барчылык да, жокчулук да болот. Бир туугандар деле урушуп кетип жатпайбы. Менин ачуум келгенде Ишен басат.
И.: – Мен Гүлзаттын ачуусун көп басам. Шашмалыгы бар, бир нерсени аягына чейин укпай эле чарт-чурт болуп кетет.
Г.: – Ооба, байкеңер көтөрүмдүү, мен чыйпылыктай берем. Ошентип Союз кулагандан кийин жетишпеген турмуш башталды. Балдарыбыз кичинекей эле, Ишен экөөбүз жакшы стипендия алчубуз. Ал жылдары мамлекет бага албай калганда Бишкектин тегерек четиндеги жерлерди басып алуу башталган. Биз да элден калбай жер алдык. Чогулткан стипендиябызга үй курдук.
И.: – Эл кандай кыйналса, биздин башыбызга да кыйын күндөр түштү. Академик, профессорлор «Ош базарда» соода кылып калышты. Тыйын-тыпыр жок болсо, албетте, үйдө уруш болот, бирок чыдайсың, көтөрөсүң.
Г.: – Ошол убакта мен 3 жыл Ак-Өргөө жаңы конушун нан менен бактым. Түбүндө сызыкчалары бар казаным бар болчу, ошого нан жаап сатчумун. Элдин баары мени «полосатый лепёшка саткан эже» деп таанышчу. Күнү-түнү мүшөктөп ун салып чоң чараларга камыр жууруган күндөрүм болду. Камыр жууруганда унга кошулган туздан улам колумдун териси сыйрылып түшүп калчу. Ак-Өргөөдө 10-15 адам нан сатат, мен жапкан нан түгөнмөйүнчө эч кимдики өтпөй турчу. Үйүмө чейин издеп келип нан алып кеткендер болгон.
И.: – Ошондо Ак-Өргөөнүн эли биздин музыкалык билимибиз бар экенин билчү эмес да. Кийин Гүлзат ырдап сыналгыдан чыгып калса «баягы нан жапкан келин ырдап жүрөт го» деп таң калып сөз кылышкан.
Г.: – Кошумча акча табыш керек болуп Чүй университетинин ашканасында пирожки сатып да иштеп жүргөм. Мен нан жаап, пирожки бышырып жүрө бермекмин. Бир күнү университетке телевидениеден келишип, таланттуу кызматкерлер арасында сынак болуп калыптыр. Ошого катышып, талантымды университеттин ректору Султан Мамбеткалиев агай байкап «сен кесибиң менен иштешиң керек» деп синтезатор алып берген. Ошол кишиге миң мертебе ыраазымын, 3 миң доллар ал убакта чоң акча эле, батир деле келмек. Балдарына батир алып берип койсо деле болмок да, жок, бизге музыкалык аспап алып берген. Ошол синтезатор менен «Эне тилеги», «Жалжалым», «Дил кайрык», айтор, көп чыгармаларым жазылды.
– Үй-бүлөдө каржы министри кимиңиздер, ким табуучу, ким багуучу?
Г.: – Мен балдар менен үйдө отурганда Ишен тапчу, азыр экөөбүз тең табабыз. Жумушубуз бир болгондуктан сеники, меники деп бөлбөйбүз. Баары эле ортого, үй-бүлө чыгымдарына кетет. Азыр балдарыбыз да иштейт.
– Ишенбек мырза, Гүлзат айым үйдө кандай кожойке?
И.: – Эми жогоруда өзү ашканада иштеп жүргөнүн айтып калбадыбы. Ашпозчу болгондон кийин тамакты жаман жасашы мүмкүн эмес. Учурда уулубуз Камбарды бөлөлү деп ага үй салып берип жатканбыз. Келини бошобой калганда усталарга тамак жасап берет.
– Кимиңиздер көбүрөөк кызганасыздар?
И.: – Мен ырдап жүргөндө Гүлзат кызганчу, Гүлзат ырдап калгандан кийин мен кызганып калдым. Тамаша! Негизи кызганыч 30 жыл камыр-жумур болуп жашап калган түгөйлөргө таандык эмес болуш керек. Ошончо жыл отко-сууга чогуу күйгөндөн кийин ортодо ишеним, туруктуулук болот да.
– Маегиңиздерге рахмат. Бактылуу карылыктын доорун сүрүңүздөр!
Лунара Бекиева
star@super.kg