Жомок. КУЙРУГУН ЖАЗАЛАГАН ТҮЛКҮ


Түлкү талаада жойлоп жүрсө, аны ит ээрчиткен аңчылар көрүп калышат. Алар тайгандарын агытып, түлкүнүн артынан коё беришет. Түлкү буту-бутуна тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жемин жулдурган бөрүдөй болуп аңкайып сыртта туруп калышат.
Ийиндин түп жагына жетип, бир аз эс алган соң түлкү:
– Көзүм, көзүм, сен эмнени көрдүң?- деп көзүнөн сурайт. Анда көзү:
– Мен болгон окуянын бардыгын көрүп турдум. Тайгандар жакындап келе жатканын, ушул жерде ийин бар экенин көрдүм,- дейт.
Түлкү:
– Кулагым, кулагым, сен эмнени уктуң?- деп сурайт. Анда кулагы:
– Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп, сага алардын жер жарган дабышын билгиздим,- деп жооп берет.
Андан кийин түлкү:
– Мурдум, мурдум, сен эмне кылдың?- деп сураса, анда мурду:
– Мен коңурсуган жаман жыттуу иттердин жакындап калганын сезип, сага билгиздим,- деп жооп берет.
Түлкү:
– Буттарым, буттарым, силер эмне кылдыңар?- деп сураса, буттары:
– Биз күчүбүздүн келишинче тез чуркап, иттерге жеткирбей, сени ушул ийинге алып келдик,- деп жапырт жооп беришет. Алардын жоопторуна маашырланган түлкү:
– Куйругум, куйругум, булар мага минтип жардам берди, сен эмне кылдың?- деп сураса, куйругу:
– Мен тайгандар келе жатканда коркконумдан эч айламды таба албай сенин эки арткы бутуңа жашынып калдым,- дейт.
Ошондо түлкү ачуусу келип:
– Сен менин буттарыма жолтоо кылып, тез чуркатпай кармап жаткан турбайсыңбы. Иттер кармап алсын деген арам ойдо экенсиң го! Мен сени иттерге салып берейин, акеңди гана таанытайын,- деп ачууланып куйругун ийиндин сыртына булактатып, боортоктоп жатып калды. Ийиндин оозунда аңдып турган иттер сүйүнгөн бойдон түлкүнү куйруктан тиштеп чыгарып, талап киришти.
Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү иттерге жем болуптур.

(Кыргыз эл жомогу)


Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан