Машинемдин салонунда «Мен сенден кетейинчи» деп сыздаган ыр. Бишкектен Ош шаарына багыт алдым. Көңүлүм ушунчалык кирдеп, сиркем суу көтөрбөй баратам. Арада келинчегим чалды. Телефондон кызым менен сүйлөштүм.
– Качан келесиң?- деди келинчегим.
– Бир жума кармалам го.
– Жеткенде кабар бер,- деди ал.
Аман-эсен жетип алмайынча ары-бери басып уктай албай тынчы кетерин билем. Көздөрү алайып мен оорусам кошо ооруй турган, ишим жүрүшпөй калса кошо азап тарткан жанды эстеп ого бетер жаным төрт бөлүнөт.
Теребел тыптынч. Жол созулуп алдымда жатат. Менин гана жалгыздыгым жаныма жолдош болгонсуйт. Сени эстейм. Бир айда бир Ошко чапкылап калганымдын себеби да сен. Ортобузда бир нерсе болдубу? Жок, сый мамиле. Чектен өткөн эч нерсе жок. Дайым эле маңдайымда көздөрүң турат. Эч кайда качып кутула албачудаймын. Кээде баарын унуттуруп саласың. Сенден башка жашоом барын да, эки баланын атасы экенимди да, келинчегим менен эчен ашуу ашып салганымды, деги эле бул жашоонун аки-чүкүсүнүн баарын унуткарасың.
Алгач көргөндө эле чырайлуу жүзүңдөн көзүмдү ала албай дал болгом. «Кимге буюрса да мыкты жар болор» деп койдум. Анан иштешип калдык. Сыртыңдан эле сүйүп Айтматовдун Эдигейи болуп жүрөм. Көзгө көрүнбөс жиптер ошондо эле экөөбүздү аралап өткөнсүгөн. Анан... Жакындан тааныштык. Билиштик. Ого бетер жан дүйнөм сага тартылып, жанымды коёрго жер таптырбай жатты... Ансайын көргүм келет. Жүзүңдөн түшүнбөстүктү байкайм. «Эмне ою бар?» дейсиң да сен деле, «Же жакындабайт, же алыстабайт, эмне деген мамиле?» деп. Көзүңдөн баарын окуп турам. Сен да бир ишарат менен чакырсам жаныма жетип келгенге даярсың. Болгону мени күтүп жүрөсүң. Көз менен сүйлөшүп, дилибиз күйүп канчага чыдайт элек? Бул ишти аягына чыгаруу керек. Эмнеге жолуктук? Бакыт чөйчөгүн бир ууртап, анан тарттырып жиберүү үчүнбү?
Эмнеге жолуктук? Жаштыгым тиги кырдан ойт берип кеткенин сезишим үчүнбү? Анда эмнеге жүрөгүм боз улан баланыкындай түрсүлдөйт? Эбак колу-жолум байланып калганда эмнеге жолуктук дейм да...
Мен сенден кетейинчи. Эч нерсени булгабай эле, жакшы ага-карындаш мамилебизден жазбай калалы. Ушу сөздү айтып көзүңдү бир карап коштошуп келейин деп кетип бара жатам. Жеттим Ошко. Көрсө, мен жеткен күнү сенин тоюң болуп жаткан экен. Тегеренип кеттим. Ишеничтүү курбуңдан кат берип жиберипсиң.
«Агай, сизди көрүп-тааныгандан бери жанымды коёрго жер таба албадым. Ашыктык айттырбай келет экен. Камынтпай басып калат экен. Жолумду аңдып, карааныма зар болгон эчен бойдок жигиттер турганда менин көңүлүм сизди чечти. Кимден жашырмак элем, катуу сүйдүм. Бирок биз бузуп өтө албаган нерселер бар. Аны да жакшы билем. Болгону үмүт кылдым. Бирок бул да аягына чыга турган нерсе экен. Сизди коё берүүнү чечтим. Анткени үй-бүлөңүзгө бекем байланган адам экениңизди сездим. Ого бетер сыйлап-урматтап калдым. Бүгүн тоюм, ата-энем тапкан адам менен кол кармашууну чечтим. Аман болуңуз. Сизди өмүр бою сыйлап өтөм».
Бир ууч баракты колума мыкчып турдум. Жер жаңырта бакыргым келди. Жаш баладай рулга отура калып көз жашыма ээ боло албай ыйлап жаттым.
Өх, агаңды сыздатып кеттиң. Билем, сенсиз да таң атат, кеч кирет. Тиричилик менен алаксып күн да өтөт. Бирок жүрөгүмдө, жан дүйнөмдө калган сенин издериңди өмүр бою унута албасмын. Жооткоторум да, жоошутарым да ушул.
Бактылуу бол. Баркыңа жете турган адамга туш болсоң болду. Сенин адамгерчилигиңдин, акылыңдын, сулуулугуңдун кадырына жеткен жан болсо мага ошол жетет. Бирок атыңды жүрөгүмө чоң сүртүм менен жазып кетиптирсиң.
Айбек