ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНАН КАЗА ТАПКАНДАРДЫН САНЫ ӨСТҮ

Акыркы күндөрдөгү көптөгөн адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары, кылмыштардан улам парламентте жарандардын коопсуздугу боюнча маселелер каралды. 8-ноябрдагы парламенттин жыйынында «Бир бол» фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков «Өкмөт жол кырсыктары боюнча жаңы долбоорду тез арада ишке киргизүүсү керек. Жол кырсыгы көзөмөл жок болгондуктан, айдоочулар жол эрежесин сактабагандыктан болуп жатат. Мындай кырсыктарды жоюу үчүн Ички иштер министрлиги, Транспорт жана жолдор министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы сунуш берүүсү керек. СССР убагында 3-4 адам каза болсо, жооптуу кызматкерлерге чара көрүлчү эле. Кайдыгер болбой көңүл буралы» деди. Ал эми КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерине «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча каражат табуу тапшырмасын берүүнү сунуштады. Анын айтымында, 2018-жылга карата республикалык бюджетте «Коопсуз шаар» программасына, жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн видеокамераларды орнотууга каражат каралган эмес.
Кыргыз өлкөсүндө «Коопсуз шаар» долбоору көп жылдардан бери ишке ашпай келет. Бул долбоордун алкагында көчөлөргө камера орнотуу боюнча өкмөт 2 ирет тендер өткөрүп, экөөндө тең мыйзам бузуулар менен коштолгон деп жокко чыгарылган. Ички иштер министрлиги акыркы тендерде утуп алган орусиялык «Стилсофт» компаниясын «жасалма документтерди пайдаланган жана айрым маалыматтарды жашырган» деп дале соттошууда.
Кылмыштуулук, жол кырсыктары өлкөбүздө актуалдуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Соңку 2 күндө эле Бишкекте жана Бишкек-Ош унаа жолунда жалпысынан 19 адамдын өмүрү кыйылды. «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпаса өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу, айдоочулардын жолдо эрежелерди сактоо жоопкерчилигин жогорулатуу, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин паракорлугун жоюу да оңойго турбайт.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан