Нollywood reporter маалымат булагы билдиргендей, япониялык киночулар Хисаши Йошизава менен Шуншек Дейто жаңы фантастикалык «Эр жүрөктөрдүн бурганагы» («Буря отважных») тасмасын тартышты. Кыскача сюжетте 2050-жылы «кыргыз» аталган бөтөн планетадан келген жандыктар Жерди басып алып, адамзатты толугу менен кырып салышат. Акыркы тирүү калган адамдар роботтор менен «кыргыздардын» согушунда акыр аягына чейин күрөшүшөт.
Кызыгууну арттырган бул тасманын дүйнөлүк премьерасы 10-ноябрга белгиленген.