КАРЖЫ МАСЕЛЕСИН КАЛККА ЖЕТКИРГЕН КАЛЕМ ЭЭЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

7-ноябрь Басма сөз жана маалымат күнүнө утурлай Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер арасында «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын ЖМК арасында эң мыкты чагылдыруу боюнча республикалык сынактын жыйынтыгын чыгарды. Сынак калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кампаниянын алкагында 2017-жылдын март айынан баштап, октябрга чейин созулган. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү катышууга мүмкүндүк алып, алардын арасынан каржы маселесин мыкты чагылдырган журналисттердин эмгеги жогору бааланды.

САЛТКА АЙЛАНГАН СЫНАК, СЫЙЛЫК АЛГАН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

5 жылдан бери салтка айланып, уланып келе жаткан ЖМК арасындагы сынакты өткөрүү демилгеси да жөн жерден келип чыккан эмес. Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу талабы жаралган күндөн баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бул сыяктуу долбоорлор көбөйүп, акырындык менен ишке ашырылууда. Мектеп окуучуларынан баштап, мугалим же банк кызматкерлеринин арасында да финансылык сабаттуулукка салымын кошо турган атайын сабактар, оюндар, сынактар, тажрыйба топтоо жана башка иш-чаралар өткөрүлүп келет.
Каржы маселесинде кездешүүчү көйгөйлүү жагдайлар жана аны чечүү жолдору тууралуу калктын калың катмарына жеткирүүнүн эң эффективдүү жолу жалпыга маалымдоо каражаты болгондуктан, журналисттер арасында сынакты өткөрүү демилгеси келип чыккан. Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, сынакка 8 номинация боюнча республикадагы теле-радиоканалдардын, басылма жана электрондук ЖМК журналисттери катышышты. Сынактын комиссиясынын курамына Улуттук банктын негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, башкармасынын өкүлдөрү кирип, алар 50дөн ашуун ишти карап чыгып, баалашты.
Аталган комиссиянын мүчөсү Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообековдун айтымында, сынакка катышуу тууралуу билдирүүсүн берген журналисттердин эмгегин баалоо, алардын арасынан татыктуусун тандап алуу оңойго турган эмес. Анткени сынакка берилген ар бир материалды чагылдырууда журналисттер жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга карата тийиштүү деңгээлде өбөлгө түзүп, өз табитине жараша мыкты жана жеткиликтүү кылып берүүгө аракет жасашкан.
– Бизге берилген материалдарды бир нече критерийлер боюнча тандап алдык. Анын биринчиси, материалдын берилген темага дал келүүсү, экинчиден, ар тараптуулугу жана актуалдуулугу, ошондой эле жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулду. Ушул критерийлерге ылайык келген айрым материалдардын тең салмактуулугуна байланыштуу сынак комиссиянын отурумдарында абдан кызуу талкуулар жүргүзүлүп, жыйынтыгында татыктуу жана мыкты материал деп саналган бир нече ишти атайын белектер менен сыйлоо чечимин кабыл алдык,- деп билдирди Эмир Бообеков.
Сынакка келип түшкөн журналисттердин материалдарын карап чыгып, сынактык комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунда 5 журналист төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчү деп табылган:

Салабат Эркетай кызы («ЭлТР» телеканалы) – Мамлекеттик тилде мыкты телематериал;
Чынара Токонова («Санжыра» радиосу) – Мамлекеттик тилде мыкты радиоматериал;
Насыпбек Асанбаев («Саресеп» газетасы) –Мамлекеттик тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал.
Антон Чипегин («Спутник» МА) – Расмий тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал;
Элнура Шаршеева («Белес» интернет сайты) – Мамлекеттик тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал.


Сынактын бул беш жеңүүчүсүнө «Курманжан Даткага 200 жыл» коллекциялык монетасы жана ардак грамоталар тапшырылды.
Ал эми «Расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал», «Расмий тилде мыкты телематериал», «Расмий тилде мыкты радиоматериал» номинацияларынын авторлору кызыктыруучу белектер менен белгиленишти.
Мындан сырткары Улуттук банктын күмүштөн жасалган коллекциялык монеталары жана атайын дипломдор менен жогору кесипкөйлүк жана кызматташтыгы үчүн төмөнкүлөр сыйланышты:

• Бурулай Пусурманкулова (КТРК)
• Жылдыз Орозматова («Ынтымак Медиа Групп»)
• Ширин Асанакунова (КТРК)
• Жамийла Нурманбетова («Экономика» газетасы)
• Нуржан Токтоназарова («Азаттык» радиосу)
• Исмаил Мамытов («Спутник» радиосу)
• Алёна Хоменко («НИК ФМ» радиосу)
• Назгүл Бостонбаева («Заман» МА)
• Александр Шабалин («Кактус Медиа» МА).

Сынактын жеңүүчүлөрүнө арналган аземге чакырылган журналисттердин белектерин Улуттук банк башкарма мүчөсү Алмаз Сыдыков тапшырып, аларды Басма сөз жана маалымат күнү кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз кезегинде жеңүүчүлөр дагы Улуттук банктын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирип, мындан кийин да кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

«ЭФИРГЕ ЧЫККАН МААЛЫМАТТАР УГАРМАНДАР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ»

Ысык-Көл облусундагы «НИК ФМ» радиосунун алпаруучусу Алёна Хоменконун айтымында, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чарага алгачкы жолу тартылып жатат. Ал «Үйрөнгүлө. Акча топтогула. Иштеп акча тапкыла» темасын чагылдыруу үчүн изденип, ар тараптын пикирлерин топтогондуктан, бул маселе азыркы учурда өтө актуалдуу жана керектүү экенине ынанганын айтат.
– Мен Улуттук банк жарыялаган сынакка катышуу чечимин кабыл алгандан баштап темага дал келе тургандай кылып 3-4 ирет кесипкөй банк адистери менен эфирде маектешүүнү уюштуруп, алып бардым. Анын негизинде мен өзүм үчүн бир катар жаңылыктарды ача алдым. Мен ойлойм, биздин радио угармандарына да пайдалуу маалыматтарды жана кеңештерди берди го деп. Атап айтканда, кредит алууда эмнелерге көңүл буруш керек, төлөм карттарынын артыкчылыгы, аманат ачуу менен акчаны үнөмдөө жана башка маселелер козголду. Биз бул сынактан сырткары дагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, актуалдуу маселелерди радионун эфирине алып чыгууну уланта беребиз. Анткени жергиликтүү калктын каржылык маселеси, көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору дагы байма-бай талкуулап турууну талап кылат деген ойдомун,- деп билдирди Алёна Хоменко.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул сыяктуу иш-чараны журналисттер арасында гана өткөрбөстөн, башка жергиликтүү жана эл аралык финансылык уюмдардын колдоосу менен билим берүү мекемелеринде, жогорку жана атайын окуу жайларда да уюштуруп жатышат. Анын натыйжасында, калктын каржылык сабаттуулугу жогорулатуу максатына жетет деген ишенимдер айтылды.

Ысык-Көл облусундагы «НИК ФМ» радиосунун алпаруучусу Алёна Хоменко сыйланды.


Айгүл Молдобекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан