КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада каржы жана алыскы пландарды ишке ашыруу жагына көп көңүл бурасыз. Айланаңыздагы адамдар менен тил табышуу оорлошу мүмкүн. Өзүмчүлдүгүңүздү ооздуктап кепке конок бербесеңиз айрым жагымсыз жагдайларга туш болосуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сиз бул жумада өнөктөштөр жана акча маселесине көп басым жасайсыз. Кез-кези менен кайталанып турчу көктүгүңүздү жөнгө салбасаңыз аталган тармактагы ишиңиз ойдогудай орундалбайт. Айрыкча акча жаатындагы.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта ичи жумушуңузга берилип иштейсиз. Ийгиликтин болушу да күтүлөт. Жакын адамдарыңызга болгон мамилени жакшы деңгээлге чыгарууга аракет кылыңыз. Балдарыңызга, сүйгөнүңүзгө аяр мамиле жасаңыз. Антпесе таарынычтар орун алышы ыктымал.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизди бул жумада балдарыңыздын ийгилиги кубантат. Эс алуу, сүйүү темасы да четте калбайт. Кесиптештер менен мамиле түзүүдө жети өлчөп, бир кескен туура. Үй-бүлө мүчөлөрү, жубайыңыз менен алака кылууда токтоо болуңуз. Курч тирешүүлөр күтүлүүдө.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бул аптада камкор кожоюн же кожойке болуп чыга келесиз. Үй тиричилигине көп көңүл бөлүп, айрым буюмдарды сатып аласыз. Жолдо жүрүүдө, унаа башкарууда сак болуңуз. Бул мезгил сиз үчүн кооптуу. Айтышуудан алыс болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизди кыска мөөнөттүү жол жүрүү күтөт. Унаа, бир туугандар маселеси да козголбой койбойт. Үйүңүзгө конок келет. Маанайыңыз көтөрүлүп, бирде түшүп турат. Балдарыңызга, эс алууга чоң суммалар жумшалат. Ачууга алдырбаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Каржы, жол, туугандар көйгөйлөрү боюнча көп алагды болосуз. Аптанын баш чендеринде акча жагы сиз ойлогондой чечилет. Документтерге так болуңуз. Жеке иштериңизди чечүүдө каршылыктарга дуушар болосуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын баш чендеринде өзгөчө сүйкүмдүү болуп чыга келесиз. Сизге көңүл бурушат. Андыктан максат кылып койгон нерсеңиз болсо, азыртадан аракет жасаңыз. Акча жагы өзгөрмө мүнөздө өтөт. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кооптуу мезгил.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Купуя аракеттердин жана айрым мекемелердин аркасында жакшы пайда таба аласыз. Өз көмөчүңүзгө күл тарта бербеңиз. Жыйынтыгын аңдаңыз. Айрыкча достор, кесиптештер менен акча жаатында түшүнбөстүктөр болушу күтүлөт.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жуманын алгачкы күндөрү жакын санаалаштардын колдоосуна ээ болосуз. Андыктан эртерээк аракет жасаңыз. Кээ бир тоскоолдуктарга кабылбоо үчүн жетекчиликтин көзүнөн алыс болуңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кесиптештердин, айрыкча жетекчиликтин колдоосуна аптанын баш чендеринде ишенип коё берсеңиз, жыйынтыгы жаман болбойт. Жолдо жүрүүдө, адамдар менен алака кылууда сылык болуу сунушталат. Кооптуу мезгил.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Бөтөн шаардык адамдар, текшерүүчү органдар менен мамиле кылууда ачык болуңуз. Аптанын биринчи жарымында алар сизге жакшы колдоо көрсөтөт. Жуманын жагымсыз жагына айрым дос, кесиптештердин каржы жаатында көрсөткөн нааразычылыгы кирет.