(Башталышы өткөн сандарда)
Бала алсыз төрөлдү. «Боюнда бар убагында кыйналып көтөргөндүктөн болгон» деп айтышты дарыгерлер. Дал ушул баласы жашоо менен күрөшүп жатканда Жамиляда энелик сезим ойгонду. Буга чейин Алибек гана ээлеп калган жүрөгүнө шооладай жылуулук менен баласы кирди. Аны адегенде өзү деле байкабады. 10 күн дегенде наристесин колуна беришти.
– Уулуңуз менен көрүшкөнгө даярсызбы?- деп кичинекейди кучагына беришти. Ушу кичинекей денени калтыраган колдору менен кучактап туруп ал жардын учунан бери түшкөндөй жеңилдеди. Ыза, кайгы, жоготуу, алсыздык баары жок болуп, жалгыз гана кичинекейдин денесинен чыккан жылуулукту сезди. Наристе ыйлап жиберди.
– Бүттү, өттү баары, уулум. Эми биргебиз. Эми эч качан айрылбайбыз,- деди ый аралаш күбүрөп. Уул балага Эмре деген ат коюшту. Эмре Тунжа! Бул ат ар кимдин оозунда эле. Керем уул төрөлгөндөн кийин таптакыр сактыкты унутуп койгондой. Күнү-түнү анын жанында, кээде баланын бөлмөсүндө уктап калчу болду. Аны эсине келтирген энеси болду.
– Шерифе келет жакында. Мындай абалыңды көрбөсүн! Сен эмне кылып жатканыңды аңдап жатасыңбы? Баарынын көзү сенде. Жетер эми, өзүңө кел. Небереме өзүм кам көрөм,- деди Эсма ханым.
– Эне, бул менин...
– Токтот! Бул Ахмеддин уулу. Сенин иниңдин уулу. Бул оюнду сен баштагансың, мындан ары мындан да оор болот. Өз уулуңа иниңдин баласы катары карап, ага алыстан гана көз салып өстүргөнгө даяр бол.
– Эне, мен...- мындан ары эч нерсе дей албады Керем. Дегенге деле акысы жок эле. Аргасыз алыстаганга көндү. Жамиля болсо бир да жолу жүзүнө карабады. Бир да жолу айткан суроосуна жооп бербеди. Жок адам катары гана санап жанынан өтүп кетер эле.
ххх
Нуриля кийимдерин жыйнап жатканын көрдү апасы. Таң кала түштү.
– Сен бир жакка барасыңбы, кызым?
– Мен кетип жатам, апа.
– Кайда?
– Алыска. Айтор, сенин жүзүңдү көрбөгөн жерге.
Арзуу шалдайып отуруп калды. Байкаса, чындап эле кийимдерин чогултуп, топтоп жатат. Чыдабай кетип тура калып колунан талаша баштады.
– Сен кайда бармакчысың, ыя? Мен боюңдан алдыртсам келечегиң үчүн кылдым. Кичине бала менен эмне кылмаксың, кайда бармаксың?
– Сенин айткандарыңды уксам, баарын Жамиля эжем экөөбүз үчүн кылдың. Бирок бир билип кой, апа, сен өзүң үчүн кылдың. Сен биз үчүн эч нерсе жасаган жоксуң. Эжемди да сен кетирдиң, анын тагдыры эмне болду? Кем акыл адам менен...
– Жап оозуңду!
– Чындыктан качасың, ээ, апа? Сен чындыктан качсаң да, качпасаң да ошол. Жиберген акчасына өз турмушуңду оңдоп, жыргап жашап жатасың. Кызың эмне болгонун ойлонуп да койбойсуң. Чөнтөгүңө түшкөн акчадан башка нерсе сени эч кызыктырбайт. Менин баламды алдырдың. Атамды кууп чыктың. Эми жалгыз калдың! Эми бактылуу болдуңбу? Сага чыдаган атам да эр экен.
Арзуу эми чыдабай кетти, кызын жаакка чаап жиберди. Нуриля сумкасын көтөрүп алып чыгып кетти. Энеси колунда эч кандай акчасы жок болсо кайда кетмек эле, келер деп ойлоду. Бирок канчалык күтсө да кызы келген жок. Аз күндө кызынын Орусияга кетип калганын укту. Жалгыз баш калган Арзуу мындан аркы жашоосун эмне кыларын билбеди. Мурунку жек көрүндү болгон күйөөсү Муратты да издеп көрдү. Кумга сиңген суудай болуп жоголуп кеткен аны да тапкан жок. Жылдар өтүп жатты.
ххх
– Кыска убакытта көп ийгиликтерге жетиштиң. Бирок сага, досум, дагы деле бир нерсе жетишпегендей. Жашооңдо бир өксүк бар сыяктуу сезилет. Бул өксүк Жамилябы? Дагы делеби?
– Мен аны унутсам, өзүмдү унуткан менен барабар болмок. Билесиңби, баарынан жаманы мен анын алдында өзүмдү күнөөлүү сезем.
– Кызык, эмнеге? Сен андан оңой менен баш тарткан жоксуң го? Сен кийинки жолу да бардың, ошондо деле сени менен кетсе болмок.
– Кете албады, туура.
– Эмнеге кете албады?
– Баласына байланды. Баласын тартып алмак, Эмренин жанында болуунун бирден бир жолу ошол жашоосун улантуу эле.
– Анда эмнеге өзүңдү күнөөлүү сезесиң? Менимче...
– Кой, досум, токтотолу. Жамиля деген темага кирбейли, анткени ал темага кирсек чыга албайбыз,- Алибек күлө сүйлөдү.
Чындап эле келбети келишкен, бардык тарабынан көзгө толумдуу, көз күйдүргөн жигит. Аз убакытта көп нерсеге жетишти. Бирок көзүндө бир нерсе бар болчу. Эчендер тигилгени менен, бул көздөрдүн сырын чече алышпады. Ошондуктан да болсо керек, ага кыздар балга үйүлгөн аарыдай жабышып калар эле. Анткен менен бир окуя болду. Жашоого кумары күч, эч нерседен коркпогон бир жан аны кайра жашоого алып келди.
ххх
– Эмренин туулган күнү. Сени менен кеңешейин дедим эле. Аны бул жолу өзгөчө куттуктагым келди,- деди Керем. Жамиля үн катпады. Көз карашында дагы деле сен барсыңбы, жоксуңбу деген бир моюнбас, сынбас көктүгү.
– Жетер!- деп бакырып алды Керем.
– 3 жылдан бери жүзүмө деле тиктебедиң. Бир сөз да оозуңдан чыкпады. Болду эми, менин сабырымдын да чеги бар.
– Эмне каалайсың менден?
– Сүйлө, бир тиктеп кой жок дегенде.
Жамиля Керемди тиктеп турду. Анын муздак, суз, жек көргөн көз карашынан көзүн ала качты.
– Тиктеп кой дедиң. Өзүң көзүңдү ала качып жатасың.
– Кечир мени. Мен кыйналып бүттүм.
– Эмне үчүн кечирим сурап жатасың? Мени зордоп эне кылганың үчүнбү? Акча үчүн, сага жөн гана мураскер керек болгону үчүн зордоп кем акыл иниңе нике кыйдырганың үчүнбү? Уулумду менден ажыратам деп коркутуп, мажбурлап бул жерде кармап турганың үчүнбү? Жанымдан артык көргөн адамымдан ажыратканың үчүнбү? Айтчы, эмне үчүн, кайсы жоругуң үчүн кечирим сурайсың?
– Жамиля!
– Сүйлөбө мага. Өз жашооң менен жаша, уулум экөөбүздүн жашообузга кийлигишпе,- Жамиля чечкиндүү сүйлөп туруп басып кетти. Керем өзү менен өзү сүйлөшө берди.
– Мен мындай болорун билген эмесмин. Мен сени мынчалык сүйүп каларымды ойлогон да эмесмин. Мен уулумду жанымдан артык көрөрүмдү билбегем. Ал мени ата деп айтышын мынчалык каалаарымды билбегем. Булар менин планымда жок болчу. Менин планымда бул сүйүү жок эле. Эмне кылам? Кантип сени унутам? Ахмедди эмне кылам?
Ахмед тирүү турганда Жамиляга же уулуна жакындай албайт болчу. Иниси өлгөн күндө деле келини эмеспи. Эл Эмрени Ахмеддин уулу деп билет. Бул татынакай, сүйкүмдүү, акылдуу уул Ахмеддин уулу деп билишет. Өмүр бою муну көтөрүп жашоого чыдамы жетеби? Керемдин шору да, чече албаган маселеси да ушул эле.
Эмре көздү кубантып чоңоюп келе жатты. Көздөрүнүн формасы энесиникиндей, бирок түсү атасыныкындай көк. Акылдуу тиктеген балакай кимдин болсо сүймөнчүгү эле. Ахмеддин оорусун да эрте түшүндү. Тили чыгары менен эле «бабажим» деп колдон жетелеп, кадимкидей камкордук кылып алганын көргөн ким болсо да көзүнөн жашы сызылып кетчү.
– Эх, Эмрежим, сен кандай акылдуу жигитсиң.
– Ма ша Алла, көз тийбесин, эң акылдуу бала.
– Апасына окшош, көзүнүн түсүнөн башкасы апасына окшоптур.
Туулган күнгө чогулган эл суктанып, таң калып да тиктеп жатышты. Ансайын Керем бул конок үйдү башына көтөрүп, «Бул менин уулум! Силер суктанып жаткан менин каным, менин жаным! Ахмеддин тиешеси жок! Уктуңарбы баарыңар!» деп бакыргысы келип турду. Анын титиреген абалын бир гана энеси сезип жатты. «Чыда, чыдашың керек» деп жатты ичинен ал бир чети боору ооруп. «Чыдабай калдым, мындан артык чыдай албайм, апа. Өз уулуңду ата катары бооруңа кыса албасаң, аны менен сыймыктана албасаң, аны төрөп берген аялды сүйүп, аны коргоп, колдой албасаң... Мен эмне кыларымды билбей калдым. Жол көрсөт, апа. Бул туңгуюктан кантип чыгарымды билбей калдым». Анын чын эле жүрөгү күйүп турду...
(Уландысы кийинки санда)