Парламенттик комитет Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоду, бул өзгөртүүлөр мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана зыянды минималдаштыруу шартында бюджет түптөөчү, ири киреше алып келүүчү ишканаларга мөңгүлөрдөн алтын казып алууга мүмкүнчүлүк берет. Мыйзамдагы бул өзгөртүү экологияга кандай таасир тийгизерин москвалык көз карандысыз окумуштуу-гляциолог Дмитрий Петраков айтып берет. Ал Кыргызстанда илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана кырдаал менен жакшы тааныш.
Өндүрүштүн бардык түрлөрү, өзгөчө кен байлыктарды казуу табиятка терс таасирин тийгизет деген пикирде адистер бирдиктүү. Башка суроо – бул маселенин масштабы, аны да эске алуу зарыл. «Кумтөр Голд Компани» өндүрүш жүргүзгөн аймактагы белгилүү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү боюнча абал мындайча:
– Бул мөңгүлөр Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн жалпы аянтынын жана көлөмүнүн 0,33 пайызын гана түзөт, өлкөнүн масштабында бул кымындай көрсөткүч. Глобалдуу жылуулануу жылына «жеп жаткан» мөңгүлөрдүн көлөмү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн 30 жыл мурдакы, «Кумтөр» иштеп баштаганга чейинки көлөмүнөн 2-3 эсе көптү түзөт. Андан тышкары 2003-жылдан 2013-жылдар аралыгында Ак-Шыйрак мөңгү массиви аянтынын 20 чарчы чакырымын жоготкон жана жоготуунун 90 пайыздан ашууну антропогендик эмес, бирок климаттык өзгөрүүлөрдөн улам болгон. Ал тургай «Кумтөр» кен ишканасындагы жардыруу иштери мөңгүлүү чокулардын чаңдоосуна олуттуу таасирин тийгизбейт, биздин былтыркы мөңгүлөрдүн чагылдыруу жөндөмү – альбедону ченөө изилдөөлөрүбүз буга далил. «Кумтөр» кен ишканасына караганда Тянь-Шанды курчаган чөлдөрдөн шамал аркылуу 100 эсе көп чаң келип, мөңгүлөрдү каптайт,- деп өзүнүн аргументтерин келтирет Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин географиялык факультетинин криолитология жана гляциология кафедрасынын алдыңкы илимий адиси, география илимдеринин кандидаты Дмитрий Петраков.
Тоо-кен өндүрүш иштеринин натыйжасында мөңгүлөр толук жок кылынган деген кептер негизсиз. Окумуштуу-гляциологдордун космостон тарткан жаңы сүрөттөрү буга далил.
– Давыдов мөңгүсүнүн бөлүгүндө, Лысый мөңгүсү жайгашкан өрөөндө сакталуучу музду которуштуруу иштери уланууда. Давыдовдун жогорку бөлүгү сакталуу бойдон, аны алуунун кажети жок. Андан тышкары жогорку бөлүгү өтө тик, чектелген техникалык мүнөздөмөдөн жана коопсуздук үчүн тоо иштери ал жерде жүргүзүлбөйт. Лысый мөңгүсүндө музду которуштуруу таптакыр жүргүзүлбөйт,- деп түшүндүрөт адис. Ошону менен бирге, анын сөзү боюнча, бул кийлигишүү аймакка эч кандай таасирин тийгизбейт, ашып кетсе микроклимат билинер-билинбес өзгөрүшү мүмкүн.
Башка мамлекеттердин өздөрүнүн жаратылыш байлыктарына кылган мамилесин сөз кылып жатып, Дмитрий Петраков ошол эле Канадада масштабдуу тоо-кен өндүрүү долбоорлору мөңгүлүү аймактарда иштээрин белгиледи. 1964-1983-жылдары жез өндүрүүдө («Грандюк» долбоору) мөңгүлөрдөн муз жок кылынган. 2014-жылы тоо-кен өндүрүүчү «Керр-Сульфурец-Митчел» долбоору бекитилген. Ишке ашыруунун жүрүшүндө мөңгүнү азайтуу жана эритүү үчүн бетин каралоо пландаштырылган. Белгилей кетсек, Канаданын экономикасында долбоордун ролу Кыргызстандагы «Кумтөрдүн» ролуна караганда бир топ кичине.
– Эгерде Канадада ишкананын экономикалык пайдасы жылына ИДПнын 8 пайызын түзсө жана өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн чоңойтуу үчүн мөңгүлөрдүн бир бөлүгүн бузууга туура келсе, ал ишканага эч ким бөгөт болмок эмес. Экология жана жаратылыш баалуулуктары жөнүндө каалаганча айта берүүгө болот, бирок мамлекеттин экономикасын көтөрүү, бюджеттик кызматкерлерге айлык төлөө жана пенсионерлерге учурунда пенсиясын берүү – башка суроо. Ар бир мамлекет терс жана оң жактарын таразалап, өзүнө эмнеси орчундуу жана маанилүүрөөк экенин тандап алат,- деп жыйынтыктады Дмитрий Петраков.