Төрөлгөндөн тарта азабыбызды тартып, кандай бийиктикке жетсек, ошол нерсенин баарына салым кошкон адам бул эне экендиги айтпаса да белгилүү. Бул жолу апасы тууралуу экс-депутат, 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер катары чыккан Улукбек Кочкоров кызыктуу маек куруп берди.
«АПАМДЫН ҮЙДӨ БОШ ОТУРГАНЫН КӨРБӨЙТ ЭЛЕК»
– Менин апамдын аты Багыниса. 1952-жылы Баткен облусунун Кара-Бак айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Таятам көп жыл бою мамлекеттик кызматта, 35 жыл Баткен районунун финансы бөлүмүн жетектеп келген. Ошого карабастан тагаларым катуу тартипте өсүп, көп эркелеген эмес экен. Муну өз көзүм менен көргөм, билем. Ошол кездери, 6 жашта болсом керек «Кара-Бак абасы таза, жакшы, бирок жумушу көп» деп айтканымды көп айтып калышат. Таятамдын үйүндө чарбагы, талаада жери, малы бар болгондуктан ал жерде жумуш дайыма табылчу. Ошондон улам апам эмгекчил, бизди жаштайыбыздан дайыма жумуш кылганга үйрөтүп, чоңойтту. Апам үйдө отурганда да жөн отурчу эмес, жүн ийрийт же бир нерсени токуп кирет. Кичинемден тарта апамдын үйдө бош отуруп калганын көргөн эмесмин.
Эне деген эне экен, ал канча урушса деле эч эсте калбайт экен. Жумуш кылбай, ойноп кеткенде, албетте, урушчу, бирок жөнү жок эч качан катуу айтчу эмес. Апам бизди эмгекчил кылып тарбиялады. 6 бир тууганбыз. Мен улуусу болгондуктан эс тартканда көбүрөөк көңүл кичүүлөргө өтөт эмеспи. Атабыз эч урушпайт эле.
«АТА-ЭНЕГЕ КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛУУ КЕРЕКТИГИН КӨРГӨЗҮШТҮ»
– Ата-энеге болгон сүйүүнү ата-энем өздөрү көргөзүштү.Дегеним, кичинекей кезибизде атам болобу, апам болобу "өзүбүз эле барып келели" дебестен, бизди ар дайым чоң ата, таятабыздын үйүнө ээрчитип алышчу. Жума сайын алардыкына сөзсүз түрдө эт, жер-жемиштерди көтөрүп алып барып келчүбүз. Башкача айтканда, ата-энеге кандай мамиле жасоо керектигин ушинтип үйрөндүк. Эс алуу күндөрү алардыкына барып келүү салтка айланып калган болчу. Азыр ойлоп көрүп, ошонун бардыгы канчалык маанилүү болгондугун түшүнүп жатам.
«АПАМДЫН ОРОМО, МАНТЫСЫНЫН ДААМЫ ӨЗГӨЧӨ»
– Апам оромо, мантыны өзгөчө кылып жасайт. Азыр деле айылга барганда "келип калдың" деп ушул тамактарды жасап калат. Анан апамдын палоосу да башкача даамдуу.
«АТА-ЭНЕМЕ СӨЗ ТИЙБЕСИН ДЕП ЖАКШЫ ОКУДУК»
– Мектепте ата-энеме сөз тийбесин деп, жакшы окудук. Мугалимденби, тарбиячыданбы, айтор, ата-энебиз биз үчүн уялбасын дечүбүз. Көбүнчө окуу жагын атам көзөмөл кылчу, апам тарбия жактан карады десем болот. Үйдө бир нерсеге таңуулоо деген жок, бирок багыт көргөзүү бар. Бишкекте Улуттук университетке тапшырып, окуп жүргөндө апам дайыма «окууңду жакшы оку, четтебей бүтүрүп ал» деп эскертет эле. «Азыр кандай билим алсаң, келечекте ошонун үзүрүн көрөсүң. Пайдубалың азыр куюлуп жатат, ал канчалык бекем болсо, жашооң дагы ошого байланыштуу болот» деген сөздөрү дагы деле эсимде.
Муну кийинчерээк билдим, студент кезде үйгө телефон чалып калганымда апам «балам шаарда тууганы жок, жалгыз кантип жүрөт болду экен?» деп ыйлай берчү экен. Атам болсо «кантип жүрмөк эле, элдин балдарындай эле жүрөт, керек болсо бекетте түнөйт, эркек бала бардыгын көрүш керек» деп койчу экен. Бирок телефондон ыйлаганын мага эч билдирчү эмес.
«ШААРГА ЭЛЕ КЕЛБЕЙСИҢЕРБИ ДЕСЕК КӨНҮШПӨЙТ»
– Университетте окуп жүргөндө «үйлөнгөнгө шашпа, азыр окууңду окуп ал» дей берчү. Бирок окууну бүткөндөн кийин 6-7 жыл мени үйлөндүрө албай кыйналышты. Жакшы да, жаман да айткан күндөрү болду, аягында ыйлап «биз дагы небере эркелеткибиз келет, үйлөн» дегенге өттү.
Башында, 1995-жылдары болсо керек, кыйынчылык мезгил эмес беле, ошондон уламбы же башкабы, «өзүбүзгө жакыныраак жердин кызын алсаң, жакшылык-жамандык деген болот» деп көп айтчу. Кийин ал сөзү дагы калып, жөн эле «үйлөн» дегенге өттү. Дагы бир-эки жылдан кийин «кытай болсо дагы, орус болсо дагы аял албайсыңбы» деп баштады. Ошентип жүрүп баткендик эле кызга үйлөнгөм. 5 балабыз бар, неберелери менен бат-баттан сүйлөшүп турат.
Ата-энем кичүү иним менен бирге айылда турушат. "Шаарга эле келбейсиңерби" десек, "туулуп-өскөн жерибизди кантип таштайбыз? дешет.
«ТЕЗ ТААСИРЛЕНИП КЕТЕТ. БАТ ЭЛЕ ЫЙЛАП КИРЕТ»
– Апамдын тез эле таасирленип кетмей жагы бар. Айылга барган сайын «бизге көрсөткөн жакшылыктарыңарды уул-кыздарыңардан көргүлө» деп ыйлап калат. "Эмнеге ыйлайсыз?" десем, "бул сүйүнгөндөн, бакыттын ыйы" деп коёт.
Бир жолу каникул учурунда балдарымды апамдыкына таштап, анан 1-2 жумадан кийин алып кеткени келсем, Амир деген уулум "ата, азыр биз кеткенде энем ыйлайт" деп калды. "Эмнеге?" десем, "сиз кеткенде энем дайыма ыйлайт, айтып койсоңуз, биз кеткенден кийин ыйлабасын» дейт. Ошону байкаптыр.
Эл кызматында, мамлекеттик жумушта болгондуктан да апам көп кабатыр болот болуш керек.
«ЖУМУШУМА ЗАЛАКАСЫ ТИЙИП КАЛБАСЫН ДЕЙТ»
– Ата-энем менин ишмердүүлүгүмө эч аралашкан жок. Тааныш-билиш деген болот эмеспи, алар ар кандай суранычтары менен апамдарга кайрылышчу экен. Тиги баламды же тиги тууганды жумушка орноштуруп берип койсунчу же башка дагы жеке суранычтары менен келгендер болот экен. Менин жумушума оңтойсуздук жаралбасын, бирөөнүн алдында тили кыска болуп калбасын деппи, андайды мага эч айтышпайт. Муну дагы кийинчерээк байкап баштадым, 1 жылдай убакыт өткөндөн кийин гана "тиги же бул ушинтип кайрылган эле, сага айткан эмеспиз" деп калышат.
«АЛГАЧ КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ, АНАН БАТА БЕРИШТИ»
– Президенттик шайлоого катышпайсыңбы деген сунуштар түшө баштаганда алгач ата-энем менен кеңешүү керектигин ойлогом. Бирок шайлоого катышуу иштери бат эле болуп кетип, мына, мен шайлоого катышам деген акыркы чечим керек болуп калган учурда айылга телефон чалып, ата-энем, агаларым менен кеңештим. Башында каршы чыгышты, «жакшылап ойлон, бул жөнөкөй иш эмес» дешкени менен, батасын беришти. Шайлоого катышуу арызымды бергенден кийин, атайын бир күнгө айылга, ата-энеме барып келгем. Шайлоонун жыйынтыгынан кийин моралдык-психологиялык жактан аларга оор болуп калбайбы деп жаттым. Бирок, тескерисинче, эң биринчилерден болуп ата-энем чалып, «сен азыр жашсың, келечегиң дагы алдыда» деп мени колдоого алышканы мага дем берди.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg