БИЙИКТИККЕ КАРАЙ. ПАРКУРДУН ӨЗГӨЧӨ ТҮРҮ – РУФИНГ

Бул өнөргө кызыккандар акыркы технология менен жабдылган спорт зал же кымбат металлдардан салынган турник аянтчасын коюп берсе да кызыкпастыр. Себеби алар үчүн бийиктик биринчи орунда. Жер шарындагы эң бийик деген имараттарда чимириле секирип жүргөн, көк тиреген курулуштардын кырынан жердегидей эле чуркап, ар кандай акробатикалык көнүгүүлөрдү аткарган спортчулар учурда популярдуу болуп жаткан чагы. Бул өнөр - паркурдун бир түрү саналган руфинг.

«ЧАТЫРДЫН ЧАП КЕНЕЛЕРИ»

Руфинг аталышы «roof» деген англис сөзүнөн келип чыгып, кыргызча «чатыр» деп которулат. Ал эми эң бийик делген имараттардын чатырында машыккан адамды "руфер" деп атап келишет. Руферлердин имаратка кулап кетпей жармашып чыкканын кене менен салыштырып, аларды «чатырдын чап кенелери» деп коюшат.
Руфинг чеберлеринин атагы чыгып баштаганынын бирден бир себеби – бул селфи. Себеби асман тиреген бийиктикке жөнөкөй адам жете алгыс жерине чейин барышкан шумдук сүрөттөрү интернет желесин бат эле каптап кеткен. Руфинг – бул көк тиреген имараттардагы воркаут же паркур. Бул өнөргө кызыккандар жерде эмес, дал ушул имараттарга чыгып, ар түрдүү машыгууларды жасашат. «Негизги максаты эмне?» деген суроолор көп жаралат. Руфинг адреналин издегендер үчүн.
Бийик жерде селфи кылууга ар кимдин кудурети жете бербеси жаш балага да анык. Баса айтып кетчү нерсе, коомдун көңүлүн бурдурган фото кадр үчүн бийик имаратка чыккандардын көпчүлүгү руфинг паркур же атайын экстремалдуу көнүгүүлөрдү жасашпайт. Алар үчүн башкысы жүрөк үшүн алган жерлерде селфилдеп алса гана болду.

КАЧАН ПАЙДА БОЛГОНУ БЕЛГИСИЗ

Руфингдин качан, кайда пайда болгону тууралуу да талаш-тартыштар бар. Кээ бир маалыматтарга караганда, чатырга чыгуу өнөрүнүн пайда болушу 1983-жыл делет. Бул жылы Сиэтл шаарындагы студенттик бир кече учурунда белгисиз 4 адам кече өтүп жаткан аймактагы бийик имаратка чыгып кетишет. Тартип сакчылары алардын изин таппай калышат. Мына ушул окуяны чагылдырган ММК өкүлдөрү чуу жараткан 4 адамды «чатырга чыгуучулар» (the roufers) деп айтышып, бул сөз кеңири колдонууга тараган.
Кай бирлери чатырга чыгуу өнөрүн фотографтар жараткан дешет. Себеби көк тиреген имараттын кыл учунан шаар архитектурасын сүрөткө тартуудан өзгөчө кадрлар жаралганын байкаган сүрөтчүлөр руфингдин негизин түздү деген пикирлер айтылат. Алгачкы руферлер булар кадимки эле фотографтар болсо, азыркылар ошол имараттарды жөн гана сүрөткө тартып койбостон, ал имараттын бооруна чап кенедей жабышып чыккан, эң төбөсүнө каккан казыктай тура алган эргулдар болуп чыкты. Алар мындай жөндөмү менен адам мүмкүнчүлүгү чексиз экенин ырастап келишет. Арабдар жер шарындагы эң бийик имаратты салуу менен дүйнөнү бир таң калтырса, руферлер ошол көк тиреген имараттын дубалдарында кадимки жерде жүргөндөй чуркаганы менен таң калтырып келишет.

СПОРТПУ ЖЕ ӨНӨРБҮ?

Учурда руфинг абдан талаш-тартышты, кайчы пикирлерди жаратып жаткан кези. Себеби руфинг менен эле бир убакта бир нече спорттун өкүлдөрү машыккандыктан алардын ар кимиси өз спортуна таандык дегендей пикирде болуп жатышат.
Дүйнөдө стрит воркаут (ачык асман алдында турник аянтчасында машыккан заманбап спорт түрү) кулачын жайып, аны менен машыккан адамды «турникмен» деп атап коюшат. Алардын кээ бири шаар ичиндеги ар кандай бийиктикте машыгышат, ал үчүн өмүрлөрүнөн ажырап калуудан да коркушпайт. Алар өздөрүн «экстрим турникмен» атап келишет. Стрит воркаут спортун КМШ аймагында тааныткан айтылуу украиналык спортчу Денис Минин руфинг бул өзүнчө спорт түрү катары саналышы мүмкүн деген пикирде. «Ким эмнеге мүмкүнчүлүгү жетсе, эмнени кааласа ошол каалоосу менен алектене берсин» дейт.
Дүйнөлүк паркур спортчуларынын арасында жалаң ушундай бийик имараттардын кылдай учунда мышыктан жеңил секирген өкүлдөрү бар. Аларды «экстрим паркур» деп атап келишет. Бирок канчалык аты талаштуу болгонуна карабай учурда «руфинг паркур» деген аталыш кеңири колдонулуп бара жатат.

ЖЫЛЫНА ОНДОГОН АДАМДАР КУРМАН БОЛУШАТ

Бул өнөр жүрөк үшүтүп, адреналин издегендер үчүн. Спортчу кенедей эле ката кетирсе өмүрүнөн айрылат. Алсак, бул спорт түрүнүн курмандыгы катары орусиялык дасыккан паркур чебери Павел Кашин аттуу жигитти айтса болот. Мыкты чебер катары саналган Кашин Санкт-Петербургдагы 16 кабат үйдүн дубалынан артка сальто аткаруу учурунда кулап кетип көз жумган. Ошондогу өмүрүнүн акыркы ирмеминдеги аткарган сальтосу сүрөткө түшүрүлүп, маркумдун ата-энеси башкаларга сабак болсун деп, ал сүрөттү атайын интернетке чыгарышкан. Дүйнө жүзү боюнча руфингдин айынан жылына ондогон адамдар имараттан кулап курман болушат.
Эң бийик имараттардын жогору жагы болгондуктан руферлер бийик имараттар курулган өлкөлөргө байма-бай каттап турушат. Өзгөчө Гонконг, БАЭ, Малайзия өңдүү өлкөлөрдүн имараттары ушундай талапта болгондуктан руферлер аталган жерлерге бат-баттан катташат. Натыйжада руферлер «чатыр туризми» деген туризмдин жаңыча түрүн жаратышты. Учурда АКШлык Киэ Вилсс, Жесси Ла Флер, орусиялык Олег Крикет, украиналык «Мустанг Вонтед» тобунун жигиттери тайманбастыгы менен дүйнөгө белгилүү болуп жаткан кези.

Руферлер интернетте бийиктиктеги укмуштуу сүрөттөрү менен популярдуу.


Эрлан Нурманбетов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2017-11-14 09:34:09
Кыргызда мындайды"оту айрылгандар"деп коет))
+22
miss2014
2017-11-14 20:15:04
Оттун айрылып ,арка моюнун астында калгыр дейт десен.
+7
aijamalkamiljan
2017-11-15 21:44:55
Biiiktikten korkom...
+2
Sultanmuratova94
2017-11-16 14:42:52
Ар кимдим кызыгуусу ар кандай дечи бирок аша чаап кеткендер да бар. Тынч эле жашай берели
+1
nematovich.90
2017-11-18 13:24:49
Молодцы бирок, Мага 1миллион $ берем десе дагы чыкпайт элем.
+3
arstanbap02
2017-11-18 17:36:10
Ой тобоо эмне деген шумдуктуу ар кимдин кызыгуусу ар башка деген ушул тура
0
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан