Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

«БИЗДЕН ДАРЫЛАНЫП КЕТКЕН АРАКЕЧ КИЙИН ДЕПУТАТ БОЛДУ». Аракеч, баңгилерди текшерген жана дарылагандар

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж



Жол кырсыгы... Ызы-чуу, күнөөлүүнү аныкташ керек. Тартип сакчылары айдоочулардын шыр эле ичкилик ичкенин, баңгизатын колдонгонун текшериш үчүн наркологиялык борборго алып жөнөшөт. Ушул жерден ишке биздин каарман аралашат. Айдоочунун, тартип бузуучунун тагдырына таасир этүүчү экспертизаларды чыгарган врач-эксперт Татьяна Борисова менен ал иштеген бөлмөдөгү ый, күлкү, чыр-чатактар тууралуу сүйлөштүк. Каарманым Республикалык наркология борборунда 30 жылдан бери иштейт.

«ЦИРККЕ БАРБАЙБЫЗ, ӨЗҮБҮЗДҮН ЦИРК ЖЕТИШТҮҮ»

-Жумушум кыйын жана кызыктуу. Ошондуктан жакшы көрөм. Учурда аталган ооруканада директордун орун басары болуп иштеп жатсам дагы, көп жыл иштеген врач-эксперт жумушумду таштай албай, нөөмөткө чыгып турам. Ишимдин кызыктуулугу тууралуу айтсам, циркке барбайбыз, өзүбүздүн цирк жетиштүү. Жакында эле милиция кызматкерлери 3 мас кызды түнкү саат 4тө алып келишти. Кыздар таштандыларды чачышты, көп нерсени талкалаганга жетишишти. Бирөөсүн эки дос кызы да, милиция кызматкерлери да токтото албай коюшту. Бир маалда батареяны кармап туруп алды эле, башкалар кызды тартса, батарея жулунуп кетти. Ошол кыз менен соттошуп жүрөбүз. Ал «милиция кызматкерлери бизди урду, таштандыны да алар бизге ыргытышты» деп айтып жатат. Биз жабырлануучу тарап катары «чыгымыбызды төлөп берсин» деген талап коюп жатабыз. Анткени мындай учурлар көп болот, баарын өзүбүздүн каражатка оңдото берип тажадык. Стол менен кошо күкүрт кычкылын оодарып салгандар болгон.
Кесибим юридикалык жоопкерчиликти көтөрөт. Дегеним, биз жазып берген медициналык жыйынтык чыгарган протокол адамдын тагдырын чечет. Ошондуктан бул кесипте адилеттүү болуу, адамды жакшылап таануу – милдетибиз. Билесизби, дайыма эле анализдер көрсөткөн жыйынтык адамдын чын эле баңгизатын колдонгонунун же ичип алганынын далили эмес. Бир жолу жол кырсыгына кабылган айдоочунун заарасынан апийим чыкты. Ал адам таң калып, «мен эч нерсе колдонгон эмесмин» деп жатты. Карасам, баңгиге окшошпойт, чекчейген эле адам. Өзүбүз да шекшип заарасын бир нече ирет текшердик, жыйынтык өзгөргөн жок. Көрсө, ал киши курамында опийим бар дарыны ичиптир. Ошондуктан ушундай жыйынтык чыгып жатыптыр. Ал дары дарыканаларда ачык эле сатылат. Биз чыккан жыйынтык менен эле дыкат текшербестен, протокол жазып берип койсок, ал адамдын тагдырына терс таасир тийгизип алмакпыз да. Андыктан ар бир кадамыбызга жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек.
Коркуткандар бар, «эртең бул жерде иштебей каласың» дешет. Мас менен айтышып отурбайбыз да. Акча сунушташса да, коркутушса да мен мастан соо, соодон масты жасап бербейм.
Бизге МАИ кызматкерлеринен башка опер кызматкерлери, прокуратура, аймактык тескөөчүлөр да окуялардын катышуучуларын алып келип текшертишет. Бир суткада орточо эсеп менен 60-70 экспертиза жасалат.

«АЙЫМДАРДЫН МАС АБАЛЫНДА РУЛГА ОТУРГАНЫ КӨБӨЙДҮ»

-Учурда мас айдоочулар көп, көпчүлүгү жаштар, каннабиске анализдер оң жыйынтык берген учур көбөйдү, негизинен түндө. Жумушум нервиме, жашоомо өзүнүн тагын басты. Айдаганды билсем да, рулга отурбайм, корком. Бизде унааны каалагандай айдашат. Жол эрежелерине эмес, айдоочулардын көздөрүнө карап унаа башкарыш керек.
Айрымдарга бооруң ачыйт. Кээде тартип сакчылары эч кимге зыяны жок нанын, мандаринин эски тешик корзинага салып алып үйүнө кетип бараткан чалды кармап алып келишет. «Эми муну эмнеге кармадыңар?» дейм, «коомдук жайда мас абалында жүргөнгө болбойт» дешет. Бирок анын эч кимге зыяны тийген жок да. Мени көп жылдардан бери таң калтырганы, «коомдук жайда заара ушатты» деп бир аз сыра ичип алган адамды деле алып келе беришет. «Анда даараткана салып бергиле да» деп айтам. Кээде бир эле айдоочуну бир нече ирет алып келишет. Анан соттор кандай иштешет деп ойлоп коём. Мени өкүндүргөнү – аялдар да көп мас болушуп, рулга отурушканы.
14-октябрда «Ала-Тоо» аянтында жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук такси менен Ленд Крузер жол тандабасы сүзүшкөнүн уктуңуз да. Мына ошол маршруттук таксинин айдоочусунун заарасынан героин чыккан. Ал өзү да танган жок. Ушул окуядан кийин мэрия бизге көмөк көрсөтүүбүздү суранып кат жазышты. Азыр биздин докторлор маршруттук таксилердин контролдук-диспетчердик пункттарын текшерип жатышат. Бардыгында эле наркологдор бар. Бирок алар «ичимдикти гана текшере алабыз» деп айтышат. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, ичимдикти текшерген пункттарда баңгизаты да текшерилиши керек.



«ТЕМИР ЖУМАКАДЫРОВДУ СҮЗГӨН АЙДООЧУ ИЧКИЛИК ДА, БАҢГИЗАТЫН ДА КОЛДОНБОПТУР»


-Темир Жумакадыров каза тапкан кырсыктагы КамАЗдын айдоочусун да бизге алып келишкен. Айдоочу бала 25 гана жашта, нес абалында экен, эч нерсе түшүнбөй эле отурду. Анан да ал бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы экен. Ичкилик да, баңгизатын да колдонбоптур. Ким күнөөлүү экенин тиешелүү органдар чечет, бирок менин эки тарапка тең боорум ооруду. Жаш баланын жашоосу кырсыкка чейин жана кийин болуп бөлүнүп калды. Экинчи тарапта болсо канча балдар жетим калышты. Ушундай учурларда бир мүнөт да жашоону өзгөртүп коёрун сезесиң. Менин тилегеним, тартип сакчылары мас айдоочуларды убактысынан кечикпей, кырсык катталганга чейин токтотуп калышса.


«18-22 ЖАШТАГЫЛАР КӨП ТҮШӨТ»


Аракка берилип же баңгизатынын торуна кабылгандар ушул адамдардын жардамына муктаж. 33 жылдык эмгек жолунда аракечтер менен баңгилердин ар кандай түрүн көргөн Республикалык наркологиялык борбордун врач-наркологу, амбулатордук-диагностикалык бөлүмдүн башчысы Элмира Исраилова кесиби тууралуу баяндайт.

-Жумушум психикалык жактан оор. Бизге түшкөндөрдү көрүп зээниң кейийт. Үйдө бирөө аракеч болсо, башкалар да оорукчан болушат, үйдөн кут качат. Арактын айынан эле канча турмуштар бузулуп, канчасы ажырашып, канчасы өлүп жатат. Аракеч, баңгилердин туугандары «өлүп калат экен» деп коркушуп ыйлап жалдырашат. Бирок адам өзү аракет кылмайынча жыйынтык болбойт. Жанды кейиткени – аялдардын көп ичип жатканы. Мурда аялдарды караган өзүнчө бөлүм жок болчу. 4 жылдан бери аялдар бөлүмү иштейт.
Айрымдары узак убакыт арактан башы чыкпай келишет, бул абал мээни гана эмес, организмдин баарын талкалайт. Жакында көп жылдардан бери ичкен жапжаш бала келип, боор циррозунан өлүп калды. Азыр арак ичкендер, гашиш чеккендер көп, жаш курагы боюнча 18ден 22ге чейинкилер басымдуулук кылат. Ошондуктан мектептерге, ЖОЖдорго профилактикалык иш-чараларды өткөрөбүз.
Бир окуя эсиме түштү, илгери Нарындан бир кишини алып келишкен. Адамды уй байлаган аркан менен байлап келгенин өмүрүмдө биринчи жана акыркы жолу көргөм. Жапжаш бала аракка берилип кеткен. Өзү билимдүү, акылдуу. Аракты таштагандан кийин айыл өкмөтү болду, аким, кийин депутат болду. Бизден дарыланып кеткен дагы бир киши азыр бир мекемеде башкы директор болуп иштейт. Өз башынан өткөндүктөн, арак ичкен адамды жакшы түшүнөт. Жумушчулары ичсе бизге келип дарылатып кетет.
Бул көйгөйлөргө, албетте, социалдык абал таасир берет. Бирок ар бир адамдын жашоосу өзүнүн колунда. Адам өзүн тарбиялаш керек. Коом тарбиялайт деп отура бергенче арак ичип жатып бир жарга барып такаласың же өлөсүң. Эмнеге жаштар? Аларга бир жолго түшүп жашап кетиш кыйын болуп жатпайбы. Мурда окууну бүткөндө жумуш даяр болчу. Азыр билимдүүлөр көп, жумуш орундары жок. Миграция маселесинин таасири да чоң. Ата-энеси Орусиялап акча издеп жүрөт, балдар кароосуз калып, көзөмөл жок.
Азыр Бишкек шаары боюнча 20 миңге жакын арак ичкендер, баңгилер катталган. Анын ичинен айымдардын саны 3 миң.
20 миңдин ичинен 3 миңге жакыны баңги, анын ичинен 263ү аялдар. Психоз (белая горячка) менен 25 киши каттоого алынган, алтоосу аялзаты. Жыл сайын бизге түшкөндөрдүн саны 200-300 кишиге көбөйөт. Айыгып каттоодон чыккандар орточо эсеп менен 50-60 киши. Каза тапкандар жылына 15-16 киши. Бул сан жыл санап 2-3 кишиге көп болуп турат.


Перизат Музуратбекова

koom@super.kg



Аракеч ата: "Ичкиликтин айынан үй-бүлөмдү жоготтум"

Автор: Айтолкун Анапия кызы
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
31.10.2017. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
17-03-2016
Соӊку аракети:
04-11-2017 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-12
Эмнеге аракеч деп жазгансынар?Араккеч болуп жазылат.
31.10.2017. 16:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
20-03-2018 14:53
Жынысы:
Белгисиз
+8
sagyndym90,Аракеч болуп эле жазылат.
01.11.2017. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
10-11-2012
Соӊку аракети:
16-06-2018 22:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК - Ош - Жалал-Абад
0
sagyndym90, адаштыңыз, аракеч туурасы.
31.10.2017. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жумакадыровту сүзгөн айдоочу мас деп айтышты эле го ,соо эле экен го .Чындыгында эки жака тең оор бирок жаш 25жаштагы жигиттин тагдырына балта чаппагыла соттоп.Ошон үчүн 20жылдык стажы барлар эле оор жүк ташуучу машинаны башкарышса.
05.11.2017. 02:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
08-10-2018 11:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыктуу маек беришиптир дарыгерлер,озунордун да ден-соолугунар чын болсун,ишинерге ийгилик эжекелер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: