КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫН ДҮЙНӨГӨ ЖАЙЫЛТКАН «ОРДО САХНА» ТЕАТРЫ

Нукура кыргыз музыкасы ноталарда жазылбаганы менен, байыртадан комуздан комузга, күүдөн күүгө өтүп биз жашаган доорго жетип келген. Кыргыз фольклорунун өнүгүүсүнө салым кошуп, кыргыз күүлөрүн дүйнө жүзүнө жайылтып жүргөн «Ордо сахна» фольклор-этнографиялык театры бар. Бүгүн биз 20 жылга жакын тарыхы бар коллективдин жаралуу тарыхы, дүйнө кезген саякаты тууралуу кеп салабыз.

Чолпон Жапарова, «Ордо сахна» фольклор- этнографиялык театрынын жетекчиси:

«АБДАН КЫМБАТ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ДОЛБООР»

– «Ордо сахна» – бул абдан кымбат интеллектуалдык долбоор. Түзүлүп жатканда эле кыргыз фольклорунун деңгээлин көтөрүүгө, элдин музыкалык интеллектин жогорулатууга багытталган. Биз бул долбоорго негиздөөчүсү агам Шамиль Жапаров экөөбүз көп эмгегибизди, энергиябызды сарптадык. Жамааттын калыптанышына көркөм жетекчибиз Нурлан Нышановдун кошкон салымы да зор. Нукура кыргыз музыкасын дүйнөгө жайылтуу милдетин аркалап жүргөнүбүзгө 18 жылдын жүзү болуптур. Ушул күнгө чейин «Ордо сахна» Кыргызстанды бийик деңгээлде көрсөтө турган иш-чараларда гана катышып келет. Тойлордо ырдоо биздин деңгээл эмес. Бизди көп акчалуу адамдар, байлар, саясатчылар тойлорунда ырдаткысы келишкен. Биз принципке туруп, андай сунуштардан баш тартып келебиз. Жадакалса өзүмдүн кызымдын тоюнда «Ордо сахнаны» ырдаткан жокмун.
Биздин концерттер жарнамага муктаж эмес, анткени чыгармачылык кечелерибизди күткөн өзүбүздүн күйөрмандарыбыз бар. Концерттерибиз дайыма жандуу үн менен өтөт. Азыр фольклордук ансамблдердин көбү фонограмма менен ойношот. Бул угарманды сыйлабастык. Биз угарманды чыныгы музыканы баалоого үйрөтүшүбүз шарт. Угарман акчасын төлөп концертке келдиби, аны музыкант актап, тер агызып аспапта ойноп, ырдап жаткан чыгармасына берилип, ал энергетиканы угарман сезиши керек.

«УЛУТТУК КОЛОРИТТЕ КИЙИМДЕРДИ КИЙҮҮНҮ БИЗ АЛЫП КЕЛДИК»

– 2000-жылдары улуттук колориттеги чапан, булгаарыдан көйнөктөр, кийизден тигилген формаларды, үкү топуларды биз алгач модага айландырганбыз десем жаңылышпайм. Ошол кезде солисттерибиз кийген кийимдерди кармап «бул эмне, татарлардын кийимиби?» деп таң калып сурагандар болгон. Азыр ал чапандарды, көйнөктөрдү элдер көчөгө, той-кечелерге кийип жүрүшпөйбү. Кийимдерибизди тиккен аты белгилүү дизайнерибиз деле жок. Баарын өзүм издеп, байыркы буюмдарды сата турган дүкөндөрдү кыдырып билерик, чач учтук, топчу, шуруларды сатып келем. Калганын элден издеп табам. Формаларыбыз абдан кымбат, анткени чет өлкөлөргө чыкканда баары келип кийимиңди кармап көрүшөт. Ошон үчүн формаларды табигый кездемеден тиктиребиз. Өтүктөр, темир курлар баары колго жасалат.

«ДҮЙНӨЛҮК САУНДТРЕКТЕР УЛУТТУК АСПАПТАР МЕНЕН ЖАҢЫРДЫ»

– 2011-жылы солисттерибиздин айрымдары университетте сабак берип, кээ бирлери гастролдорго көп чыга албай, театрга убакыт бөлө албай жамаат тарап кеткенбиз. Карасам, көптөгөн идеяларыбыз ишке ашпай калат экен. Анан да күйөрмандарыбыздын өтүнүчү менен кайра жамаатты жандантып, жаңы муун менен алмаштырууну чечкенбиз. Агам Шамиль менен кеңешип, театрга жалаң 16-18 жаштагы кыз-жигиттерди кастинг аркылуу тандап алганбыз. Жаш музыканттар Нурлан Нышановдун кол алдында тарбияланган окуучулар. Театрдын жашарганы музыка тандоодо да билинет экен, жаш муун белгилүү мультфильмдердин саундтректерин ойной башташты. Ошентип кызыгып саундтректерди ойноп жатып бир программа аткара турган 9 саундтрек жаздырып коюптурбуз. Комузда, сыбызгыда электроника кошпой рок музыкасын угуп көрдүңүз беле? Улуттук аспаптардын мындай жөндөмдүүлүгү бар экенине көбү ишенбесе керек эле. Биз аны ишке ашырдык.

«КЫРГЫЗ АСПАПТАРЫНЫН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН АЧТЫК»

– Максатыбыз – кыргыз музыкасын дүйнөгө жайылтуу болгондуктан, сапаттуу музыка жаздырганга аракет кылдык. Анткени чет элдиктер сапатсыз музыканы оңой эле айырмалап билишет. 18 жыл ичинде биздин театр «Уламыш», «Көчмөндүн ыры», «Жалындуу аттар» деген үч альбом жаздырганбыз. Бул альбомдорубуздун баары чет өлкөдөн жазылды. Чет өлкөдөн альбом жаздыруу оңой эмес каражат турарын билсеңиздер керек. Бирок мунун баары биздин кийинки муунга мурас катары кала турган байлык. Азыр «Эрке сары», «Түш», «Маш ботой», "Уламыш" айтор, бир топ күүлөрүбүздүн фонограммаларын бүт телеканалдар берүүлөрүндө колдонуп келишет. Болгондо да уруксат сурабай. Алар менен соттошуп автордук укугумду коргосом соттон оңой эле жеңем. Бирок ал бизге керекпи? Бизде андан башка сапаттуу жазылган музыка жок. Музыкабызды колдонгондо жок дегенде автордун аты-жөнүн кичинекей жерге жазып коюшса болмок.
Кыргыз фольклорун башка деңгээлге чыгарууну кааладык деп айтканымдын жөнү бар. Биз изденип жүрүп биринчилерден кыргыз аспаптарынын мүмкүнчүлүгүн ачалы деген максатта жаз стили менен аралаштырып күүлөрдү чертип баштадык. Мындан фольк-жаз стили келип чыкты. Изденип отуруп дүйнөлүк классиктердин, испандардын, монголдордун, француздардын, орустардын музыкаларын улуттук аспаптарыбызга салып ойнодук.

«БИЗДИН МУЗЫКАЛАР ЭЛДИН СҮЙҮҮСҮНӨ ЭЧАК ТАТЫГАН»

– Адатта биздин ырчылар концерт өткөрсө демөөрчүлөр бат табыла калат. Ал эми биздин Кыргызстандагы концерттерде андай демөөрчүлөр жокко эсе. Баарын өз күчүбүз менен уюштуруп келебиз. Балким, биз суранганды билбейбиз. Чет өлкөдөгү турларыбызга «Кристенсен» фонду көмөк көрсөтүп турат. Бирок ал да өзүнчө түйшүк, короткон ар бир тыйының боюнча эсеп-кысап кылып отчёт берип турасың. Кыргызстандын тарыхында болгон 4 президенттин тең инаугурациялары биздин музыкалардын фонограммасы менен өтүп келет. Бирок бизге наам турмак, бир кагазын арнап мактоо баракчасын берип коюшкан жок. Бирок биз жазган музыкалар "Алтын фондго" кирип, элдин сүйүүсүнө эчак татыган. Биз кылымдарга жашай турган музыкаларды жаздырдык.

«КЕЛЕЧЕКТЕ...»

– Келечекте кыргыздардын байыркы бакшы бийинин негизинде атайын балет үчүн фольк-балетти кошуп театралдык программа коёлу деген пландарыбыз бар. Цирк үчүн да жакшы долбоорубуз даяр. Мунун баары ири долбоор болгондуктан, көп каражатты талап кылат. Идея бар, музыка жазылган, бирок каражат жетишсиздигинен 15 жылдан бери ишке ашпай турат. Эгер демөөрчү табылса бул долбоорлор менен дүйнөлүк турга чыксак болот.


Аскат Жетиген, «Ордо сахна» театрынын музыкалык жетекчиси:

«ОРДО САХНА» БАРБАГАН АФРИКА МЕНЕН АЛЯСКА ЭЛЕ КАЛДЫ»

– Куш келипсиң, Аскат. Бизге «Ордо сахна» театрынын жаралуу тарыхы тууралуу кеп салып берсең.
-Рахмат, арыбаңыздар. «Ордо сахна» фольклор-этнографиялык театры 1999-жылы ошол кездеги «Ордо» деп аталган телерадиокорпорациясынын алдында уюшулган. Советтер Союзу жоюлгандан кийин кыргыздын салттуу музыкасына болгон кызыгуу такыр жоголуп кеткен. Жадакалса «кыргыздын салттуу музыкасы жоголуп, дүйнөнү классика бийлейт» дешкен экен. Биздин театр мына ошондой ойлорду жокко чыгаруу, кыргыз музыкасын сактап калуу максатында түзүлгөн. Учурда театрда 8 музыкант эмгектенебиз, бирок гастролдорго чыкканда көбөйүп да калабыз.

– Театрга музыканттарды кандай критерийлер менен тандап аласыңар?
-Музыканттарды тандоодо биз ар бир аспаптын сыйкырын, өзгөчөлүгүн, башка аспаптар менен болгон айкалышын мыкты сезе билген өнөрпоздорду тандайбыз. Театрда иштеген музыканттар кеминде 4-5 аспапта ойной алышат. Бакыт Шатенов, Рахат Көчөрбаев, Руслан Жумабаев, Асылбек Насиридинов, Дамира Ниязбекова, Гүлзада Рыскулова деген ырчылар биздин театрда иштеп кетишкен жана азыркыга чейин айрымдары менен иштешебиз. Аслан Исабаев да кезинде урма аспапта ойноп жүрчү экен. Буга чейинки калыптанып калган комузчу комуз, чоорчу чоор ойносун деген эрежелерди биз жойдук. Азыр замандын агымына жараша биз да жаңы нерселерди байкап көрүүгө ачыкпыз. Мисалы, мен комузчумун, бирок ырдайм дагы. Бакыт Шатенов агабыз топко жаңы келгенде кыякчы экен, кийин ырдап жаңы таланты ачылыптыр.

– «Ордо сахна» театры чет өлкөгө концерттер менен көп чыгарын билебиз, силер барбаган жер калдыбы?
-Мен билгенден «Ордо сахна» барбаган Африка менен Аляска эле калса керек. Мен келгенден бери эле 15-20 өлкөгө бардык, кээ бир өлкөлөргө 2-3 жолудан барган учурлар болду.

– Белгилүү дүйнөлүк саундтректерди күүгө салып ойноп жүргөнүңөрдү билебиз, ал чыгармаларды чет өлкөлүктөр кандай кабыл алышат?
-Азыр жаштар кандай музыканы жакшы көрөт билесиз да. «Despacito», «Гангнам стайл» өңдүү жеңил-желпи, адамдын аң-сезимин буза турган музыкаларга жакын. Кантип ошондой жеңил-желпи музыкадан өзүбүздүн элдик аспаптарга элдин көңүлүн бурдура алабыз деп гана жаштарга ылайыктуу кылып белгилүү саундтректерди кыргыздын аспаптарына салып ойногонбуз. Болбосо чет өлкөлүктөрдү комуз менен алардын музыкасын чертип таң калтыра албайсың. Өзүбүздүн эч бир элдин акылы жетпеген музыкабыз турганда алардын жеңил-желпи обондорун комузда ойноп эмне кереги бар? Башка элди биз кыргыздын таза музыкасы менен гана багындыра алабыз.

– Жамааттагы музыканттарга айлык акы төлөнөбү?
-Музыканттарга акы төлөнбөйт. Бизге «Ордо сахнада» ырдаган жагат, өзүнүн атмосферасы, багыты бар. Бул биздин чыныгы кыргыз музыкасына болгон күйөрмандыгыбыз деп эсептейм.

– Адатта салттуу музыканын алып жүрүүчүлөрү эстрада ырчыларын жеңил-желпи деп сындашат?
-Кээде, тескерисинче, профессионал эместер профессионал ырчыларды сындаган учурлар болот. Ойлонуп көрүңүз, кичинесинде «скрипкачы болом, Чайковскийдин симфониялык оркестри менен концерт берем» деп кыялданган адам мектепти бүттү. 5 жыл консерваторияда, андан соң магистратурасында окуп оркестрде отурат деңиз, орточо айлыгы
5 миң сом. Ал чыныгы өзүнүн кесибинин профессионалы, бирок аны эч ким билбейт. Мына ошол адамды биз баалабай, компьютер менен үнүн жасап, аранжировка жаздырып коюп эле бир күндө жылдыз болгон адамды көрсө жини келет да. Ошол үч нотаны кошо албаган адам профессионалдардын бир айда тапканын бир саатта таап жатпайбы. Биздин эл чыныгы музыкант менен жасалмаларды айырмалай билиши керек. Биз алардын табитин элдик аспаптарга, элдик музыкага кызыктырганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.

– Ушундай адилетсиздиктен улам эстрадага ооп кетүү тууралуу ойлонуп көрдүң беле?
-Менде ушундай ой болгон. Өзүм 5 жашымдан бери комуз ойнойм. Кичинемден атактуу Токтогул, Рыспай аталарыбыздай ырчы болсом деп кыялданчумун. Башында комуз менен популярдуу болуп кетүү татаалыраактай сезилди. Менин гитара менен аткарган ырларымды угуп калдыңыз беле, ошондо эстрадага аралашсамбы деп жүргөн кезим болчу. Өткөндө ойлонуп отуруп жөн эле коёюнчу дедим. Кумирим Элмирбек Иманалиевдин «аз жерден эстрада ырчысы болуп кете жаздагам» деген маегин окуп таасирлендим окшойт. Кичинемден комуз менен кошо жатып, кошо турган жаным биротоло эстрадага ооп кетип, андан чыга албай калам деп корктум. Үйдө бир альбомго бата турган ырларды жазып койгом, эми аны иним Кубат аткарат. Иним да музыкалык окуу жайда окуйт.

"Ырчылардан Гүлзада Рыскулова менен тыгыз иштешебиз".
"Ордо сахнанын" концерттеринде бир гана музыка эмес, бий, атайын этникалык кийимдердин көргөзмөсүн да көрсөтөбүз. Бул сүрөттөгү кийимдер Гүлжан Ирештин "Хантун" деп аталган этникалык кийимдер коллекциясынан".


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Samina007
2017-10-31 11:58:18
Азаматсыңар!!силерди мен абдан жакшы көрөм.музыкаңарды уксам кандай керемет.силердин ишиңерге ийгилик,талантыңар ташкындай берсин демекчимин
+2
Jazdyn_tany
2017-10-31 19:03:37
Күүлөрдү профессионалдык деңгээлде аткарышат! Кайра кайра уккандан тажабайм! Азаматсыңар!
+1
Shahrizaada
2017-11-01 00:57:34
Топтун аткарган күү, музыкаларынын шилтемесин жиберип койгулачы админ.
+1
aliya-leyla
2017-11-02 10:46:04
3 президенттин инагурациясы болгон. 4-президент эми ант берет го. Бирок куулорду эн мыкты денгээлде аткарасынар. Угуп эс аласын.
+1
mumu00
2017-11-02 10:55:04
Бул коллективдин музыкасын уксанар анда силер алда канча музыкалык сабатынар жогору деп билем.Негизи тете-мете деп ырдаган ырчыларга эмес ушундай артисттерге бериш керек сыйлыкты. Дуйно жузун кыдырып кыргыздын куулорун жайылтып журушот не аларга зарыл дейсинерби дервиш болуп жургон улут учун кылып жатат да, болбосо отура бербейт беле тойдо ырдап 300 долар алып коюп. Азаматсынар!Суктанам!
+1
Romantik.
2017-11-03 04:23:41
Эже наалый берет экенсизда.)
-3
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан