БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗСТАНДА БИР ЖЫЛДА 175 АДАМ КУЛЧУЛУКТАН КУТКАРЫЛГАН...
Кыргыз кызы АСЕЛ САРТБАЕВА баш болгон окумуштуулар тобу вакциналарды тоңдурбай туруп сактоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгышканы үчүн химия тармагындагы эл аралык «IChemE Global Awards 2017» сыйлыгын алышты.
Орусиялык «Енисей» футболдук клубунун коргоочусу ВАЛЕРИЙ КИЧИН мындан ары Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасында ойноодон баш тартты. Кичин акыркы жолу улуттук курам менен ушул жылдын 28-мартында Макао менен болгон оюнга катышкан.
7-ноябрга караган түнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу КАНАТ ХАСАНОВДУН үйүнө белгисиз адамдар кирип, Текебаевдин сот ишине тийиштүү документтерди уурдап кетишти.
Кыргызда Орто Азия жана Чыгыш Европага салыштырмалуу ТЕСТИЕР БАЛДАР кара жумушка көп иштетилет. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун «Бизнес биримдик менен диалог: бизнес стратегиясында жашы жете элек балдарды иштетүүнүн алдын алуу» аттуу иш-чаранын алкагында айтылды.
15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев президенттик кызматындагы жыйынтыктоочу МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН өткөрөт.
Ноябрдын аягында Кыргызда 2000 сомдук ЖАҢЫ КУПЮРА чыгарылат. Бул банкнота Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата чектелген көлөмдө чыгарылмакчы.
Колумбия университетинин магистранты МУРАД ОМОЕВ премьер-министрге кеңешчи болуп дайындалды. Ал 1979-жылы Токмокто туулган. 1999-жылы АКШда Graceland колледжинен экономика жаатында билим алып, бакалавр даражасын алган.
Миграция кызматынын билдирүүсүндө, өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам КУЛЧУЛУКТАН куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер.
Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркуловдун билдиришине караганда, 2017-жылдын 10 айында Кыргызстандын жолдорунда 695 КИШИ каза болгон.
Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ автоунааларда өрт өчүргүч, видеокаттоочу камера болуусун милдеттендирүү керектигин сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.