Нурмат Садыров, ырчы: «КАРА БАШЫМДАН, МАШИНАМДАН БАШКА БАЙЛЫГЫМ ЖОК»

Нурмат Садыровду жакында гана тааный баштагандар бар. Бирок ал көптөн бери шоу-бизнестин казанында кайнап келе жаткан, эми гана үзүрүн көрүп баштаган ырчы. Ырчы мырза бул жолу чыгармачылыгынын түйшүктүү жактарына көп токтолду.

Сүйүүнү эмес, карьераны тандаган Нурмат

– Атактуулукпу же тынч карапайым жашообу?
– Атактуулук.
– Сүйүүбү же карьерабы?
– Карьера.
– Интернетпи же тынч жашообу?
– Интернет да керек, тынч жашоо да керек.
– Айылбы, шаарбы?
– Шаар.
– Уулбу, кызбы?
– Уул :)


МУЗЫКА

- Бала кезимден музыкага жакын экенимди баары билсе керек. Апам сынактарга барарда чийки жумуртканы ийне менен тешип туз кошуп, ичирип койчу. Мен да «үнүм ачылып калды» деп созолонтуп ырдап кирет элем. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге сынакты жалаң «5ке» тапшырдым. Бюджеттик бөлүм толуп калгандыктан, директорго кирип «агай, мен байдын баласы эмесмин, окуу акысын төлөгөнгө шартым жок, бюджетке окусам жакшы болот эле» десем, Тентимиш Мураталиев «азаматсың, төлөбөй эле окуй бер» деп койгон.
1-курстан тартып кафелерде музыкант болуп эмгектендим. Алгач 3 бала, 1 кыз болуп «Жани» деген топ түзүп, ал тараган соң «Трио» деген топ ачтым. «Асылзат» деген ырыбызды радиолорго бергенге акчабыз жок, «Ош базарындагы» «Беш-Сары» соода борборуна барганыбыз эсимде. «Телефондорго жаздырып берип койгулачы» деп компьютерлерге киргиздирип койдук. Ал ырыбыз телефондордо аябай популярдуу болгон. Эл бизди тааныбаса деле акча табалы деп Ысык-Көл тарапка концерт көп койчубуз. Эми таанылып, кыздар сүрөткө түшүп баштаганда «звезда» болуп, «өзүмчө чыксам болмок» деген кептер чыкты. Ал топ да тарады. Кайра кафеде ырдап калдым. Кийинчерээк Эрнис Уметалиев менен таанышып, «Сүйгөн жүрөк» ырымды жаздыргам. Биринчи маегимди «Супер-Инфо» гезитине бергем. Дагы деле эсимде, оюмдун баш-аягы жок чачырап, ойлонбой эле сүйлөй берген экем.

АЛГАЧКЫ ИЙГИЛИК

- Мен башынан эле «Ырды кайсы жерде арзан жазат?» деп издеген эмесмин. Студент кезде кафеден тапкан акчама алган музыкалык аппаратурамды 30 миң сомго сатып, «Сүйгөн жүрөк» деген алгачкы ырымды жаздырып, клип тарттыргам. 30 миң сом деген ал кезде чоң эле сумма болчу.
2015-жылы Спорт ордосунда тушоо кесүү концертимди бердим. Тилек деген досум «популярдуу болуп калдың, коркпой баштай бер» деп афишаларды чыгарып берди. Туугандарым жарнамага жардам кылышты, билеттерди алышты. Бирок Спорт ордосунун жасалгасына, ижарага олчойгон акча беришим керек, чөнтөгүмдө коко тыйыным жок. Үмүт элден эле. Эгер эл келбей карыз болуп калсам машинамды берем деп отурам. Кассага акча түшкөндө гана концертти баштадык. Эл 100 пайыз келип, 80 миң сом пайда алгам.
Буюрса, алдыда 17-ноябрда Спорт ордосунда концерт бергени жатам. Шайлоодон тапкан акчамды концертке жумшагам. Андыктан азыр киши толуп келсе да чыгымды жаппайт. Мурункулардан өзгөчөлөнүп, мында жалаң жандуу үн менен ырдайм.

ШОУ-БИЗНЕС, КУРМАНДЫК

- Гастролдо жүрүп эки жолу кырсыкка учурадым. Моюнумдагы тырыктардын баары ошондон. Айлап ооруканада жатканда апама «гастролдо жүрөт» деп коюшкан. Бирок апам кошуналардан угуп алыптыр. Кийин үйдө кой союп түлөө өткөргөнүбүздө «ырдабай эле койчу, кырсыктап кой сойгончо үйлөнүп кой сойсок болбойт беле?..» деп ыйлаган. Бул менин бала кездеги кыялым да, ошончо курмандык кылып кантип таштап коймок элем?
Бир жолу популярдуу ырчылар менен Кеминден келатып автокырсыкка кабылып, көп жаракат алдым. Ооруканага алып баргандан коркуп кесиптештерим мени таксиге салып жиберишкен. Абалымды көрүп байкем ыйлап, өзү ооруканага алып келди. Ооруканада бутум баспай 10 күндөй дааратканага көтөрүп алып барып жатышты. Ошондой абалда мени популярдуу ырчылар талаага таштап коюшкан. Күнөөкөр тарап да тосмо арыз жазгандан кийин сөзүнө турбай коюшту. Күч кайра эле үйдөгүлөргө түштү. Кыйратып акча таппасам, минтип оордугумду эле сала беремби деп аябай жаман болгом.

СҮЙҮҮ

- Искусство институтунда окуп жүргөндө бир кыз менен эки жылдай сүйлөшкөм. Ал «мени турмушка бергени жатышат. Эгер үйүңө алып барсаң, кетпейм деп отуруп алам» деген эле. Үйгө барып айтсам «байкеңди үйлөнтөлү, анан сага кезек келет» деп коюшту. Тартышкан жокмун, «макул болушкан жок» деп кызга бакыт кааладым. Көп өтпөй ал турмушка чыкты, укканда жаман болгом, аябай көнүп алган экем. Азыркыга чейин сүйлөшкөн кыздарды ага салыштыра берем. Кыздар менин ырдаганымды эмес, өзүмдү сүйсө дейм.

ПОПУЛЯРДУУЛУК

- Мен шоу-бизнеске бир жылда эле келген эмесмин, буюрса, бир күнгө да келген жокмун. Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков популярдуу болуп турган кезде Москвага чейин барып, алардын концерттерин алып барчумун. Кайсы белгилүү ырчы болбосун аймактарга мени кошуп алышчу, Бишкекке келгенде эле чакырбай коюшат эле. «Аймактарга Нурматты чакырасыңар, Бишкекке келсеңер эле унутуп каласыңар» деп тамашалап калчумун. Чынында өзүмчө таарынып, ызаланчумун. Көрсө, алар мени популярдуу болбогонум үчүн чыгарчу эмес экен да.
Кээ бир ырчылар менен айлап гастролдоп жүрүп бир сому жок үйгө келет элем. Бир жолу эжем «ушинтип жүрө бересиңби?» деп ыйлагыдай болуп жумушунан акча сурап, окууга кийинтип жөнөткөн. Борончу (ред.: Кудайбергенов) байкенин «Кайдасың?» ыры мода болгон учурда экөөбүз концерт коюп эл кыдырганбыз. Ал киши үйрөткөн анекдотту айтсам, кээде эл күлбөй койгон күндөр да болгон.

«МЕНИ ӨЗГӨРТКӨН КЕСИП»

- Адам ийгиликке жетишкен сайын колдогондор да, артка тарткандар да көп болот экен. Бирок шоу-бизнестен тышкары тапкан досторум мени бардык тараптан колдой турганына ишенем. Айрымдар мени «Өзгөрдүң, сүйлөгөнүң да башкача болуп кетти. Мамиле керек эмеспи сага?» дешет. Мурун убактым кенен болчу, жүзмө-жүз сүйлөшкөнгө убакыт тапчумун. Азыр шарт башка. Ушунча мээнет менен ийгиликке жетип жатсам кантип артка кайтмак элем? Канча көп акча тапсам, ошонун баарын кайра чыгармачылыкка жумшап, мындан ары да өскүм келет. Үйгө да көп турбайм, апамдар «бир айда бир жолу эле болбосо, Нурматты көрбөйбүз деле» деп көнүп калышты. Бирок кайда болбоюн ден соолугумду, амандыгымды тилешет. Азырынча кара башымдан, анан машинамдан башка эч нерсем жок. «Өмүрүңдүн жарымын кадыр-баркың үчүн иштесең, калганын кадырың сен үчүн иштеп берет» дегенге аябай ишенем. Ошого Кудай берген жашымдын жарымын кадыр-баркка иштесем дейм, материалдык байлык мен үчүн өтө деле маанилүү эмес.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурмат Садыров: "Жактырган кызыма үйлөнөйүн десем ата-энем каршы болуп койгон"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
toma95
2017-11-14 13:13:32
алтын баш аман болсо баары табылат.
+6
gulzat91
2017-11-14 13:25:21
ата энен бир туугандарын сен учун байлык эмеспи НУКЕ
+6
Alibek-0001
2017-11-14 18:21:45
Меникиндей джинсы курткасы бар экен
-1
jazdynaiymy
2017-11-15 00:22:47
Абдан таланттуу,жонокой адам. Адамгерчиликти жогору койгону байкалып турат. Кээ бир 2 ыр жаздырып оздорун жылдыз сезген ырчыларга салыштырмалуу бир топ эле жонокой.Келечекте дагы да ийгиликтер коштосун. Жагымдуу,хит ырларды жаратып журо бериниз
+1
mmdina2013
2017-11-15 11:28:43
Mynda ozgocholonup janduu yrdaim deit....mmmmm a konsert degen ozu janduu bolot go...ehhh bizdin yrchylar
-2
gulanda92
2017-11-15 14:24:26
Азамат Нурмат ийгилик башка ырчы мырзаларга салыштырмалуу жонокой.Сени сыйлайм
0
munduz2016
2017-11-15 14:25:46
Азамат,өнүгө бер,аракет кыла бер!!
+1
Sezima89
2017-11-15 15:06:56
Байкуш аябай жарыялаптырго кара башымдан Машинамдан башка эч нерсем жок деп.
-2
Nurkyz1977
2017-11-15 21:25:13
Жердешим иним аман бол ойлогон ойлорун ишке ашып туболук бактылуу бол. Токтогулдун торгойлору таншый бергиле унунор очпосун,сайрагыла кубулжугула онорунор оркундоп осо берсин.
0
farida.kg.1991
2017-11-15 23:19:43
Жонокой мана абдан жагат
0
Gulnaz.GS
2017-11-19 16:52:22
концерт жакшы отту.рахмат.чынын айтсам ырын уккан жокмун.просто хотела обнимать.жанымда кыздар гул алып келбептирбиз хотя бы ООП келмекпиз дешип аткан.мен сагындым.
0
Birimdik5555
2017-11-20 01:23:40
Азаматсын ийгилик
0
Aznazalai
2017-11-20 10:52:55
Ушул ырчылар Эч эле кордум дешбейт экен да
0
Lina
2017-11-21 01:23:55
Сага деген ырын абдан жагат
0
ALMAAAN
2017-11-21 04:01:14
Красавчик ырлары жагат
0
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан