Андай болбой эле койсун деңизчи, бирок башыбызга иш түшсө ата-энебизге эмес дароо бир тууганыбызга кайрылабыз. Бул ата-энебизди сарсанаа болбосун деп аяганыбыз болсо керек. Аска-зоо бир туугандар аман болсун дейли. Бүгүнкү каарманыбыз ырчы Алтынай Нарбаеванын агасы Алижан Нарбаев карындашынын бала кездеги кызыктуу жоруктарын айтып маек куруп берди.
«АТА-ЭНЕМ МЕНИ АЛТЫНАЙДАЙ ЖАКШЫ КӨРҮШЧҮ ЭМЕС»
- Апам Алтынайды кырктан өтүп калганда төрөптүр. Улуу эжелерим «биз менен жарышып төрөйсүзбү, төрөбөй эле коюңуз» деп каршы болушуптур. Үйгө чыгып келгенде «капкара кыз турбайбы» деп эжелерим көтөрбөй да коюшуптур. Ата-энем мени Алтынайдай жакшы көрүшчү эмес, 5-6 нерсе сурансам араң бири аткарылчу. Ал эмне кааласа жерден чукуп болсо да ыйлап, жалдырап, эркелеп жатып таптырчу. Мен анын бул сырын билгенден кийин атаандашпай деле калгам. Анткени ал бир туугандардын эң кичүүсү. Эс тартканы иши кылып ушул чуу чыгарбай тынч болсо экен дечүмүн. Алтынайдын оюнчуктары көп, баары дүкөндөн алынган эле. Меники болсо көчөдөн таап алган, момпосуйдун тыштары болчу.
Бир жолу апам үйдө жокто урушуп кетип, Алтынай ыйлап калды. Терезе жапыз эле, ошого отуруп алып, көчөдөн апамды карап күтүп отурду. Апам келгиче алаксытайын деп ар нерсени айтам, күлдүрөм. Сураганыма жооп берет, күлөт, курсагы ачса нан жеп келет, дааратканага барат да кайра эле ыйламыш болуп калат. Жашы эчак чыкпай калган. Анын негизги максаты – апам келгиче ыйлап, мени жазалатыш керек. Арадан эки саат өткөндө апамдын карааны көрүндү эле, Алтынай үнүн катуулата баштады. Апам 2 колундагы 2 баштыгын жолго таштап үйгө чуркады. Мен сыртка качып жөнөдүм. Кошуна менен биздин чарбактын ортосун бөлгөн тикенек зымдан өтүп кетип кубалап келе жаткан апамдан кутулгам. Ошондон кийин карындашымды апам жокто деле урушууга болбосун түшүнгөм.
Эртең менен дайыма саат беште турчу элек. Ойгонгондо курсагыбыз ачып калат да, төшөккө жатып алып нан жечүбүз. Жылуу төшөктөн тургубуз келбей, «нанды сен алып кел, мен алып кел» болуп жата берчүбүз. Алтынай турат да апамдын бышырган нанынан өзүнө үзүп келип «беш союз» деп жатып алат. Ал бөлүшпөйм деген белги эле. Мен туруп баргыча Алтынай жеп бүтөт да, мен үзүп келип «беш союз» деп жеп жатып алам.
«АЛТЫНАЙ ОТУРУШ ӨТКӨЗӨРДӨ АРЫКТАГЫ ЧӨПТӨН БЕРИ ТАЗАЛАЧУБУЗ»
- Апам Алтынайдын туулган күнүн дайыма өткөрүп берчү. 5-класста окуп жатканда, «бир жыл өткөрбөй койсоң эч нерсе болбойт» деп каршы болуп койду. Мектепке барып, классташ кыздарынын баарын конокко чакырып, «мен билбеген киши болом силер ар бириң бирден белек алып келгиле» дептир. Үйдө чай ичип отурсак, Алтынайдын классташтары келе жатат. Бирөөнүн колунда чыны, экинчисинде китеп, үчүнчүсүндө "открытка". Апам «сен айткан экенсиң, ээ» десе такыр моюнуна албай койду. Ошентип баары бир конок тостук. Кийин өзү айтып койгонун моюнуна алды. Чоңоюп калганда Алтынай отуруш өткөрсө баарыбыз иштечүбүз. Чарбактагы арыктагы чөптөрдү жулдуруп, короону тазалатып, шифоньердин үстүнөн бери сүрдүрчү. Эми шифоньердин үстүн ким көрөт десең.
«МУРДУМАН СУУ КУЮЛУП, УЯТ БОЛГОМ»
- 7-класста окусам керек, мен класском болчумун. Бир жолу классташ кыздарыбыз бизден чоң балдардын отурушуна барыптыр. Балдар аларды кызганып урушуп кеттик. Айрымдарын ыйлатып койдук. Эртеси окуучулардын баарына чогулуш болуп, мени линейкага чыгарышты. Алтынай мен үчүн уялып, кыздардын артына жашынып туруптур. Бир убакта мурдумдан суу куюлуп кетсе болобу, аны өзүм байкап калып шуу эттирип кайра тартып алдым. Алтынай үйгө келип «жер жарылып кетпеди же мен жерге кирип кетпедим. Карасам, мурдуң агып жатыптыр, ушинтип класском болбой эле койбойсуңбу» деп ыйлактады. Мурдумду тартып алганда завуч «азамат» деп айтыптыр, аны Алтынай айтып жатпайбы.
Бир туугандар баарыбыз маданий иш-чараларга активдүү катышчубуз. Ырдап, декламация айтып, бийлечүбүз, роль аткарчубуз. Ошондо түшкөн сүрөттөрүбүз бар эле, ата-энемдин көзү өткөндөн кийин жоголуп кетти. Айылдагы үйдө мен калышым керек эле, бирок жөн жерден үйлүү болуп калгам. Жумушума байланыштуу Куршаб айылында иштеп, бирөөлөрдүн кеңеши менен айылдын борборунда бекер бир үйгө кирип, үй-бүлөм менен жашап жаткам. Ал белгилүү бир адамдын үйү экен. Анын туугандары келип «кет эле кет» деп кубалай берчү. Бир жолу түйүнчөгүмдү түйүп кеткени жатсам бир киши келип «короодогу теректериң сатылабы?» деди. Маанайым жок, «сатылбайт, мен квартирантмын» дедим. «Үйдүн ээси мен болом, сенин чынчылдыгың жакты, үйдү сага белек кылам» деп кетип калды. Бир айдан кийин ал кишинин көзү өтүп кетиптир. Бирок аялына аманат кылган экен, келип үйдү мага өткөрүп беришти. Ошентип мен үйлүү болуп, ата-энебиздин үйүндө агамдын баласы туруп калды.
«МАГА 3 КАБАТ ҮЙ САЛЫП БЕРДИ»
- Удаа болгондуктан экөөбүз аябай сырдашпыз, ал мени «подружкам» деп коёт. Эч кимге айтпаган сырларыбызды айтышабыз. Ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Андан кийин 3 агам кырктын кырына чыкканда эле кайтыш болуп кетишти. Алтынай мени да жоготуп алуудан коркобу, билбейм, үйүнө барып калсам «атамдай эле болуп калдың» деп аталап тосуп алат. Кайра кеткенимде ыйлап калат. Үйүнө барганда жалгыз, ысык тамак жасап берер эч кими жок деп ойлонот окшойт. Аялым менен жашабай калганыма 9 жыл болду. Ал Орусияга кетип, 4 баламды өзүм чоңойттум. Үйлөнүп балдарымды капа кылып аламбы деп жүрүп, өзүм калып калдым окшойт. Балдарымдын баары бой жеткен, төртөө тең Орусияга кетишкен.
Ооруп, 2 жыл мурун операция жасаттым. Каталкага салып алып кетип жатышканда Алтынай көзүнүн жашын көл кылып коридордо калды. «Байкем операциядан аман-эсен чыкса, болгон каражатымды чогултуп, Бишкекке там салып берем» деп өзүнө сөз берген экен. Операциядан ойгонгондо эле «сыртта карындашым ыйлап жатат, мени тирүү деп айтып койгулачы» дептирмин. Бирок аны өзүм билбейм. Менин тирүү экенимди уккан Алтынай ошол эле күнү жер тилкесин алып, пайдубалын куйдура баштаптыр. Ооруканадан чыкканда машинасына салып алып мага деп салдырып жаткан үйгө алып барды. Аз убакыттын ичинде 3 кабат кылып салдырып берди. «Сен кыйналып жатсаң мен кантип жыргап жашайм?» деди. Мен Бишкекте акча төлөп батирде турчумун.
БИР ТУУГАНДАР:
1. Жамшит Нарбаев – 1947-жылы туулган
2. Арзыкан Нарбаева – 1950-жылы төрөлгөн
3. Дилбар Абдуллаева – 1954-жылы төрөлгөн
4. Абдиллаким Нарбаев – 1957-жылы туулган
5. Абдымалик Нарбаев – 1960-жылы туулган
6. Данакан Нарбаева – 1962-жылы төрөлгөн
7. Алижан Нарбаев – 1965-жылы төрөлгөн
8.Алтынай Нарбаева – 1967-жылы төрөлгөн
Сүйүн Кулматова
star@super.kg