Орусиялык белгилүү алпаруучу, коомдук ишмер Ксения Собчак 2018-жылы боло турган Орусиянын президентин шайлоодо президенттикке талапкер болорун билдирди. Бул тууралуу ал: «Орусия Владимир Путинди президент кылып шайлаганда мен 18 жашта элем. Азыр жашым 36да. Ошондуктан президенттикке ат салышууну чечтим»,- деген. Алпаруучу 5 жылдан бери оппозиционерлер, жаңыланууну жана өзгөрүүнү каалаган инсандар менен бирге митингге чыгып келгенин билдирген. Бирок азырынча алар күткөн чоң бурулуш боло элек экенин айтып: «Коррупционерлер жана уурулар элди алдаганын улантып келе жатат»,- дейт. Президенттикке ат салышуу менен коррупционерлерге каршы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып, «Ксения Собчак – баарына каршы кандидат» деп билдирди.