Балдар дүйнөсү аруу, кээде улуу кишиден да акылдуу кептерди айтып коюшат. Бул ирет биз 4 жаштан 7 жашка чейинки балакайларга "Президент ким?" деген суроо менен кайрылып көрдүк. Жыйынтыгына чогуу күбө бололу.
Сабина Абдыкадырова, 4 жарым жашта:
– Президент чоң, жакшы киши. Ал жалаң машинада, самолётто жүрөт. Аны мен телевизордон көрөм.
Хамза Эрнисов, 5 жашта:
– Жээнбеков Сооронбай, мурун Бабанов болчу. Ал башкарат, бандиттерди кармайт, кишилер менен сүйлөшөт.
Ажара Мамыткан кызы, 6 жашта:
– Бултушка. Чай ичет, тамак жейт, ырдайт, бийлейт. Окуп анан иштейт.
Сыргак Казакбаев, 5 жашта:
– Атамбаев. Ал сүзүшкөндөрдү камайт, машина тосот, солдаттарды карайт, өрт чыкканда "пожарный" жиберет, элди сактайт. Муну мен кинодон көргөм.
Айгерим Өмүрова, 7 жашта:
– Алмазбек Атамбаев, чачтары ак, чоң киши. Ал элди башкарып иштейт. Анын акчасы көп. Телевизордон көп чыгат, мен бирок аны көргүм келбейт. Мен мультик көрөм.
Байгелди Бейшенбеков, 7 жашта:
– Алмазбек Атамбаев. Ал самолёт менен башка өлкөгө учат, үй салат, мектеп салат. Атам, апамдын пенсиясын көбөйтөт, свет коёт. Текебаев менен жолугат.
Раяна Абдымомунова, 6 жарым жашта:
– Биздин президент Өмүрбек, ал жакшы киши. Ал күндө машинага отуруп алып жумушка барып келет. Костюм-шымды кийип алып телевизордон сүйлөйт.
Нурэль Мирбеков, 5 жашта:
– Президент деген костюм киет, туфли киет, микрофон менен сүйлөйт. Айлык алат, маршруткага отурбайт, самолёт менен жүрөт.
Касиет Токтоналиева, 6 жашта:
– Президент Атамбаев. Бабанов президент болом десе "адамдарды өзүм башкарам" деп болбой койду.
Садык Курманбеков, 7 жашта:
– Президенттин үйү чоң, аябай бай. Ал Лимузин, Мерседес менен жүрөт. Достору бар, Путин. Назарбаев, Трамп.
Дуулат Бектурганов, 6 жашта:
– Президент деген мурда Атамбаев болчу, азыр Жээнбеков болду. Ал телевизордон чыгат, анан самолётко түшөт.
Азирет Исраилов, 6 жашта
– Президент – Сооронбай! Ал Кыргыз планетасын башкарат.
Жибек Турсунбекова, 6 жашта:
– Президент – Бабанов!
Ал телевизордон жини келип урушат.
Султан Доктурбеков, 5 жашта:
– Атамбаев. Ал телевизордон кечке сүйлөп башкарат. Мага Сооронбай жакты. Анын сүрөтү үйүбүздө бар.
Баястан Токтоназаров, 5 жашта:
– Атамбай. Телевизордон көрөм. Анын машинасы көп, 5өө. Азыр Бабанов президент, ал менин байкем. Ал таластык.
Дамирбек Парпибаев, 5 жарым жаш:
– Президент деген дүйнөдөгү эң бай киши. Ал бизди башкарып турат.
Улукбек Токторбаев, 7 жашта:
– Президент азыр Атамбаев, Жээнбеков ноябрда болот экен. Мен дагы жакшы окуп, кредитибизден кутулсак, чоңойгондо президент болуп көп акча алып келем.
Айбол Момунов, 4 жашта:
– Президент деген Сооронбай Жээнбеков №9. Мен чоңойгондо ошону шайлайм.
Арууке Мокешова, 4 жашта;
– Ал биздин "подружкабыз". Жыргап самолётто учуп жүрө берет. Анан костюмду кийип алып ары-бери моделдей болуп басат. Ал Түркияга кийим сатып алганы көп барат.
Темирлан Туратбеков,
6 жашта:
– Президент мекенди коргойт, жакшы сүйлөйт. Урбайт, уурдабайт, согушпайт.
Талант Жалилов, 7 жашта:
– Сооронбай, ал Бишкекте жашайт. Президент жакшы иштерди жасаш керек, жаңы имараттарды курушу керек. Жаңылыктарды көргөндө билгем.
Аскат Асанов, 5 жарым жашта:
– Алмазбек Атамбаев, ал президент болуп жумуш кылат, сүйлөшөт, ачык айтып жооп берет.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg