«ЭЛЕС» ТОБУНУН МҮЧӨСҮ АЙДИН ЖУМАЛИЕВ КАЗА БОЛДУ

Кыргыз эстрадасынын тарыхында орду бар «Элес» тобунун мүчөсү Айдин Жумалиев узакка созулган оорудан улам каза болду. Эсиңиздерде болсо, ырчы боор оорусунан улам Түркияга дарыланганы кеткенин жазганбыз. Ырчынын карындашы Айгерим агасын эскерип өттү:
– Агам ушул жылдын жайында УЗИге түшкөн эле. Ошондо боору жабыркаганын билдик. Кээде эле дене табы көтөрүлбөсө, белгилери билинген эмес. Түркиянын дарыгерлери "өмүрүн узартууга мүмкүнчүлүк бар" дешкен. Ошондон улам элибиз акча чогултуп, агамды айыктырууга аракет кылдык. Агам Түркияда дарыланып жаткан, врачтар "үйгө чыгарып кеткиле" дешти. 1-ноябрь күнү жакшы акыбалда эле Бишкекке келип, ооруканага жаткырылган. 3-ноябрь күнү өтүп кетти. Байкем Чүй районуна караштуу Он-Бир-Жылга айылына, атабыздын жанына коюлду. Эми элибиз чогулткан акчаны онкологиялык ооруларга кабылган балдардын дарылануусуна которобуз.

Музыканттын туугандарына, жакындарына «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Krai
2017-11-14 21:23:43
Жайы жанаттан болсун
Эмнеге акыркы убакта кыргызстанды жол кырсыгы менен боор оорусу куч алып атат
+2
Nazaraliva9595
2017-11-17 07:31:43
Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан