HI-TECH NEWS

СУУНУ ӨЗҮ ТАЗАЛАГАН БӨТӨЛКӨ ЧЫГАРЫЛДЫ

Quartz деп аталган бул бөтөлкө ультрафиолеттин жардамы менен куюлган сууну микробдордон жана башка кооптуу же зыяндуу деп аталган микроорганизмдерден тазалайт. Сырты темир менен капталган бул гаджет кадимки бөтөлкөлөргө эле окшош. Тазалоо үчүн бөтөлкөнүн капкагында жайгашкан ультрафиолет лампасын 1 мүнөткө жандырып коюу керек.
Аны ойлоп тапкандар бөтөлкөнүн батареясы microUSB аркылуу кубат алып, бир жолку кубаты 2 ай бою колдонууга жетерин айтышат. Андан тышкары Quartz термостун да ишин аткара алат. Аталган гаджетке жарым литр суу батат. Ал 2018-жылдын март айында сатыкка чыгып, баасы 59 долларды (4100 сомдун айланасы) түзөрү айтылууда.

TWITTER БИЛДИРҮҮ ЖАЗУУ КӨЛӨМҮН 2 ЭСЕГЕ КӨБӨЙТТҮ

Аталган компания үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында бир билдирүүгө 140 белгинин ордуна 280 белги бата турган мүмкүнчүлүктү текшерүү режиминде берген. 6 жумага созулган текшерүүнүн жыйынтыгы колдонуучулардын мактоосуна татып, компания бул шартты толугу менен ишке киргизүүнү чечти. Эми 140 гана белги баткан чектөө расмий түрдө алынып, 280 белги менен жазуу бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болуп калганын Twitter’дин генералдык директору Жек Дорси коомчулукка билдирди. Ал бул мүмкүнчүлүк корей, япон жана кытай тилдери үчүн берилбегенин айтып, алар 140 белгиге деле иероглифтер аркылуу оюн толук жеткире алышат деген ойдо.
Twitter 2006-жылдан бери 140 символ менен иштеп келе жаткан.

СУУНУ ШАРАПКА АЙЛАНДЫРГАН СТАКАН ЧЫКТЫ

Сингапур улуттук университетинин окумуштуулары Vocktail деп аталган стакан ойлоп табышты. Мындай стакан адамдын даам сезүү, көрүү жана жыт билүү рецепторлорун алдап, куюлган суусундуктун түсүн, жытын жана даамын алмаштыра алат. Аталган гаджеттин астындагы светодиоддор анын өңүн алмаштырса, анын кырындагы электроддор аркылуу адамдын тилине таттуу, туздуу же ачуу даам келгендей сезим калтырат. Ал эми идиштин ичиндеги түтүкчө суусундуктардын жытын чыгарып турат. Мисалы, лимонад сыяктанган суу лайм же алмурут өңдүү жемиштей жыттанса, шарап сыяктанган сууга түрүнө жараша тиешелүү жыт берилет. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, бул алгачкы санариптик стакан алкоголдук көз карандылыкты жоюуга жардам берет. Андан тышкары анын артыкчылыктарына калориясы жоктугу, арзандыгы жана зыянсыз экени кирет. Университеттин окумуштуулары Vocktail’ди келечекте кеңири колдонула турган пайдалуу гаджет болот деп ишендиришет.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
islamik
2017-11-14 16:52:44
Стакан жакты мага
0
Shekeev969798
2017-11-20 00:59:42
Twitter ге ким кирет Мисалы мен вопшим кирбейм
0
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан