«Менин максатым – кендин иши менен жеринен таанышып, коомчулукта чыгып жаткан бир катар суроолорго жооп алуу»,- деп өлкөнүн мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун өзүнүн "Кумтөргө" болгон сапарынын максатын белгилейт. Ал адам укугу боюнча Борбордук Азия конгрессинин координатору жана адам укугун коргоочу катары ишканада бул багытта кандай абал болгонуна кызыкты. Бул максатта ал жумушчулардын маанайы, алардын кызыкчылыктарынын корголушу, эмгек шарттары жана башка ушул сыяктуу суроолорго жооп алды.
Турсунбек Акундун сапары "Кумтөр" кенине көтөрүлүүчү коноктордун баарыныкындай эле алгач Бишкектеги медициналык борбордо башталды. Ал жерде текшерүүдөн өтүп, "бийиктикке чыгууну организм көтөрөт" деген бүтүмдөн соң гана кенге барууга уруксат берилет. Мындан кийин узак жол тарткан соң коноктор кендин медициналык кызматчыларынын колуна түшүп, алар дагы бир ирет адамдардын абалын текшерип чыгышат. Бир топ жашка барып калган укук коргоочунун ден соолугу тийиштүү деңгээлде болуп, ал ноябрдын башында "Кумтөр" кенине келди.
Медиктердин текшерүүсүнөн кийин укук коргоочу "Кумтөрдүн" менеджерлеринен кендин ишмердиги боюнча толук маалымат алды. Аны кызыктырган маселелердин арасында жумушчулар үчүн түзүлгөн шарттар, алардын эмгек жана адам укуктарынын сакталышы, ар кыл кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана башкалар болду. Андан соң ал үчүн кендин аймагына атайын экскурсия уюштурулду. Турсунбек Акун карьерди, алтын чыгаруучу комбинат жана башка объектилерди кыдырып, иштин чоо-жайы менен жеринен таанышты.
Көрүп, уккандарына ыраазы болгон Турсунбек Акун билүү үчүн келген башкы суроосуна – "Кумтөрдө" адам укугун коргоо, эмгекке жана эс алууга шарт түзүү маселеси эң жогорку деңгээлде экенине ынанды. Алтын чыгаруучу фабриканын башкаруу борборунун адистери менен болгон маегинде Турсунбек Акун өз кишилербиз деген маанайда алардын укуктары тууралуу түз суроо бергенде "кумтөрдүктөр" бир чети тамаша, бир чети чындык иретинде укук коргоочулар жана өкмөт адамдын укугун коргогонду, эмгекке шарт түзүп берүүнү так «Кумтөр» ишканасынан үйрөнүшү керек экенин билдиришти.
Кендин башкы объектилерин көрүп, иштеп жаткан персонал менен баарлашкан соң көп жаңы нерсени эми гана билген адамдыкындай болуп Турсунбек Акундун маанайы көтөрүлө түштү. Анткени ага берилген маалыматтар, өз көзү менен көргөн нерселердин бардыгы – бул ишкана бардык жагынан ишти туура алып барып жатканын тастыктады. Аны менен бирге дагы бир маанилүү суроого жооп болду. Укук коргоочу жумушчуларга берген суроолордун арасында «Кумтөргө» каршы акциялар, ар түрдүү ызы-чуулар болуп жатканда маанайыңар кандай болот?» деген суроону узаткан. Буга жооп менен кошо комбинаттын иши үзгүлтүккө учураса, кандай оор кесепеттер түзүлөрү тууралуу маалымат берилди.
«Мага адистер айтышкандай, бул фабриканын иши бир да мүнөткө токтобошу керек экен. Антпесе мунун кесепеттери абдан оор жана чоң чыгымдарга дуушар кылат. Андан улам биздин саясатчылардын, укук коргоочулардын милдети – ар кыл чатактарга жол бербей, жол тосууларды жана андан башка каршылык акцияларына шылтоолорду болтурбай коюу. Бул жерде биздин 3 миңден ашуун мекендештерибиз эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жатат. "Кумтөргө" каршы бир нерсе болгондо эң алгач кызматкерлерге катуу зыян болуп, маанайын түшүрөт. Сарсанаа болуп жаткан адамдын абалы да абдан оор болот»,- деп Турсунбек Акун белгилеп өттү:
– Андан тышкары мен баарын «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан көп нерсени үйрөнүүгө чакырат элем. Мисалы, кендеги жолдордо абдан көп белгилерди көрүп, алардын бардыгы, жол эрежелери, коопсуздук техникасы катуу көзөмөлдө экенин жана алар толугу менен аткарылып жатканын көрдүк. Муну биздин өкмөт үйрөнүп, чиновниктер аткарса жолдогу кырсыктардын саны кескин азаят эле. Бул жумуш шартына, эмгек коопсуздугуна да тиешелүү.
Укук коргоочуга абдан жаккан нерселер – бул лагердеги мечит, эс алуу жайлары, ошондой эле организмди чыңдоочу, калыбына келтирүүчү жайлар болду. Ал бийиктик, деңиз деңгээлинен 4 миң метр жогору деген эмне экенин сезди, ошондуктан кабинага кирип, кан басымын, жүрөктүн согуусун калыбына келтирүү ага ашыктык кылган жок.
«Кендин жанында аркарлар, башка жапайы жаныбарлар оттоп, сейилдеп жүргөнүн көрүп жатабыз. Бул биздин башка компаниялар, мекендештер үчүн абдан жакшы мисал. Алсак, Ак-Сай, Арпада аркар-кулжа деген дегеле калбай калды. Бул жерде болсо жоголмок түгүл, көбөйүп жатат. Ошондуктан бул багытта "Кумтөрдөн" үлгү алуу зарыл»,- дейт Турсунбек Акун.
Экология маселелери тууралуу кеп кылып жатканда мөңгүлөр жөнүндө сөз сөзсүз козголот. Бул боюнча Турсунбек Акун өз пикирин айтып, тилекке каршы, ансыз эч болбой турганын белгиледи. Анын айтымында, кендерди иштетүүдө жаратылышка кандайдыр бир деңгээлде зыян баары бир тиет, бирок бул иштердин бардыгы кыргыз өкмөтү менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын келишими боюнча жүргүзүлүп жатат дейт ал:
– Мамлекет буга өзүнүн расмий макулдугун берди жана компания ошонун негизинде иш алып барып жатат. Башка кандай арга бар? Андан тышкары мен бүгүн билдим, "Кумтөр" ишканасы алтынды сатпай, «Кыргызалтынга» аффинажга өткөрөт экен. Элде болсо "Кумтөр" алтындын бардыгын өзү билет, өз билгенин кылат" деген пикир калыптанып калган. Экология тууралуу кеп болсо, компания аны сактоого канча каражат бөлүп жатканын эске алуу зарыл.
Ошондой эле экс-омбудсмен Кыргызстан менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ортосунда болуп жаткан өзгөрүүлөр боюнча жакшы пикирин билдирди. Анын айтуусу боюнча, компаниянын жетекчилигине кыргыз жарандары кирип жатканы жакшы жышаан:
– Премьер-министр Сапар Исаков «Кумтөр Голд Компани» менен жакшы иш алып бара баштады. Анан кыргыз жараны Болот Идирисов ишкананын башкы менеджери болуп дайындалды жана бир катар бизди жарандар жетекчилик орундарга келишти. Мындай жагымдуу жагдайларды белгилеш керек. Менин көз карашымда, мунун баары биздин өлкөгө көптөгөн пайданы алып келет. Менин укук коргоочу катары милдетим – бул маалыматтын бардыгын коомчулукка объективдүү жеткирип, келечекте чыр-чатактарды болтурбоо. Ошондуктан мен кенге келдим жана тийиштүү маалыматтын бардыгын алдым.
Укук коргоочунун маанайына караганда, бул сапар ага "Кумтөр" тууралуу көп нерсе жаңыдан ачылып, бир топ нерсеге көз карашы өзгөрдү. Эми маселе, ал жеткирген маалыматты коомчулук кандай кабыл алат? Алтын чыгаруучу комбинаттын ишин терс маанайда көрүп, тырышып тура береби же жакшылыктын нурун күтө алабы?
Ибрагим Жусуев