Өмүрбек Текебаев: “АК ЖОЛДУН” КОЛДООСУ МЕНЕН
ПРЕЗИДЕНТ БОЛГОНДОН КӨРӨ...”
Өмүрбек Текебаев: “Ак жол” партиясынын колдоосу менен президент болгондон көрө Кыргызстандын жөнөкөй жараны болгонум жакшы”,- деп билдирди. Анын айтымында, “Ак жолчулар” Убактылуу өкмөткө: “Келгиле, биз силерди легитимдештиребиз, анан иштей баштайсыңар”,- деп кайрылышкан. “Убактылуу өкмөттүн бир дагы өкүлү мындай кадамга барбайт”,- дейт “Ата Мекен” лидери.
Ошентип, буга чейин эле тиги жээктен бул жээкке өтө качмай илдеттен алыс саясатчы катары бааланып келген Өмүрбек мырза өз принциптеринен тайбай турганын дагы бир ирет далилдеди.
АЙРЫМ КҮЧТӨР БАШ АЛАМАНДЫК ЖАРАТУУ НИЕТИНДЕ
12-майда “Жаш тегин” жаштар кыймылынын 2 миңден ашуун өкүлү баш калаадагы эски аянтка чогулуп, митинг өткөрүштү. Анда жаштар Убактылуу өкмөттү сындап, Курманбек Бакиевдин кармала электигине, чек аралардын ачылбай жатышына жана күйүүчү майлардын кымбаттап кетишине нааразычылыктарын билдиришти. Дал ушундай пикирлерин билдирип жаткан бул топтун чыныгы максаты, жүзү кийинчерээк билинди десе болот. Тактап айтканда, алар Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин жактоочулары экендиги белгилүү болду. Топ башында жүргөндөр чогулган элге “Шаарды Түлеев тартипке алып келет”, “Бизге Түлеевдей лидер керек” деген жазуусу бар баракчаларды таратышты. Ошондой эле чогулгандар: “Убактылуу өкмөт элдин алдына чыгып жооп берсин. Болбосо, өзүбүз кирип алып чыгабыз”,- деп кыйкырып жатышты. Эч ким чыкпаган соң чогулган топ тарап кетти.
Бул топко жооп иретинде Убактылуу өкмөттүн жактоочулары жана КСДПнын мүчөлөрү “Форум” ишканасынын алдында чогулуп, шаарды аралай басышып, саат 18 чамасында эски аянтка келишти. Утурумдук өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жактоочулардын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал: “Убактылуу өкмөттүн ишин сынга алып, бүгүн акция уюштургандардын ичинде чагымчы-провакаторлор бар”,- деп баса белгиледи. Ал ошондой эле өлкөнү ыдыраткысы келген топтордун максаты ишке ашпасын билдирип, чек араны ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
ОРУСИЯ ДАЯРДАП ЖАТКАН ХАНЗААДА УШУЛБУ?
Апрель окуяларынан кийин “Орусия Кыргызстанга президент кылуу үчүн бирөөнүү даярдап жүрүптүр. Ал генерал Эргеш Алиевдин небереси имиш” деген кептер эл арасында кеңири таркаган. Милиция кызматында кыргыздардан чыккан биринчи генерал Эргеш Алиев экендигин, учурда ИИМ академиясы дал ушул инсандын атында экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Мына ушул генералдын небереси Бахтияр Алиев В.Путин “таптап” жаткан кадр экендиги буга чейин ара-чолодо айтыла калып жүргөн.
Ошол Бахтияр Алиев Кыргызстандын жарандарына 11-майда “Zpress” агенттиги аркылуу кайрылуу жасап, Кыргызстан бүгүнкү күндө күчтүү бийликке, күчтүү кризис-менеджерге муктаж болуп тургандыгын билдирген. Тактай кетсек, генерал-майор Бахтияр Алиев учурда Орусия Федерациясынын Коопсуздук кызматында иштейт.
МИТИНГЧИЛЕРГЕ ОК АТКАН 8 СНАЙПЕР КАРМАЛДЫ
“11-май күнү 5 снайпер колго түшүп, дагы кармалган 3 снайпер түштүктөн Бишкекке алынып келинет”,- дейт Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаров. Аларга “7-апрелде Ак үйдүн чатырынан демонстранттарга ок аткан” деген күнөө коюлуп, учурда снайперлер тергөөдө суракка алынышууда. А.Бекназаровдун айтымында, 50 снайпердин винтовкасы табылып, алар аркылуу снайперлердин кай жерден аткандыгын аныктап жатышат.
“Мурунку Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов Баш прокуратура тарабынан кармалды”,- деп аталган органдын Басма сөз кызматы билдирет. Азыркы учурда Т.Турдумамбетов буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча тергөө тобу тарабынан суракка алынууда. Экс-министр мырзага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, андан сырткары “Түндүкэлектро” Ачык акционердик коомун төмөндөтүлгөн баада мыйзамсыз менчиктештирип берген” деген күнөө коюлууда.
ОШТО ОРУН ТАЛАШ
13-майда Ош шаарында Убактылуу өкмөткө каршы көз караштагылардын митинги башталып, Курманбек Бакиевдин тушунда Ош облусунун губернатору болуп турган Мамасадык Бакировдун тарапташтары обладминистрацияны басып алышты.
Милиция кызматкерлери нааразычылык акциясын сырттан көзөмөлдөшүп, аралашышкан жок. Убактылуу өкмөт тарабынан дайындалган губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков чыгып, эки тарап сүйлөшүү жүргүзүштү. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу маалымат белгисиз бойдон калууда.
Облустук администрацияны басып алышкандан кийин М.Бакировдун тарапташтары атайын топ түзүп, имаратты коргоого алышты. “Алар ушундай эле аракеттерди Жалал-Абадда, Баткенде да жасоону максат кылышууда” деген кептер бар.
MEGACOM КОМПАНИЯСЫНЫН ИШИ
ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАБАЙТ
Акыркы айларда аталган компаниянын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу аракеттери болгон. Бирок Убактылуу өкмөт жеке менчик ээсинин кызыкчылыгын коргоп, азыркы учурда компания тийиштүү сапаттагы кызматты толук аткарууда. MegaCom компаниясынын баш директору Андрей Силичтин айтымында, жумуш жана кызмат көрсөтүү үзгүлтүккө учурабай, 2010-жылдын биринчи чейреги боюнча 250 миллион сом салык төлөшкөн. “Баш прокуратура жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Алексей Елисеев, Евгений Гуревич жана башкаларга карата кылмыш иши козголду. Алар MegaCom компаниясынын уставдык капиталынын 51 пайызын мыйзамсыз басып алгандары үчүн айыпталышууда”,- дейт ал.
Ал эми юрист Аюр Доржиевдин маалыматына таянсак, аталган компания буга чейинки мыйзамсыз иш-аракеттердин айынан 20 миллионго жакын каржылык жоготууга дуушар болгон.
Окурмандын ою
НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮ КАНДАЙ?
7-апрель окуясынан кийин Бишкектин мурунку мэри Н.Түлеевдин “мен саясатчы эмесмин, мен чарбачыл адаммын” дегенин көптөгөн гезиттер жазып чыгышты эле. Бирок 12-май күнү Жогорку Кеңештин имаратынын жанында Түлеевдин жактоочуларынын митинг өткөрүп жаткандыгын көрдүм. Ушундан улам өзүмдүн жарандык оюмду билдирүүнү туура таптым.
Экс-мэрдин миңге жакын адамды аянтка алып чыкканы түрдүү күмөндү туудурат. Аны борбор шаардын оңолушуна чоңң салым кошту деп келебиз. Чынында, айтылган жумуштун баары мэрдин милдетине кирери анык эмеспи. Шаардын акчасын шаарга эле сарптап жатты. Былтыркы жылы мэрия аткарган иштерди бирден тизмелеп, кудум каражаттын баарын Н.Түлеев өз чөнтөгүнөн чыгарып жасаткандай сүйлөп жатышты. Бирок баш калаанын көчөлөрүн, жолдорун кыйратып оңдогон жок го. “Орто-Сай” базарынын айланасындагы, 6-7-кичирайондордогу, Туңгуч тараптагы жолдорду көз алдыга келтирип, “шаарды оңдоду” деген кеп менен макул болбой кетесиң. Тескерисинче, апрелден бери шаарыбыздын ар кайсы көчө-жолдорун жамап-жазгап, бир топ оңдоп жиберишти. Атүгүл таштандылардан тазалоо иши да азыр мурдагыдан жакшы жүрүп жатканы байкалууда.
Акыркы күндөрү экс-мэрдин айланасында болуп жаткан иштер Түлеев канчалык “саясатчы эмесмин, чарбачылмын” деп кыйкырбасын, түпкүрүндө саясий кызыкчылык бар экенин айгинелейт.
Актан, Бишкек шаары.
Айбек Кочкоров, Эльвира Караева
politika@super.kg