«БАЛАНС KG» – ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ ТӨЛӨӨНҮН ЭҢ ОҢОЙ ЖОЛУ

Дүйнө күн сайын жаңыланууга умтулуп, андагы адамдар улам бир ачылыш жасоодо. Цивилизациянын агымы менен бизге «электрондук акча», «мобилдик капчык» деген сыяктуу түшүнүктөр да келди. «Скай Мобайл» (TM Beeline) ЖЧКсы да өзүнүн абоненттеринин ишин жеңилдетүү үчүн жаңы кызматын ишке киргизди. Кызматты иштеп чыккандар "мындай мобилдик капчык жашоону жеңилдетет" дешет.

«ТУТАШУУ, ТӨЛӨӨ, КОЛДОНУУ – БААРЫ БЕКЕР»

Мобилдик капчык деген эмне, анын кандай артыкчылыктары бар деген суроолорго «Скай Мобайл» ЖЧКсынын санарип жана финансы кызматтарын өнүктүрүү боюнча жетекчиси Эрмек Акенеевден жооп алдык.

– Саламатсызбы, Эрмек мырза? Айтсаңыз, бул кызматты ишке ашыруунун башкы максаты эмне болду?
– «Баланс KG» кызматы биринчиден элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн ишке ашырылды десем болот. Экинчиден элдин финансылык сабаттуулугун жогорулатууну максат кылдык. Азыр кызматтардын баары электрондоштурулуп калбадыбы, ошону эске алып, коомчулукка мобилдик капчык колдонууну сунуштап жатабыз. Бул кызматты кошуп, балансына акча салып койгондор кандайдыр бир төлөмдү аткаруу үчүн атайын үйдөн чыкпай эле койсо болот. Анткени кол алдында турган телефон аркылуу тиешелүү кызматтар үчүн акча төлөй алат. Акчаны накталай эмес, электрондук жүгүртүү абоненттер үчүн ыңгайлуу жана оңой болот.

– Алар кайсы кызматтар?
– Бул мобилдик капчыктын ишке киргенине саналуу эле күн болду. Ошондуктан азырынча абоненттер коммуналдык кызматтар, телеберүүлөр, интернет провайдерлер же жөн гана интернет оюндар үчүн төлөм жүргүзө алат. Жакынкы келечекте «Баланс KG « аркылуу дүкөн, кафе-ресторандардан соода кылуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Ошондой эле өнөктөштөрүбүз менен биргеликте бир нече долбоорлордун үстүндө иштөөдөбүз. Мисалы, кийинчерээк абоненттер банктык акча которууларды жүргүзүп, дүкөндөрдөн насыяга товар алуу сыяктуу кызматтарды колдонуп калышат. Андан тышкары такси кызматтарын да "Баланс KG" аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн тартуулоону пландап жатабыз. Абоненттерибиз үчүн өнөктөштөр менен биргеликте сунушталган кызматтарга арзандатуулар каралат.

– «Баланс KG’ге» кошулуу үчүн абоненттер канча акча төлөшү керек?
– Бул мобилдик капчыкты колдонууда абоненттен интернет үчүн акча алынбайт. Кошулуу, колдонуу, ал тургай төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн да комиссия жок, баары бекер. Менимче, бул электрондук төлөөнүн эң ыңгайлуу, коопсуз жана оңой жолу.

«100 МИҢ АБОНЕНТКЕ 100 СОМДОН БЕЛЕК»

«Скай Мобайлдын» аймактарды өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Мунарбек Атчабаров «Баланс KG’ни» Кыргызстандын айыл-кыштактарындагы абоненттер да колдоно алышарын айтат.
– «Beeline» байланышы Кыргызстандын бардык аймактарында жеткиликтүү экенин билебиз. Бул мобилдик капчыкты региондордогу абоненттериңиздер дагы колдоно алышабы?
– Ооба, кызмат Кыргызстандын аймагындагы бардык айыл-кыштактардагы абоненттерге жеткиликтүү.
– Ал эми колдонуучулар балансты кантип толукташат?
– Кадимки номерге кандай бирдик салса, бул капчыкка акча салуу деле ошондой шартта жүргүзүлөт. Күн-түн дебей, каалаган учурда дүкөн же терминалдар аркылуу балансын толуктап, каалаган учурда корото берсе болот.
– Кандай гана кызматтар болбосун эл түрдүү арзандатууларды, акцияларды, белектерди жакшы көрөт...
– Ооба, биз ал жагын да эске алдык. «Баланс KG» кызматына катталып, балансын 100 сомго толуктаган биринчи 100 миң абонентке компания дагы кошумча 100 сом белекке берүүдө. Муну менен эле токтоп калбайбыз. Бир акция аяктаса, башка акция жарыялап, абоненттердин кызыкчылыгы үчүн иштей беребиз.

«БАЛАНС KG’ГЕ» КАНТИП КАТТАЛАМ?

Бул кызматты www.balance.kg сайтына кирип же телефонуңузга жүктөлгөн тиркеме аркылуу пайдалана аласыз. Эгерде сиз Android платформасынын ээси болсоңуз PlayMarket’тен, iOS колдонсоңуз Appstore аркылуу Balance.kg тиркемесин жүктөйсүз. Баракчаны ачканда ал алгач сиздин телефон номериңизди сурап, өздүгүңүздү аныктоо үчүн номериңизге 4 сандан турган код жиберет. Кодду көрсөткөндөн кийин өзүңүз ойлоп тапкан 4 сандуу пароль коюп коёсуз. Ошентип, жеке кабинетиңиз пайда болот. Мындан ары балансыңызды толуктап, андагы акчаны корото берсеңиз болот. Ошондой эле жеке капчыгыңызды идентификация кылуу үчүн Кыргызстандын бардык аймагында жайгашкан «Дос-Кредобанкынын» филиалдарына кайрылсаңыз болот. Идентификациядан өтүп койсоңуз бардык чектөөлөр алынып, каалагандай сумманы капчыкка салып, иштете аласыз. Ал эми банктан катталбагандар капчыгына 15 миң сомго чейин салып, бир айда 30 миң сом акча айланта алышат.

«БАЛАНС KG’ГЕ» катталуу.

Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Sofy
2017-10-31 09:12:27
Эн жакшы! Ушундай дүкөн, кафе-ресторандарга толоо мүмкүнчүлүгү болгон, банктык акча которууларды жүргүзүп,такси кызматтарын, бардык толоо кызматтарын аткарган приложение болсо аябай сонун болмок, аябай ынгайлуу, укмуш керектуу приложение!
0
Syn4y
2017-10-31 10:12:00
sboi bolo beret ke4ke ele
0
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан