ЧАҢГЕТТИКТЕР ЧАТЫРДА ЖАШАП ЖАТЫШАТ. АЛДЫДА КЫШ. ЭЛДИН КӨЙГӨЙҮН КИМ ЧЕЧЕТ?

Жазындагы жер көчкүдөн жапа чеккен Өзгөн районунун Аюу (Аюу-Сай) жана Чаңгет айылынын жашоочуларына аталган райондун Ана-Кызыл аймагынан жер тилкелери бөлүнгөн эле. Кыш жакындап калды, 2 айылдын эли жаңы турак жайлуу болуштубу, жашоолору кантип жатат деп барып таанышып көрдүк.

«АЮУЛУКТАРГА 12 ҮЙ БЕКЕР ТУРГУЗУЛУУДА»

Ана-Кызыл аймагы Ош-Бишкек жолунун боюнда болгондуктан, адегенде эле көзгө бир катар болуп курулуп жаткан үйлөр, алардын артында 15 чакты агарган чатыр көзгө урунду. Сураштыра келсек, кызыл кыштан курулуп жаткан 12 үй аюулуктар үчүн бекер курулуп жатыптыр. Чатырда жашап жаткандар чаңгеттиктер экен. Кыскасы, эки башка көрүнүшкө туш болуп, адегенде изилдөөбүздү аюулуктар тараптан баштадык.

Биринчи маектешибиз Аюу айылынын 47 жаштагы тургуну Кайратбек Актаев болду.

– Кайратбек мырза, башка үйлөрдүн ээсин чалдыктыра албадык. Алар кайда?
– Билбейм. Үйлөрдүн салынып жатканы көзөмөлдө да, үй ээлери башка өз иштерин кылып жүргөндүр. Мен кыш жакындап калды, курулушчуларга кол кабыш кылып үйдү эртерээк бүтүрөлү деп кошо аралашып жүрөм. Үйлөрдүн долбоорлору бирдей, баары 4 бөлмөдөн турат (ванна да бар). Узуну-туурасы 10/9 метрден. Курулуш августтун башында башталган. Мен билгени 8 үйдү түркиялык бир компания, 4 үйдү өкмөт өз эсебинен салууда. Үйлөрдүн алды курулуп бүтүп, ичи шыбалып жатса, айрымдары жартылай тургузулду.

– Сиздин канча балаңыз бар? Жер көчкүдөн сиздин үйүңүз да жараксыз абалда калганбы?
– 7 балам бар. Үчөөсү бөлүнүп жашайт, төртөөсү колумда. Жазында 24 айылдашыбыз жер көчкү алдында калды. Биздин үй бүтүн калганы менен, жашоого кооптуу жерде деп табылган. Жер көчкү үйүбүзгө 300 метрдей жетпей калган. Убактылуу жашоого берилген контейнерлер азыр суук болуп калды. Бул жаңы конуштун аты коюла элек. Биздин айылдан дагы канча адамга бул жерден тилке бөлүнгөнүн билбейт экенмин.

ЧАТЫРДА ЖАШАП ЖАТКАН ЧАҢГЕТТИКТЕР

Чаңгет айылынын тургундары биздин гезиттен келгенибизди угуп арыз-армандарын айтышты. Алгачкы маектешибиз 49 жаштагы Салимбү Жаңыбаева болду.
– Менин 6 балам бар. Жолдошум 2006-жылы кайтыш болуп кеткен. 1994-жылкы жер көчкүдө үйүбүз аман калганы менен, көчүрүлүүгө тийиш дегендердин тизмесине кирген. 2009-жылкы жер көчкүдө үйүбүздүн оң, ал эми 2017-жылкысында сол жагына жакын жерден жарака кетти.
Бул жерден 8 сотых жер тилкеси бөлүнгөн, кызыл китеби бар. Банктан насыя акча алайын десем, маалым катты айыл өкмөт бербей жатат. Эптеп чогулткан акчама 5 тонна цемент алдым. Насыя акча алсак үйдү баштайт элек. 2017-жылдын 3-августунан баштап неберем, 1 балам болуп чатырда жашап жатабыз. Үй-бүлөлүү
2 баламдын бири кайнатамдыкында, бири Ошто жашоодо. Ошентип ар кимибиз ар жакта чачырап жүрөбүз. Бекер отурбай, ашпозчу болуп күнүгө 500 сом алып өлбөстүн күнүн көрүп жатам.

Пайдубалы тургузулуп жаткан үйдүн ээлери 50 жаштагы Чолпон Алиева менен анын 52 жаштагы жолдошу Камал Атакулов экен. Чолпон айым буларга токтолду.
– Биздин 5 балабыз бар. Жолдошум 2-топтогу майып, экөөбүз тең иштебейбиз, жумуш жок. 1992-жылдагы жер көчкүдө үйүбүздүн жанындагы жер 1 метрге чейин чөктү. Жарылган жерден, үйүбүздүн артынан суу чыгып акты. Үй ичин суу 2 ирет белге чейин каптады. Кургак жер таап, чатыр тигип 3 ай жашадык. ӨКМ чатыр да берген жок. Анан жашай турган үй жок болгондуктан, үйүбүздүн нымдан жарабай калган эшик-терезелерин алмаштырып, кайра жашай баштадык. Үйдүн дубалынын бир жагы урап калып, аны кайра тургуздук. 1994-жылдагы жер көчкү үйүбүзгө тийген жок. Келген комиссия үйүбүздү жашоого жараксыз деп тапканы менен, өкмөттөн бизге элге окшоп ссуда берилген жок. 2017-жылы февралда ӨКМден, акимчиликтен барышып, үйдү көрүп "жашаганга мүмкүн эмес, чыккыла" дешкен. Ошентип үй мүлкүбүздүн жарымын алып чыгып кеттик. Мындагы жер тилкебиз 8 сотых. Банктан 5 жылга 7 пайыз үстөк менен 250 000 сом насыя акча алганыбызга 3 апта болду. Ал акча үйдүн пайдубалы менен кышынын жарымына эле жетет экен. Калганын кантип бүтүрөбүз, кышта кайда кыштайбыз, билбейбиз.
Улуу балабыз өзүнчө түтүн болгондуктан, "жер тилкесин бергиле" десек, беришкен жок. Сууну сатып алабыз, 1 цистерна суу 1500 сомдон. 3 жолу сатып алдык. Дагы сатып алыш керек ага акчаны кайдан табабыз? Насыя акчанын суммасы көбүрөөк болсо, анан да бекер суу менен камсыз кылышса жакшы болот эле. Аюулуктар жакта чоң цистерна бар, күнүгө 2 саат агызышат экен. Ал суу бизге жетпейт. 1 аптадан бери жаан жаап, төшөнчү-орончуларыбыз да, өзүбүз да суу болуп жүдөдүк. Мен эле эмес, башка чаңгеттиктердин абалы деле ушундай.
Үй ээлери менен коштошкон соң башка чатырларга барып үй ээлерин, ошондой эле мында жер тилкеси бар аюулуктарды да сураштырып жолуга албадык. Мүмкүн, баягы эле чечилбеген насыя акча, кышта кайда кыштайбыз деген маселени чечүү үчүн ар жакта далбастап жүгүрүп жүрүшкөндүр...


«БИЗ 168 ЖЕР ТИЛКЕСИН БӨЛҮП БЕРДИК, КАЛГАНЫ ЭЛДИН ӨЗҮНҮН МАСЕЛЕСИ»

Чаңгеттиктердин ахыбалы менен таанышкан соң Өзгөн районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Өзгөнбай Эсенбаевге кайрылдык.

– Сиз жетектеген айыл өкмөткө караштуу Ана-Кызыл аймагына көчүрүлүп жаткан чаңгеттиктер менен аюулуктардын канчасына жер тилке бөлүнгөн? "Балдарыбыз үчүн жер тилке берилген жок" дешүүдө.
– Биздин айыл өкмөт болгон мүмкүнчүлүгүнө карап Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Сайдан келген 106 адамга, ал эми Чаңгет айыл өкмөтүнө караштуу Чаңгет айылынан келген 58 адамга жер тилкесин бөлгөн. Баарыныкы 8 сотыхтан. Аюулуктарга 8 үй түркиялык компания тарабынан, 4 үй президенттик фонддон бөлүнгөн каражатка бекер тургузулууда. Учурда чаңгеттик 18 үй-бүлө ӨКМ берген чатырларда жашап жатат. Калган жер тилке ээлери үйлөрүн быйыл салабы же салбайбы өздөрүнүн иши. Ана-Кызылда Союз кезинде эле сугатка суу жок болчу. Биз элди таза суу менен камсыздаш үчүн 30 тонналык цистерна орнотуп бердик. Ага суу 6 чакырым аралыктан насос станциясынан суу түтүгү аркылуу барат. Сууну андай чоң цистернага толтуруу үчүн сууну алгач резервуарга толтуруп, анан цистернага жиберүү керек эле. Мурун андай резервуар жок болчу. Ошондуктан сууну ар 2 саатта берип жатканбыз. Андан ашык иштеткенде мотор ысып иштен чыгып калат. Учурда резервуардын курулушу бүтүп калды. Эми суу көбүрөөк берилип баштайт.
Элди электр энергиясы менен камсыздадык. Мектеп салынып жатат. Ал эми калган маселелери боюнча өкмөткө кайрылышсын.

«БИЗ 60 АДАМГА 300 000 СОМГО ЧЕЙИН НАСЫЯ АКЧА БЕРДИК, БАШКА АКЧА ЖОК»

Жер көчкүдөн жабыркаган элди акча менен жетишерлик деңгээлде камсыздоого болбойбу деген суроо менен мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылдык. Сурообузга компаниянын Ош аймагы боюнча менеджери Алмаз Эгемназаров жооп берди.
– Биздин компаниядан Өзгөн району боюнча 60 адам 300 000 сомго чейин 7 жылга 7 пайыздык үстөгү менен насыя акча алышкан. Андан ашык берүүгө компанияда каражат жок, өкмөттөн бөлүнгөнүн бердик. Бирок Өзгөн районундагы "Айыл банк" жана "РСК банктарынан" эл 150 000 сомго чейин 3 жылга 10 пайыз үстөгү менен (күрөөсүз) ала алышат. Аталган банктын кызматкерлери 1 аптада бир жолу Ана-Кызыл аймагына барып, насыя акча алууга кандай документтер керектигин айтып түшүндүрүү жүргүзүп жана документтерин чогултуп кетип жатышат.
Мына ушундай, окурман, Ана-Кызылдан кетип жатып, өкмөт табият кырсыгынан жабыркаган элди ушинтип ара жолго таштап коёбу же дагы колдоо көрсөтөбү деген жүрөк өйүгөн ой менен узадык. Аталган аймактын жашоочуларынын абалына кийин дагы кайрылмакчыбыз.

Таза суу толтурулуучу 30 тонналык цистерна.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жер көчкүдөн жабыркаган чаңгеттиктер чатырда жашап жатат
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
madina.87
2017-10-24 10:58:46
Жээнбек аванын баласы айтпады беле,Кыргызстан толук таза суу менен камсыз болот деп!
аткарбайбы ошол ишин!!!!
0
Krai
2017-10-24 11:54:25
madina.87,жээнбеков ишин эми баштайт
-3
ajdaaar
2017-10-24 14:55:47
Кечоо шайлоо алдында Жээнбековду ай-кунго тенеп мактап жатпадынар беле?!! Ушулбу кыйратып иштегени?!! Жер кочкудон кийин эл 1-2 жума суукта, жамгырда чатырда жашады, аларды таза суу, отун, электр энерниясы менен камсыздайын деп Окмот баш ооруткан жок... Арадан 2 откон сон гана шалаакылыгы учун бир чиновникти Жэжнбеков "чык эшикке" деп отурат... Ага чейин озу барып кабар алып, маселени чечпей эшек такалап журдубу?!!
-1
Rubin
2017-10-31 07:28:02
ajdaaar,Жээнбеков агасынын олгонуно карабай ошол куну барып кабар алган
0
ajdaaar
2017-10-24 15:00:08
Мобу элди карагыла, копчулугунун уйу кочкумастында калды же жашоого жараксыз болуп калды... Окмоттон болгону 8 сотых чек болунуптур... Ал жерге кочурулуп жаткан элдин жарымына 250-300 мин сомдон насыя болунуптур... Алдыда кыш... Алган насыя там салууга жетпесе... Окмот каякты карап журот?!! Биз жаман деген Бакиев да Атамбаев, Жээнбековдордун алдында бир топ дурус адам болгон экен, жер титироодон жабыркаган Нуралыктарга уй салдырып берген... Мин наалат азыркы бийликтегилерге!!!
+2
nursultan3797
2017-10-27 10:46:43
Туура айтасыз, ошол эле Озгон районунун Ничке Сай айылына жардам эмес чек беруу маселесин канааттандыраарлык чечип бере алган жок, мониторинг жарыяланган жерлерди алып бере алган жок, айылдын30-40% айласыздан айылдан 40км аралыкта жайгашкан ынтымак айылына кочуп келишти, мына кыш деле келип калды алардын уйлору буто элек, шартыбызга ылайык болсун деп айылдан 10км алыста жайгашкан мониторинг жарыяланган жерди жаны бийлик чечип берет деген умутто айылдын калган болугу бугунку кундо кооптуу жерде
0
nursultan3797
2017-10-27 10:48:44
Ким билет жаз айларында ошол эле жер кочку кайталанса азыркы бийлик куноолуу болот
0
Lilia11
2017-10-24 17:06:08
Жээнбеков расмий турдо ишке киришелек туугандар. Азыр дагы деле Атамбаев президент. Буюрса чечилип калаар бут маселелер... иншаллах
0
№ 781, 20-26-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА