Кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлү Айжамал Кабылова жакында эле уулуна сүннөт той берди. «Аксакалдардан бата алып, ата-эненин милдетинен кутулдум» деген ырчыны сөзгө тарттык.
– Негизи уулумду жайында сүннөткө отургузганбыз. Элден бата алууну 30-октябрга белгилеген элем. Белгилүү себептерден улам артка жылып кетти. Чакан той берип, мен кыйын күндөргө туш болгондо колдоо көрсөткөн санаалаштарымды, сахналаштарымды, досторумду, устатым Гүлшайыр Садыбакасованы чакырып бата алдым. Мурунку кайын журтума да чакыруу бергем. Баламдын чоң атасы келип тойдо конок болуп кетти. Чыгармачыл адамдар той-топур деп жүрүп чарчашат эмеспи. Менин тоюмда алардын чындап эс алып кетүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылдым. Келген ар бир адамдын батасы, каалоо-тилеги кабыл болсун деп тойду жыйынтыктадык,-дейт ырчы айым.