КЫЗ КЫЯЛЫНДАГЫ ХАНЗААДАЛАР

Ар бир бийкеч кыялында ак боз атчан ханзааданын колуктусу болгусу келет. Бирок ханзааданын колуктусу болуу тургай кезигүү такыр мүмкүн эмес деген ой келиши мүмкүн. Антип ойлосоңуз, жаңыласыз. Ааламда бойдок, белгилүү ханзаадалар көп. Мүмкүн, алар сизди күтүп жүрбөсүн?..

Улуу Британия ханзаадасы –
УИЛЬЯМ ВИНДЗОР
Уильям Виндзор азыркы замандын эң популярдуу ханзаадасы деп саналат. Улуу урматтуу Уильямдын мындай популярдуулукту арттыруусуна апасы ханбийке Диана жана атасы Чарльздын атактуулугу да себепчи болсо керек. Бирок өзү деле урпагын уят кылдырбагандардан. Мисалы, Сент-Эндрю университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ал жерден “искусство иштери боюнча магистр” наамын алып чыккан. Ошондой эле Англиянын Футбол ассоциациясынын президенти. Англиянын ханзаадасы менен танышканда Чили Республикасы тууралуу маалымат топтоп, баарлашууну ошол жер жөнүндө баштоо керек. Анткени ал жерде ханзаада волонтёр болуп иштеген. Ал эми коралл рифтери тууралуу кеп козгосоңуз, сизге сөзсүз өзгөчө көңүл бурат. Анткени корралдарга кызыгып, дипломдук иш жазган.
Виндзор үч жыл мурун “28 жашка чыкканда үйлөнөм” деп сөз берген. Быйыл ал 27 жашта. Эгер “Курсташы Кейт Миддлтонго үйлөнөт” дегенди угуп калсаңыз, ишенбей эле коюңуз. Анткени расмий түрдө ал селкиге үйлөнөрүн айтпай келет.
Эгер таанышып, жактырууну максат кылсаңыз, Уильямды Виндзор сепилинин айланасынан гана жолуктура аласыз.

Люксембургдун ханзаадасы –
ГЕРЦОГ ГИЙОМ
Учурда герцогдордун үй-бүлөсүндө бир эмес, төрт ханзаада бар. Алардын бири өзүнүн түгөйүн тапкан. Ал эми улуусу 27 жаштагы Гийом учурда жүрөгү да, колу да бош. Андыктан аңчылыкка аттансаңыз ушул жигитти бутага алуу керек. Мүмкүн, Люксембург чакан мамлекет болгондуктан, Гийом издеген перисин таппай жүргөндүр. Улуу урматтуу герцог Гийом менен француз, англис, немис жана испан тилинде сүйлөшүүгө болот. Таанышканда классикалык музыка тууралуу сөз козгоңуз. Анткени ал виолончелде ойноодон жана классикалык музыка угуудан рахат алат. Ошондой эле жел кайык спортун сүйөт. Ханзааданы улуу герцогдун сарайынан жана суу жээктеринен кезиктирүүгө болот.

Бутан ханзаадасы –
ЖИГМЕ КХЕСАР НАМГЬЯЛ ВАНГЧУК
Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан Бутан падышалыгы тууралуу уксаңыз керек. Мына ошол падышалыкты болочокто ханзаада Намгьял башкарат. Учурда ал 29 жашта. Бул жердин каада-салты өтө катуу. Андыктан мындай ханзаада менен бактысын байлагысы келген бийкеч баарына даяр болушу керек. Падыша улуттук кийимден башка кийим кийбей, тамеки тартуу, ичимдик ичүү дегенден алыс болушу шарт. Намгьял Оксфорддон билим алган. Аталган өлкөнүн ханзаадасын жактырып калсаңыз, эт менен жасалган тамактан баш тартууңуз керек. Себеби ханзаада өсүмдүк жана сүт азыктары менен гана тамактанат. Бак өстүрүүгө, чарбачылыкка кызыксаңыз, анда мындай иш Бутан ханзаадасына абдан жагат. Анан да жааны жакшы аткан кыздарды жактырат. Намгьялды өлкөнүн борбору болгон Тхимпхудагы хан сарайдан гана кезиктирүү мүмкүн.

Бруней ханзаадасы –
АЗИМ
Азиянын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан, Малайзия менен чектешкен Бруней мамлекетинде 12 ханзаада бар. Алардын учурда үйлөнүүгө кезеги келгени, анан да 12синен айырмаланганы – 27 жаштагы Азим. Ал ханзаадалардын үчүнчүсү. Азим заманбап музыканы жактырат. Өзүнө же үй-бүлөсүнө тиешелүү кандайдыр бир кече болгондо сөзсүз атактуу ырчыларды чакыртат. Мисалы, 25 жашка толгондо поп-падыша Майкл Жексон куттуктап келип, ырдап берген. Ошондой эле ал кечеде Памела Андерсон, Наоми Кэмпбелл сыяктуу атактуу инсандар ханзааданын каалоосу менен конок болушкан. Азим ханзааданын марттык, берешендик сапатын канчалаган белгилүүлөр баса айтып келишет. Мисалы, кечеге чакырылган жылдыздар гонорарынан тышкары ханзаададан ар кандай бриллиант жасалгаларды алып кубанышат. Азимдин агасы жөнөкөй үй-бүлөнүн кызына үйлөнгөн. Андыктан бул падышалык үй-бүлө жөнөкөй келин менен жашоону жат көрүнүш деп санабайт. Ханзааданын жүрөгүн кантип багындыруу кереги айтылбайт. Бирок бир гана нерсени билишиңиз шарт. Азим заманбап музыкасын жөн гана сүйөт.

Дубай ханзаадасы –
ХАДМАН
Араб Эмиратында бийлик тапшыруу системасы Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу өтө чаташкан. Андыктан шейхтин мураскору сөзсүз улуу баласы эмес, ал каалаганы болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө бул орунду шейхтин 27 жаштагы уулу Шейх Хадман Бин Мохаммед Бин Рашид Аль-Мактум ээлейт. Англиядагы Сандхёрст падышалык аскер академиясынан билим алган. Андыктан тартипти катуу сактаган жигит. Мындан тышкары дагы бир нече билими бар.
Бош учурунда ыр жазганды жактырат. Эгер ханзааданын жүрөгүн ээлесеңиз, сизди сонун ырларга бөлөйт. Бирок ошол эле учурда сиз анын жалгыз түгөйү болбой турганыңызды да билишиңиз керек. Шариатты жакшы билген, ыйман жолундагы кыздарды жактырат. Бул ханзааданы хан сарайынан эмес, төө саткан базардан кезиктирип калууңуз толук ыктымал. Анткени төөнүн ар кандай породасын топтойт.


Шоу-бизнес жаңылыктары

ПРЕСЛИНИН ӨЛҮМҮ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ ФАКТ
Атактуу музыкант Элвис Пресли жүрөк оорудан эмес, өнөкөткө айланган ич катуудан улам каза болгон. Жакындары бул тууралуу жалпыга айтуудан баш тартышкан. Ошондуктан калп айтууга туура келген”,- дейт аны 12 жыл дарылаган жеке врачы Жорж Никопулос. Элвис тирүү кезинде дарыгер бир нече жолу бул оорусун хирургиялык жол менен айыктырууну сунуштаган. Бул сунуштан баш тарткан ырчы мындан 13 жыл мурун 42 жаш курагында каза болгон.

КАНДЕЛАКИ РАСМИЙ ТҮРДӨ АЖЫРАШТЫ
Теледива Тина Канделаки күйөөсү Андрей Кондрахин менен расмий түрдө ажырашты. Тележылдыздын жолдошу экөөнүн ынтымагы 2006-жылы бузулган. Канделаки Францияда ишкер Сулейман Керимов менен автокырсыкка кабылган. Жолдошу “Тинанын ишкер менен кандайдыр бир мамилеси болгон” деген шектенүү менен жашап, ошол нерсе экөөнү ажырашууга алып келди. Эскерте кетсек, Канделаки күйөөсү менен 11 жыл жашады. Ортосунда бир уул, бир кызы бар.

ШЕРДИН КЫЗЫ ЭРКЕККЕ АЙЛАНДЫ
Ырчы Шердин кызы Частити Боно бала чагында эле өзүн уландардай сезерин айтып, “эркек болуп төрөлүп калбайт белем” деп көп айтчу экен. Бул каалоосу бой жеткенде да өзгөргөн жок. 2009-жылы ал жынысын алмаштырган. Эми ырчынын кызы паспортун алмаштырды. Частити Бононун ысымы эми Сонни Боно. Энеси Шер болсо: ”Эгер бул чечим кызымды бактылуу кылса, анда аны колдойм”,- дейт.

ЗАРА КӨЗ ЖАРДЫ
Чырайлуу ырчы Зара уулдуу болду. Ымыркай 3,3 килограмм салмакта, бою болсо 51 сантиметр болуп жарыкка келди. Ырчынын жолдошу Сергей Ивановдун кубанычы көккө жетип турган чагы. Продюсер Виктор Дробыш Зараны аман-эсен көз жарып алганы менен куттуктап, тамашалап өзүнүн жаңы төрөлгөн кызына кудалап коюшту.

ЖАЗ ЛЕГЕНДАСЫ ЛЕНА ХОРН ДҮЙНӨ САЛДЫ
92 жаш курагында америкалык легендарлуу жаз ырчысы жана актриса Лена Хорн дүйнө салды. Лена жаз сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүндө Дюк Эллингтон, Фэтс Уоллер, Кол Портер сыяктуу атактуу музыканттардын ырларын аткаруу менен калды. Хорн “Грэмми” сыйлыгынын 4 жолку талапкери. Баш-аягы 22 тасма жана мюзиклга тартылган.

ШАКИРАНЫН КЕЗЕКТЕГИ ИЙГИЛИГИ
Атактуу “Ovi Nokia” санариптик музыкалык сервис латын америкалык музыка сүйүүчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында уникалдуу үндүн ээси Шакира “Дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу латын америкалык аткаруучу” деп табылды. Ал эми экинчи орунду Алехандро Фернандес, үчүнчүнү болсо мексикалык “Camila” поп-группасы ээлеген.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 393, 14-20-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан