«ЭЧ КАЧАН БАЛАМДЫ ТАШТАМАК ЭМЕСМИН, БИРОК...» ТОКМОКТОГУ БАЛДАР ҮЙҮНДӨГҮ НАРИСТЕЛЕРДИН ТАГДЫРЛАРЫ

Көпчүлүгүбүз жашоонун кыйындыгын айтып арызданабыз. Анда бул жарыкты көрүп, бирок жашаганга да мүмкүнчүлүгү жок төрөлгөндөр үчүн жашоонун кыйынчылыгы канчалык? Бул жолу Токмок шаарындагы Республикалык адистештирилген борбордук неврологиялык системинин жабыркаган жана психикасы бузулган балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо борборунда багылган наристелердин жашоосуна күбө болдук.

Бул борбордо учурда жалпы 89 бала жашайт. 40 баланын ата-энеси жок, 49у ата-энелүү. Негизги басым даун синдрому, балдардын шал оорусу (ДЦП), гидроцефалия, микроцефалия сыяктуу оор абалга кабылган балдарга жасалат. Балдар менен 19 тарбиячы, 34 медайым, 6 врач иштешет жана педагогдор, социалдык кызматкерлер, психологдор бар. Мекеме жаңы төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки балдар үчүн иштейт. Директордун айтымында, жыл сайын 30дан ашык балдар түшөт. Бул жылы 9 айда эле 40 бала түштү. Төрөлгөндөн баштап балдарды кабыл алган республикадагы жалгыз балдар үйү.

ҮМҮТТҮҮ КӨЗДӨР, БАЛАЛЫКТЫН СЫНООГО САЛЫНГАН КҮНДӨРҮ...

Алгач эле жаңы гана жашоого көзүн ача баштаган оорукчан балдар менен тааныштым. Бөлмөдө манеждер катары менен тизилген, жөрмөлөп ойноп жүргөндөр...
Ойноо аянтында болсо ата-энесинин шартына байланыштуу убактылуу бул борбордо багылып жаткан дени сак балдар тарбиячылары менен ойноп жүрүшөт. Мөлтүрөгөн үмүттүү көздөр, балалыктын сыноого салынган күндөрү...
Кийинки биз кирген бөлмөлөрдө жогоруда аталган оор оорулар менен алпурушуп жаткан кыймылдай албаган, тамак жей албагандар. Айрымдарынын ата-энелери төрөт үйүнөн эле баш тартып койгон, айрымдарыныкы балдарын айыктырам деп такылдаткан эшиги калбаганда гана арга жоктон бул борборго алып келип ташташкан. Республиканын аймактарынан келген наристелерди тагдыр бир бөлмөгө чогулткан, айырмасы – бири айлап же жылдап болсо дагы ата-энесинин мээримин сезе алат, айрымдарына бул да буюрган эмес. Бул оорулар айыкпайт. Бирок дарыгерлер балдардын жашоосун жеңилдетип берүүгө аракет кылышат. Биз киргенде башка адам келгенин сезген балдар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша реакция кылышты. Бири жылмайып, экинчисинин сүрөткө тартып жатат деп кубанганын бизге медайым түшүндүрүп берди. Фатима Койбагарова бул борбордо 15 жылдан бери иштейт. Ал буларга токтолду:

– Учурда оор абалдагы кыймылдай албаган балдар менен иштейм. Тамак беребиз, температурасын ченейбиз, сүйлөгөндү үйрөтөбүз, укалайбыз, айтор, дайыма жанында болушубуз керек, бул балдар жардамга муктаж төрөлүшкөн. Биздин аракеттерден кийин бала басып же сүйлөп калышы мүмкүн. Ата-энелер негизинен айыкканда кайра алып кетебиз деген ой менен ташташат. Баланын абалы бир аз жакшырса, басып калса алып кеткендер бар. Алып кетишпесе, 4 жаштан кийин башка балдар үйүнө жиберебиз. Айрымдар ай сайын же жыл сайын керектүү буюм-тайымын, тамак-ашын көтөрүп келип турушат. Көбүнчө алыскы аймактардан келгендердин ата-энесинин бат-баттан келип турганга шарттары болбойт. Жакын жашаса, жума сайын келгендер да бар. Келип, өз колдору менен тамак берип, карашып отуруп кетишет.
Аңгыча балдарга түшкү тамакты берүү убактысы келип калды. Горохтон жасалган шорпонун үстүнө нанды туурап, аны блендерден өткөрүп, ар бир медайым бирден балдарды кучактап тамак берип отуруп калышты.

