6-ноябрга караган түнү Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишти. Улан Салянов денесине тийген 2 октон улам каза тапкан. Кылмышкерлер бет капчан, аскердик өтүк, камуфляжчан болушканын айтышат күбөлөр. 42 жаштагы Улан Саляновду кимдер, эмне максатта өлтүрүшкөнү азырынча табышмак...
КЫЛМЫШКЕРЛЕР КАРМАЛА ЭЛЕК
2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү 1975-жылы туулган Улан Саляновду Бишкектин Көк-Жар конушундагы үйүнөн белгисиз адамдар атып кетишкени тууралуу маалымат Чүй ОИИББине келип түшкөн. Түнкү саат 1 жарымдар чамасында бет капчан куралчан белгисиз адамдар Улан Саляновдун үйүнө кирип, ага тапанчадан эки жолу ок атышкан. Алган жаракатынан улам Улан Салянов ооруканада каза болгон. Маркумдун 17 жаштагы уулу Абай кылмышкерлерден качып кутулган. Маалыматтарга караганда, маркумду аткан соң кылмышкерлер ак түстөгү минивен менен качып кетишкен. Бул кылмыш боюнча Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышкерлер азырынча кармала электигин, учурда аларды издөө иштери жүрүп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. ИИМдин маалымат кызматы болсо «Аида Салянованын инисинин өлүмүндө саясий себеп жок» деп билдирүү таратты.
«УЛАНДЫН ДУШМАНДАРЫ БОЛГОН ЭМЕС»
Маркумдун агасы КАРЫБЕК САЛЯНОВ иниси тууралуу көзүнө жаш ала буларды айтып берди:
- Ошол түнү саат 2лерде жакындарым «Уландын үйүнө келип калчы» деп чакырышты. Бирок эмне болгонун айтышкан жок. Уландын үйүнө келсем короо толо милиция кызматкерлери жүрүптүр. Үйгө кирип барсам эле келиним ыйлап, «бет кап кийген адамдар Уланды атып, Абайды болсо алып кетишти» деди. Инимди ооруканага алып кетишиптир. Анан Аида мага телефон чалып врач керек экенин айтты. Мен тааныш врачты алып барсам, ал убакта Улан үзүлүп кеткен экен. Медициналык кароо үчүн сөөк өлүкканага калтырылды, биз болсо кайра үйгө келдик. Ал убакта баласы табылып, тергөөчүлөр андан түшүнүк алып жатышкан экен. Келинимдин айтымында, ошол убакта алар намаз окуу үчүн турушкан. Өзү бир бөлмөгө намаз окуганы киргенде, Улан конок бөлмөдө калган экен. Ал эми балдары өз бөлмөлөрүндө болгон. Келиним намаз окуп баштаган учурда терезеден сыртта бир-эки адамдын ары-бери өткөнүн көрүп, балдар короодо жүргөн окшойт деп ойлоптур. Аңгыча эле аркы бөлмөдөн ызы-чуу түшүп калды дейт. Эшикти ача салса бет капчан бирөө «унчукпа» деп башына тапанча такап, «эгер бери чыксаң өлтүрүп салабыз» дептир. Калчылдаган бойдон каршы турган бөлмөнү караса баласына да бирөө тапанча такап туруптур. Анан эле «тарс» деген үн чыгыптыр. Балким, ошол учурда Улан кылмышкерлер менен кармаша кеткенде атып салса керек. Менин оюмча, иним алар менен кармашып жатып бирөөсүнүн колунан кармаган окшойт, ал атканда инимдин бутун ок тешип өтүп полго кирип кетиптир. Уланга алы жетпей калганда баласына тапанча такап турганы инимди атып жиберген окшойт. Ошол учурда уулу эшикти жаап, өзүнүн бөлмөсүнүн терезесинен чыгып кошунасынын үйүнө чуркап кирип кетиптир. Уланды аткан соң алар үйдөн чыгып баланы издеп, таппай калышыптыр. Алардын жанында фонарик да болгон. Биз үйдөн полго кирип кеткен окту таптык, ал эми экинчисин издеп таппай койдук. Улан сүзүлгөн же бузулган унааларды оңдоп иштеп тиричилигин кылып келчү. 20 жылдан бери үй-бүлөсү менен намаз окучу. Анын үйүнө бастырып кирип атып кетчүдөй душманы жок эле.
«БУЛ КЫЛМЫШТЫ АТАЙЫН ДАЯРДАЛГАН ТОП КЫЛДЫ ЖАНА САЯСИЙ БУЙРУК ДЕП ЭСЕПТЕЙМ»
Маркумдун эжеси АСИЯ САЛЯНОВА инисинин өлүмүн саясий буйрук деп эсептейт:
- Бул кылмыш саясий буйрук экени ачык эле билинип турат. Уландын үйүнө кирген кылмышкерлер тоноочулар эмес экен, акча тууралуу ооз ачышпаптыр. Эгер акча керек болсо, акча талап кылышмак да. «Тоноо үчүн киришкен» деп жөн эле сөздөр тарап жатат. Кылмышкерлер камуфляжчан, бет капчан, аскердик берцы кийген, куралданган адамдар болуп жатпайбы. Ошондой эле колу-бутун байлаш үчүн атайын алып келишкен жиптери үйдө калып калган. Аны милиция кызматкерлери экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишти. Кылмышкерлер кара түстөгү унааны үйдүн эшик жагына артын каратып токтотуп коюшкан экен, ары жакта болсо ак түстөгү Тойота Прада үлгүсүндөгү унаада камуфляж кийген адамдар болушкан. Менин оюмча, алар инимдин колун байлап, эшиктин алдына токтотуп койгон унаага салып кетмекчи болушкан. Ушунун баарын угуп туруп биз кантип ууру кирди деп айтабыз? Бул атайын даярдалган топ жана саясий буйрук. Инимдин үйү ууру кирчү үйгө деле окшобойт, дарбазасы жок, ичи бүтө элек. Биз кылмышкерлер сөзсүз табылышы керек деп жатабыз. Бизди баарыбызды чыркыратып коюшту, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Алардын да жакындары биздей болуп сыздап калсын. Менин айтарым ошол.
«УЛАНДЫ БИЗ АИДА САЛЯНОВАНЫН БИР ТУУГАНЫ ЭКЕНИН БИЛГЕН ЭМЕСПИЗ»
Маркум Улан Саляновдун кошунасы ШАЙКҮЛ МУКАНБЕТОВА окуя болгон түнү эч нерсени сезбегенин айтып, буларга токтолду:
- Түндө бизге эч нерсе угулган эмес, бир убакта милиция кызматкерлери кирип үйүбүздү текшерип кетишти. Ошондо гана кошунабызды атып кеткенин билдик. Бул жак жаңыдан курулуп келе жаткан конуш, көбүнүн үйүнөн суу чыкпайт. Уландын короосунан суу чыккандыктан, бул тегеректе жашаган бардык кошуна-колоң сууну аныкынан алчубуз. Уланды күндө эле көрчүбүз, үйүн бүтүрүү менен алек болуп жүрчү. Ушул убакка чейин анын Аида Салянованын бир тууганы экенин билген эмеспиз. Биз аны атып кеткенден кийин гана депутаттын иниси экендигин билдик. Улан абдан жөнөкөй адам болчу, жубайы да эч качан саламын үзбөй биз менен мамилеси жакшы.
Биз маркум Улан Саляновдун жоро-жолдошторуна жолукканыбызда анын ак көңүл жана чынчыл сапаттарын баса белгилеп жатышты. Айтымдарында, маркум намаз окуганына көп болгон, ичимдик ичип, чылым чекчү эмес.
«АИДА САЛЯНОВАНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДООНУ СУРАНАБЫЗ»
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы билдирүү таратты. Анда кылмыш маркумдун эжеси Аида Салянованын саясий көз карашына жана буга чейинки болгон иш-аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылды. «Улан Салянов эч качан саясатка аралашкан жана эжесинин позициясы менен бөлүшкөн эмес. Ал бизнес өкүлү да болбогондуктан кылмышта акча кызыкчылыгы болгон деген жаңылыштык. Ал карапайым жана камкор ата болуп, Көк-Жар конушунда курулушу бүтө элек үйүндө 2 уулун тарбиялап жашап жаткан. Ошондуктан орто турмушу бар бирөөнүн үйүнө куралдуу кол салуу болушу мүмкүнбү? Бул кылмышты Аида Салянованын жалгыз инисин өлтүрүүнү көздөгөн адамдар жасаган. Муну кылмышкерлердин үйгө бет капчан жана камуфляж форма кийип келгени далилдеп турат. Кылмышкерлер баалуу буюм-тайымга тийген эмес жана үйдүн ичин тинтип бир нерсе издешкен эмес. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, бул кылмыштын бети толук ачылмайынча жана кооптуу абал жоюлмайынча Аида Салянованын үй-бүлөсүнө коопсуздукту камсыздоону УКМКдан суранабыз».
Куралчан кылмышкерлердин карапайым адамдын үйүнө бастырып кирип, атып кетүүсү, алардын эмгиче кармалбай жатышы криминалдын күчөшүнөн кабар берет.Коомчулук кылмышкерлердин кармалып, жаза алышын талап кылат. "Супер-Инфо" гезитинин жамааты өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага иниси Салянов Улан Жеңишбековичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Иниңиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg