Концерттин аталышы – «Аромат»
Концерт өткөн күн – 3-ноябрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 19:00 (30 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 1000-3500 сом
СПОРТ ОРДОСУ КАТУУ КӨЗӨМӨЛДӨ БОЛДУ
Шахзоданын концертин көргөнгө ашыгып 3-ноябрь күнү үйдөн эрте чыгып алгам. Келип эле Спорт ордосунун алдында турган түрдүү улуттагы адамдарга көзүм урунду. Колуна гүлдесте кармап, шиш така, шуба кийген сулуу кыздар, костюм-шым кийип, бабочка таккан жигиттер, эжекелер, аталар, апалар, кичинекей балдар, кыздар, айтор, Шахзоданын күйөрмандары Вена балына же ресторандарда өтүүчү кечелерге даярдангандай эле кийинип келишиптир. Бул Спорт ордосундагы адаттагы көрүнүштөргө окшошпой, жагымдуу шаң берип турду.
Шахзоданын концертин «Тумар» радиосу уюштурду. Ырчынын жана келген элдин коопсуздугуна чочулоо болгон көрүнөт, Спорт ордосуна келгенде эле биринчи көзгө түшкөн нерсе милиция кызматкерлеринин эки катар калың кордону болду. Элди Спорт ордосунун эшигине жеткирбей, сырттан металл издегичтерден өткөрүп, чуурута киргизип жатышты. Ал аппараттар иштебегени менен, келген элге сүр берип, иш-чаранын адаттагы концерт эместигин айтып тургансыды. Көшөгө артына да милиция кызматкерлеринин калың курчоосу коюлуп, ырчыга эч бирөөнү жолотпой сахнага чейин чыгарып, кайра киргизип кетип жатышты.
Өзүм эрте келип алганга концерт кеч башталгандай сезилген, саатымды карасам жарым саат кечигиптир. Сахнада жарык өчүп, Шахзода «Ассалому алейкум» деп баарыбыз менен саламдашып ырдап чыга келди. Кочкул кызыл түстөгү формасы келбетине куп жарашып Шахзоданын көркүн ачып турду. 18 жаштагы селкидей көрүнгөн ырчы келген эл менен сүйлөшүп жатып, улуу баласы 21 жашта экендигин айтканда зал дуу эле дей түштү. «Биздин ырчы айымдарыбыз үлгү алышса болор экен» деп алдым мен дагы дуу түшкөн элге кошо. Концертти андан ары улай көпчүлүгүбүзгө белгилүү «Фатима менен Зухра» тасмасындагы саундтректи ырдап отургандарды термелтсе, «Чайхона», «Хабиби», «Чико» деген ырлары менен жандантты.
СЕЛФИГЕ ШЫЛТОО БОЛГОН ГҮЛДЕСТЕЛЕР
Шахзода Өзбекстандын чегинен чыгып Борбор Азия аймагына таанымал жылдыз деңгээлине жеткенине көп болду. Мындай тажрыйба анын сахнада өзүн алып жүрүүсүнөн ачык көрүнүп турду. Эч кандай алпаруучусу, «оң жак, сол жак, кол чапкыласы» жок эле өзү сүйлөп, өзү ырдап, жылуу, шаңдуу атмосфера түзө алды. Улам эл аралап кетип, артына толтура болуп чогулуп калып жаткан күйөрмандары менен селфи жасап, гүлдесте алып, чогуу ырдаганга да жетишип жатты. Деген менен концерт көрөм деп келгендерди ырчы менен сүрөткө түшөм деп жулунуп, сахнага чейин чыгып алгандар абдан жүдөттү. Шахзода ырдап жатып да алардын суранычын четке какпай сүрөткө түшүп жатты. Айрымдарга концерт эмес, белгилүү ырчы менен эстеликке сүрөткө түшүү кызыктуу болду окшойт.
Технологиянын жетишкендиктери кеңири колдонулуп, концертке келгендердин көпчүлүгү кол телефонунан дароо түз эфирге чыгып концертти түз алып берип жатышты. Ошентип, Шахзоданын концертине Спорт ордосуна шыкалып толгон 2200дөй адам эле эмес, бир нече миңдеген адам онлайнда күбө болушту.
ОМАР ЖАНДУУ ЫРДАП, ШАТЫРАТА КОЛ ЧАПТЫРДЫ
Ырчы айым форма алмаштырып, бир аз эс алып алгычакты жергиликтүү ырчылар элди алаксытып турушту. Жигиттерден түзүлгөн «Заман» тобу ырдагандан кийин Омар чыгып, жандуу үн менен ырдап, тамашалап сүйлөп элди шатырата кол чаптырып, мекенчилдик сезимдерди ыры менен козгоп да жетишти. Ал ырдап жатып «Мага сиздер керексиздер, кол чаап колдоп турган, Шахзодадай болбосом да Омарын сыйлап турган» деп менден деле алакан аябагыла деп кыйытканда эл кыйкырып-ышкырып, кол чаап жатып калды. Жигит азамат, Казакстанда өтүп жаткан сынак-фестивалда жалаң кыргызча сүйлөп сыймыктандырса, Шахзоданын концертинде жандуу ыры менен элди бир толкутуп алды. Омардын артынан эле кара көйнөгүн кийген Шахзода чыгып кулакка сиңген хит ырларын четинен тартуулай баштады. Анын Кыргызстанда сүймөнчүк экенине толук ынандым. Элибиздин катардагы бир өкүлү катары кыргыздан деле ушундай эл аралык деңгээлге, бир нече өлкөдө күйөрман күтүп, кол чаптырып, гүл сундурган ырчылар чыкса деп эңсеп алдым.
Ошентип концерт аяктады. Кыска жана нуска болду. Келген эл тойбой, кеткиси келбей, айрымдар түз эле сахна артына жөнөштү. Алар селфиге тойбой калгандар өңдөндү.
А мен болсо Шахзоданын Бишкектеги мурунку концертин эстедим. Ал 2010-жыл, март айы болчу. Ал кезде Бишкектеги ар бир кафеде кыргыз, англис ырлары менен катар Шахзода, Шахзод өңдүү өзбек ырчыларынын ырлары жаңырып турган маал эле. Анан бизди каргашалуу Июнь өртү каптады. Бишкекте ал ырлар жаңырбай калды... Кыргыз Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр менен өмүр бою коңшу, канатташ жашай турган эл. Андыктан эки элдин, эки өлкөнүн ыр, музыка аркылуу да тил табышып, карым-катышты жакшыртып баштаганы кубантты.