«БАЛАДАН БАШ ТАРТКАН АТА-ЭНЕ БОЛБОШУ КЕРЕК»

Наталья Боева, тарбиячы:
– Жумушуңуздун кайсы бөлүгү чоң оорчулук жаратат?
– Балдар менен иштегенди абдан жакшы көрөм. Балдар төрөлгөндөн тартып биз менен жашап, аларга көнүп калабыз. Мага аларды 4 жаштан кийин башка балдар үйүнө жиберүү учуру өтө оор, дайыма көзүмө жаш алып узатам.

– Эсиңизде калган жоруктары менен бөлүшсөңүз...
– Ар бир бала эсибизде калат. Женя деген бала бар эле, боёнгонду жакшы көрчү. Тарбиячы башка ишке алаксып кетсе, түндө туруп алып боёктор менен оозун, көздөрүн боёп алчу. Дагы бир бала бир кызды жакшы көрчү. Карасаң, экөө бир бурчка чогуу отуруп калышчу же керебеттин артына бекинип алышчу. Бала баса алчу эмес, жөрмөлөп кыздын жанына барчу. Кийин ал балага атайын кичинекей дөңгөлөгү менен коляска ойлоп жасап бергенбиз, отуруп алып колу менен түртүп жүрө берчү.

– Балдарын таштагандар боюнча оюңуз кандай?
– Аларды эмне деп айтарымды да билбейм, баладан кантип баш тартса болот деп ойлоном. Андай ата-эне болбошу керек.

"БАЛДАР КАЙРАДАН КАЙЫР СУРАП КАЛАТ ДЕП КОРКОМ"

Татьяна Гринько, директор:
– Балдар бул үйгө кайдан түшүшөт жана 4 жашка чыккандан кийин кайда барышат?
– Айрымдары төрөтканадан чыгып эле бизге келишет, айрым ата-энелер айыктырууга мүмкүн болбогонун түшүнгөндөн кийин 2-3 жашында алып келишет. 4 жаштан кийин эгерде бала майып болсо, анда Беловодск психоневрологиялык интернатына же Сокулуктагы реабилитациялык борборго которобуз. Эгер бала бир нерсени үйрөнүүгө жөндөмдүү болсо, анда Беловодсктогу мектепке чейинки балдар үйүнө жиберилет.

– Айыкпас дартка кабылган балдардын жашоосун жеңилдетүү үчүн эмнелер жасалат?
– Баланын абалына жараша операциялар жасалат. Балага жардам бере албаарыбызды билсек паллиативдик кароо менен чектелебиз. Бала дүйнө менен коштошуп жатканын билсек да, анын өмүрү үчүн акырына чейин күрөшөбүз. Бул биздин эреже. Азыр негизинен балдарды өздөрүнүн төрөгөн ата-энесине кайтаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Ушул жылдын 9 айында 10 баланын үй-бүлөсү менен иштешип, наристелерди өзү туулган үй-бүлөсүнө кайтардык.

– Ар бир баланын бул үйгө түшкөндөгү жана жашоосу көз алдыңызда болсо керек...
– Албетте, ар бирин жүрөгүбүздөн өткөрөбүз. Бир ирет оорукчан төрөлгөн баласынан ата-энеси баш тартып коюшуп, наристе төрөлгөндөн кийин эле бизге түшкөн. Ал ата-эне өздөрүнүн кызына жаңы төрөлгөн баланы өлүп калды деп айтышкан. Кийин ал кыз иниси тирүү экенин жана ал бизде жашаарын билгенде аябай жаман болгон. Иниси тууралуу билгенден кийин кыз дайыма келип турчу. Бирок ата-энеси бир да жолу келген жок. Алар үчүн баласы өлүп калган болчу. Бала аны төрөсүн деп, болгондо да ушундай оорукчан абалда бул дүйнөгө алып келсин деп суранган эмес да. Төрөлгөндөн кийин наристе көп нерсеге укугу бар. Туура, ар кандай абал болот. Ата-энесинин шарты жок, бага албайт, турмуштун оор кырдаалына түшүп калды дейли. Бирок баласына келип, ага жылмайып, аны менен сейилдеп коюу баарынын эле колунан келет да. Кечээ эле жубайлар баласын таштап кетишти. Атасы баласын таштап жатып аябай ыйлады. «Эч качан силерге таштамак эмесмин, бирок абалым ушул жолго барууга зордоп жатат, башка аргам жок калгандыктан келдим. Балама дайыма келип турам» деп көзүнүн жашын көл кылды.

– Социалдык абалынан улам дени сак балдар да түшөт дедиңиз...
– Айрымдар балдарын урат, ичкендер, баңги ата-энелер, селсаяктар бар, кыскасы, балдарына татыктуу жашоо түзүп бере албагандыктан социалдык өнүктүрүү органдары милиция менен кошо балдарды ата-энесинен алып убактылуу бизге кароого ташташат. Негизи ал үй-бүлө 6 айдын ичинде абалын жакшыртып, кайра балдарын алып кетиши керек. Аларга бардыгы жардам беришет, паспортун жасап, демөөрчүлөрдү таап, бирок жылдар өтөт, баягы ата-эне жок, аракеттерден жыйынтык чыккан эмес. Бул татынакай дени сак балдар эмнеге мындай жашоо сүрүшү керек? Бул чоң көйгөй.
Бир окуя айтып берейин, эки баласын бир эне кайыр суратчу экен. Дени сак, татынакай балдар. Балдар эл берген майда-чүйдө менен курсагын тойгузуп жүрө беришкен. Тиешелүү органдар балдарды бизге алып келишкен. Энеси балдарын көргөнгө келип да койгон жок. Энелик укуктан ажыратабыз дегенде гана жактоочу жалдап чуркап баштады. Сот дайыма ата-энелердин таламын талашат да, билесиңер. Сотко келгенде эле ата-энелердики туура болуп чыга келет. Бул иш азыр толук аяктай элек. Эне укугунан ажыраган жок, балдары бизде. Менимче, энеси балдары үчүн күрөшүш керек болчу. Жумуш таап иштеп, акча чогултуп, ижарага батир алып, колдоп алчу туугандары да бар эле. Ал болсо, мына, азыр да балдарына келбейт. Балдар энесине кетсе, кайра эле кайыр сурап жашап калышат деп коркобуз.

– Оорукчан балдарды багып алгандар болобу?
– Багып алышат. Дарыланса, айыгып кете турган оорулууларды, психикалык жактан жабыркагандарды да багып алышат. Кыймылдабаган балдардын абалын көрдүңүз, аларды багып алышпайт.

– Балдарды таштагандарга мамилеңиз?
– Бизди эч кимди күнөөлөбөгөнгө үйрөтүшөт. Ал ата-эне ичкич болсо дагы, анын оозунан арак жыттанып турса дагы аны күнөөлөө туура эмес. Ал аял, балким, биздин түшкө кирбеген кыйынчылыкты басып өттү. Андыктан эч нерсе деп айта албайм.

– Жүрөгүңүздү өйүткөн нерсе?
– Жарактан чыккан бир имаратыбыз бар. Ал жакка 2 топтун балдары батчу. Аны сүрдүрүп, ордуна жаңы имарат салып беришсе, эне-баланын бөлүмүн ачмакпыз. Энелер да көйгөйүн чечип алганча жашап турушмак. Анан да балдарды 4 жаштан кийин жиберели десек, Беловодск балдар үйүндө биздин кыймылдай албаган балдарды кабыл алуу үчүн орун дайыма жетишпейт. Канча жылдан бери ушул көйгөй бар. Бул боюнча бир нече жолу социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана министрликке кайрылганбыз. Бирок маселе чечиле элек.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Tyty1990
2017-10-24 11:13:07
Козумо толгон ызанын жашы. Бир ыйлап алдым. Аттин акчам болсо жардам берсем кана....
+11
sely
2017-10-27 02:24:48
Tyty1990,созсуз эле коп акча кк эмес таттууларды биртке оюнчуктарды алып барып деле берсен болот сенден коп болсо 3000 же 4000 сом кетет
-1
momun74
2017-10-24 12:15:22
Супер бат баттан олко аймагындагы балдар уйунон кабар алып жашоо шартын жазып суротторун чыгарып тургулачы сураныч ошону копуп кукук энелер азайсын анан бала багып алам дегендер кобойсун
+11
Janel87
2017-10-25 23:40:50
momun74,эн туура жазыпсыз ырчыларды чыгара бербей ушуга окшогон пайдасы тийгендерди чыгарсаныздар
+2
Marasul.gulnur
2017-10-24 12:22:39
Кудайым сактасын кудай кечире кор


+1
Varonin
2017-10-24 15:36:53
Мындай окуяларды уккан ар бир эне ыйлайтго. Видиолорунан бери тартыныздарчы балким кимдир бироого сабак болоттур
+3
admin_media
2017-10-24 17:46:18
Varonin, momun74,
Саламатсыздарбы! Сунуштар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
ryslife888
2017-10-24 15:53:45
Мечиттерди толтура кургандан коро, ошундай нерселерди бала бакчаларды курушса жакшы болмок.намазды кайдан окусан да кабыл болот да.азыр эмне коп, мечит коп.
+5
aikeeboni
2017-10-24 15:54:14
куноосу жок наристелер ыйлагым эле келет
+2
Aruw89
2017-10-24 16:19:06
Журогум ооруду,ыйладым окуп алып,эч кача бала энесинен ажырабасын
+1
zavi95
2017-10-24 17:01:13
Баламды караап отуруп. Жаратканыма дагы мин эсе ыраазы болуп козумо жаш толду
+2
bekmaral
2017-10-24 17:08:33
120 депутат 120минден чогултса дагы бир канча болот , жардам берип койгойун чечип койсо болмок
+4
Tiguuchu
2017-10-24 17:32:29
Жакында ватсаптан 90 жылдары Акаев убагында орус телеканалдан тартып кеткен видеону кордук.Беловодскийдеги спец интернаттагы майып балдар жонундо.Ач,жыпжыланач жыланач болмолорго камап коюптур.Жерден нандын кукумдорун терип жеп журушот.Супер инфо сураныч ошол специнтернаттан кабар алып келгилечи.Азыр кандай болуп калды экен.Сураныч,ошону коргондон бери ойлоном,ошол балдар не болушту экен ,шарттары жакшырганбы деп.
+3
alben
2017-10-25 03:47:56
Кандай аянычтуу, кандай өкүнүчтүү...... Башка сөз оюма келбей буулуп кеттим. Тарбиячыларга миңден миң таазим. Өкмөт ушул тарбиячылардын айлыгын көтөрсө болмок.
+1
Alyma
2017-10-25 09:29:54
Ээх Аллахым дайыма колода журсун Сиздерди...
0
ArietAli
2017-10-28 12:01:38
Jurogumdu ezdigo. Kanday bolso da oz kanynan janynan jaralgan baldardan kanday kozdoru kiydy eken
0
Adeli_Jasi
2017-11-13 21:30:44
Жаратканым ар бирибизге алты саны аман,дени сак бала насип кылсын ылайым!Журогун эзилет аларды коруп((Тарбиячыларга сабыр берсин.Мин мертебе таазим!
0
oopapa
2021-02-02 00:07:15
Баары жакшы болот балким бугун эмес бирок албетте бир кун
0
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА