ӨЗҮНӨН АПАСЫ КЫЙЫН ЫРДАГАН АЛМАЗ ШААДАЕВ

Концерттин аталышы – Сыйкырдуу шоу концерт
Концерт өткөн күн – 4-ноябрь
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Башталышы – 19:00 (1 саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы
Алып баруучулар – Сакиш менен Бопуш
Билет баасы – 300-500 сом
Мыкты номер – «Фаридам» ыры

Аба ырайынын кескин өзгөрүп, жаан жааганына карабай Алмаз Шаадаевдин концертине там-туң баскан балдарына чейин ээрчитип келгендер болду. Концерт көпчүлүк ырчылар адатка салып алгандай эле бир саат кечигип башталды. Мага окшоп жоопкерчиликти алдыга коюп, билетте көрсөтүлгөн убакытка так кечикпей келгендердин күтө берип бели бекчейип, көзү чекчейип калды. Ырчылар өз убактысында баштаса, балким, күйөрмандар да сабак алып тактыкка үйрөнөт беле? Көп наалыбай, концерттен кеп таштайын.
«Сыйкырдуу концерт, мындай Кыргызстанда болгон эмес» деген чакырыктар болду. Мындан бир күн мурда өзбек ырчысы Шахзоданын концерти өтүп, билеттин баасы асмандын башы эле. Ага салыштырмалуу Алмаздыкы чөнтөккө жеткиликтүү туюлду. Эл күтүп калганын билдирип кол чаап, ышкырып жатышты. Бир маалда сахнага жарык берилип, бет капчан көз боёмочулар чакан шкаф менен чыгып, андан жарым жылаңач эки кыз бийлеп чыга келишти. Кыздардын бийине алаксыганча ошол эле шкафтан көз боёмочулар ахалай-махалай кылып ырчыны чыгарышты. Эми ырчынын кийген кийиминде кеп жок, өзү чыпалактай эле бала турбайбы, эмне кийсе жараша берет экен. Чү дегенде «Мейли» деген ырын аткарды. Аркасында Алмаздан бойлуу кыздар бийлеп жатышкан, бийчилер алдыга чыкканда ырчыны таппай калып, «тебелендиде калып калбаса экен» деп санааркап коюп жаттым. Сахнада өзүн эркин алып жүргөн ырчы эки ырдан кийин эл менен амандашып, концертти ары карай улады. Андан соң сахнага алпаруучулар Сакиш менен Бопуш чыгып, концертке күлкү кошушту. Ашар концерт деген сындар болот дегенби, айтор, сахналаш досторунан Ильяз Абдыразаков менен Данияр Эрматов гана көрөрмандарга ыр сунушту.
Концерттин сыйкырдуулугу көз боёмочулардын коштоосунда аткарылган трюктар экен. Мейли, бул да болсо изденүү да. Концертте гүл көтөрүп чыккандар арбын болду. Сахнага гүл көтөрүп чыккан ар бир адамды таанып калдык окшойт, анткени бирин чачтарачы, кийимин тиккен эжеси экенин айтып, айтор, баарын кызыкканга да, кызыкпаганга да тааныштырып өттү.
Баса, ырчынын эмгегин баалап Маданият министрлигинен өкүлдөр келип, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйлашты. Сыйлык алганына толкунданган Алмаз «бул сыйлык жакшы иштөөгө стимул болду» деп кудуңдап калды. «Ата-энем силерге ырдап беришсин, баласы жакшы ырдайт бекен же өздөрүбү, анан айтасыңар» деп толкунданган ырчы ата-энесине микрофон сунду. Ата-энеси «Көлдүн жээгин» кубулжута ырдады эле, залдагылар «апасы укмуш ырдайт турбайбы» деп калышты. «Жаркырасын Кыргызстан» дастаны жаңырганда Улуттук Гвардиянын жоокерлери сахнага чыгышты эле, кыздар кыйкырып, кол чаап бүтпөй калышты. Кийинки ырлары бирде бий, бирде көз боёмочулар менен коштолуп жатты. «2 айга чукул даярдандым» деп башында айтса, сахнанын жасалгасын көрүп «жыргатпаптыр» дегем. Көрсө, убактысын, күчүн көз боёмочуларга арнаган тура. Неси болсо да Алмаз жаңыдан күйөрман топтоп келе жаткан, изденүүдө жүргөн ырчы эмеспи, ийгилик каалап үшүгөн боюнча үйгө жол тарттым.


Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
Алмаз Шаадаев концертинде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Stervamyn
2017-11-14 09:24:04
Соонун сындаптыр Толик сынчы.Окуп буткучо кулдум
+4
Pandora
2017-11-14 11:50:20
Азаматсыз Толик сынчы,уоптон бери корунбой кеттинизго,бат баттан барып турун концертке
+6
Altysha89
2017-11-14 14:55:07
Адамдык сапаттын жоктугу жашоодо жакшы ийгиликтерди, досторду, өнөктөштөрду, анан жакшы жашоону билбей өмурдөн өтушөт. Ошондуктан жакшы сөз жан эргитет суйлөп койобергиле . Буткөн ишке сынчы көп дейт..... А баса Толик сынчы адилет сындап абийир тапсан. Жасалмалуулук көрөалбастык паткалимчилдик адамдын эн жаман сапаты.
+4
aman0296
2017-11-14 17:36:47
3000 сомду берип кой. Акча тушту болуш керек концерттен
0
Shahrizaada
2017-11-15 04:30:24
Жожону куздо санайбыз дейт. Бул жигит эми телчигип келаткандардын катарында. Балким баралына келсе Бек,Сыймыктардын ордун басаар. Же шампочкалардын санын кобойтоор.Аны убакыт коргозот
0
Shahrizaada
2017-11-15 08:35:42
Shahrizaada,лампочка дейин дегем
0
Vacant
2017-11-16 18:58:35
Shahrizaada,
Бирок шампочка деген деле жакты, лексиконго киргизип койсо болчудай :)
0
Daiis
2017-11-15 23:04:34
Эркек, татыктуу
0
asi.gulum
2017-11-17 00:07:35
Толик сынчы))))
0
azusha2017
2017-11-17 16:00:26
мага жон гана жагат ушул ырчынын ырлары ийгилик
+1
Hotinhere123
2017-11-18 02:20:46
Ушу Толик сынчы Ким болду экен аа??бир койгону ашыкмын..
0
originalkgz96
2017-11-20 18:52:08
Качан ыраазы болот болдукен толик
0
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан