Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын тергөө абагынан Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Аталган маалыматты ЖАМКдан 10-октябрда тастыкташты. Маалыматка караганда, №1 тергөө абагында соттолуучулар 8 адамдык бөлмөдө бир жума болуп, медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Андан кийин гана соттун өкүмүнө ылайык башка абактарга бөлүштүрүлөт.
Белгилей кетсек, 2-октябрда Бишкек шаардык соту Текебаев менен Чотоновго карата шаардын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. Ага ылайык, айыпталуучулар 8 жылдан эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен бирге 3 жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынган.
Маалымат катары: Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго «Орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегакомду» сатып алууга жардам берем деп 1 миллион доллар пара алган» деп айып коюлган. Өмүрбек Текебаев соттун өкүмүн «мыйзамсыз, саясий куугунтук» деп атаган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg