Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.


(Башталышы өткөн сандарда)

– Сенин орус курбуң бар экенин билбептирмин,- деди Болуш таң кала.
– Биз мектепте курбу болчубуз. Аны таап алганыма аз эле болду.
– Мм...- булар минтип сүйлөшүп жатканда Лиза келип калды.
– Таанышып ал, Лиза, бул Болуш Сардарович. Мен жакшы көргөн мырза. А бул менин курбум Лиза.
– Сиз жөнүндө көп жолу уккам,- орус кыз колун сунду.
– Таанышканыма кубанычтамын,- Болуш кыздын колун аяр кармап кысып койду.
– Коноктун урматына француз шарабын ачабыз,- Бегимай жылмайып муздаткычтан бөтөлкөнү сууруп чыкты.
Болуш бокалдарга жарымдата кызыл шарапты куйду.
– Таанышканыбыз үчүн,- хрусталь идиштердин кагышуусу жагымдуу шыңгыр үндү жаратты.
– Сиз, Лиза, эмне менен алектенесиз?
– Менби? Жан дүйнөмдө саякатчы, романтикага жакын, жомокто жашаган кызмын. Чыныгы жашоодо болсо моделмин.
– Башкача айтканда...
– Башкача айтканда, жарашыктуу кийинип ары-бери басам, сүрөткө түшөм, кыскасы, кооздук жана сулуулук жаратам.
– Оо...- Болуш суктангансып койду. Орус кыз өзүнчө эркелеп сүйлөп жатты.
– Сиздер отура туруңуздар, мен ылдыйга дүкөнгө түшүп келе калайынчы. Жер-жемиш алып чыгайын,- Бегимай сөздү бөлүп сыртка чыгып кетти.
– Сиз ошондо Бегимайдын спонсорусузбу?
– Хм,- Болуш жасалма жөтөлүмүш болду.
– Сиз кызарып кеттиңиз.
– Мен Бегимайдын күйөөсүмүн.
– Мм... Бактылуу экен Бегимай. Ал мага сиз тууралуу көп нерсени айтып берди.
– Мисалы...
– Мыкты мырза деди сизди. Менин чынында курбума бир аз ичим күйүп жатат.
– Эмнеге?
– Сиздей мырзага жолугуптур. А мен байкушка жакшыраак жигит буюрбаптыр,- кыз кылыктана Болушту тиктеди. Кыздын көздөрүндө адамды тартып турган өзгөчө бир назиктик, кумар бар эле. Болуш да кызды баштан-аяк тиктеп алды. Кыз көрктүү болчу. Узун, апакай буттарын кайчылаштыра отурганы, ичке, назик колдору менен бокал кармаганы, ийиндерин назик куушуруп, жумшак жылмайганы, бардыгы жарашыктуу эле.
– Айтыңызчы, сиздей мырзалар кандай жерлерди байырлашат? Аңчылыкка чыгайын.
Болуш сөз таппай калды. Жылмайып койду.
– Же сиз жалгыз экземплярсызбы?
– Балким,- Бегимай чыгары менен жагууга аракет кылып жаткан орус кызга Болуш бир эсе таң калып жатты.
– Сизге кантип жакса болот?- Лиза көзүн сүзүп кылыктанды.
– Бегимай курбуңуз экенин унутуп койгон жоксузбу?
– Жок, унутпадым. Мен болгону бакыт издеп жүргөн, тагдырдын муздак шамалына үшүгөн кызмын да. Мен деле башкалардан жылуулук самап жүрөм. Ал эми өзүмдүн жүрөгүмдөгү жылуулук менен бөлүшчү киши жок.
– Жигити менен урушуп кетип келди деди го сизди.
– Ай, эмнесин айтасыз, сулуу аялды татыктуу бага албагандар, алсыздар да бар экен. Гүл күнгө муктаж болгон сыяктуу, сулуу айымдар да күчтүү эркекке муктажбыз да. Күчтүү эркек үчүн салгылашканга да даярбыз.
– Оо...
– Ошондой,- Лиза бокалынан шарап ууртап жатып бутунун учу менен Болуштун тизесине тийип койду. Денеси дирт дей түштү картаң карышкырдын.
– Болуш Сардарович, сиздей мырзаны мен эч убакта өзүмдөй «стерва» менен калтырбайт болчумун. Акылсыз Бегимай...- кыз өйдө боло Болуштун жүзүнө жакын келип сүйлөдү. Анын көз карашы акылдан адаштырчудай болчу.
– Шарап куюп бериңизчи,- деди ал ошол калыбында кылыктана.
Болуш шарапты мелт-калт кылып куюп берди. Колдору билинер-билинбес титиреп жатты. Кыздан жагымдуу жыпар жыт келет. Кармана албай кетти. Кызды белинен кучактап өзүнө тартты. «Муну бирөө жибергенби? Жок, бул болгону Бегимайдын курбусу да» ичинен ушуну ойлоп жиберди.
– Болуш мырза, биз жолукчу жер башка экенин сиз да, мен да билем го же ушул жерден элеби?- кыз Болушту эрининен өөп койду.
– Бегимай киргенче...


ххх

Эч нерсени билгизбей отуруп калышты. Бегимай баарын түшүндү. Болуштун катынпоздугу Арсен белгилегендей эң алсыз жери экен. Ушул алсыздыгын ал башкара албайт. Ушул мүнөзү аны торго түшүрөт.
Кыз байкамаксан боло жуунуучу бөлмөгө кирип кетти.
– Кийинки жолугушуубуз жомоктогудай болсунчу. Бул менин номерим,- Лиза салфеткага жазылган номерди Болуштун шымынын чөнтөгүнө өз колу менен салып койду.
– Шайтан десе,- Болуш орус кызды эркелете карады.


ххх

– Лиза! Ли-иза!- Арсендин үнү кызды чочутту.
– Эмне?
– Ойгон! Тур!
– Эмнеге?
– Жолуктуңбу?
– Ооба.
– Кандай өттү?
– Мен сага баарын айтып беришим керекпи?
– Ооба.
– 5 же 7 мүнөт. Ушунча убакытта ал менин кучагыма түшүп берди.
– Түшүнбөдүм?
– Бегимай бизди таштап 10 мүнөттөй эле жоголду. Бул аралыкта биз...- кыз жылмайып койду. Арсендин өңү бузула түштү. Кызганып кетти. Бирок билгизбеди. Орус кыз атайын ушуну айтып жигиттин эмоциясын байкамакчы болуп жаткан. Арсен сыр алдырбай койду. Жүрөгү биротоло катып бүткөн окшойт.
– Анан?
– Кийинки жолугушууда калганын ишке ашырабыз.
– Ал кайсы жерде болот?
– Билбейм, ал мага азырынча чала элек.
– Сен башкысы аны 6-номерге алып кел.
– Ал көнбөйт го, абдан сак көрүнөт.
– Келет. Сендей кызга келет.


ххх


Арсен туптуура эле айтыптыр. Арадан 1 күн өтпөй Болуш байланышка чыкты. «Мен азырынча мейманканада жашап жатам. Жылуу түнөк тапканча. Ошол жакка келиңиз» деди сары кыз аны азгырып. Болуш кармана албай койду. Түз эле жөнөдү. Ал мейманканага кирип келе жатканда жарык өчтү. Бул Болуштун жан сакчы, жардамчыларынын сактык амалы болчу. Болуш качан 6-номерге караңгылык менен кошулуп кирип келгенде жарык кайра жанды. Мейманкананын жетекчилиги менен ошентип сүйлөшүшкөн эле. Шефин киргизип жиберишип, Болуштун айтканындай таңкы алтыда келмей болушту.
– Сиз мени сагынттыңыз,- 6-номерге кирип келгенде эле Лиза ага чап жабышты. Болушка тартынбаган ушул орус кыздай бийкечтер жага турган. Кызды көтөрүп эле керебетке жөнөдү.
– Уф-ф!- Болуш стакандагы суудан ууртады. Кыз бокалга шарап куюп сунду. Экөө бир топко ар кайсыны сүйлөшүп отурушту. Саат 3тү күтүп жатты кыз. Ушул маалда Арсен милиция менен кирип келмек. Бирок чарчап калыптыр. Аз өтпөй Болуш экөө тең уйкуга кетишти.


ххх

Болуш араң ойгонду. Бөлмө караңгы экен. Ал жаткан төшөк былжыраган бир жылуу суюктукка чыланып калыптыр. Колунда эмне? Бычак го... Бул кайдан? Жана алма кесип жаткан бычак...
Капыстан жарык күйдү. Бөлмөгө видеокамера көтөргөн экөө кирип келди. Болуштун көзү уяла түштү. Чочуп ордунан тура калды. Жанында жылаңач Лиза мууздалып жаткан болчу.
– Аа!..- Болуш кыйкырып бычакты ыргытып жиберди. «Аа! Куда-ай! Мен эмес! Куда-ай!..» анын көзү коркунучка толуп калган. «Мен сени биротоло жеп түгөтөм» деди ичинен Арсен аны видеотасмага түшүрүп жатып...

(Уландысы кийинки санда)



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
Комментарийлер(42)
21.11.2017. 09:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
18-03-2015
Соӊку аракети:
09-11-2018 05:16
Жынысы:
Белгисиз
+12
Э кудай Лиза байкуш курмандыка чалынып кеттиби?
21.11.2017. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 16:27
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байкуш Лизаны эмнеге олтурду
21.11.2017. 09:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
381
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 00:04
Жынысы:
Белгисиз
-4
биринчи
21.11.2017. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-09-2017
Соӊку аракети:
04-01-2018 18:29
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошондо Лиза олдубу? Арсен акмак экен
21.11.2017. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уктап калгандан пайдаланып олтуруп койсоле озунун ниетине жетиш учун((( Же атайын уюштурулган бекен?
21.11.2017. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+12
Камерага тартып жаткан Арсенибиз бир кейип койгон туру жок демек баштагы планы ушундай болгон чыгаар. Шараптарда даары кошулган ошого уктап калышты. 3то келем деп Лизаны алдаган экен
rtuiop түзөттү 2017-11-21 09:26:54
21.11.2017. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 13:03
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ай Арсен жырткычка айланды го, автор башкача жол мн Болушту торго тушурсонор болмок
21.11.2017. 09:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 15:47
Жынысы:
Белгисиз
+7
Лизаны олтубош керек эле ,Лизанын суйушун билип туруп олтурду
21.11.2017. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
sabira.1990, ошо суйоорун билип ушундай мамиле кылып атышпайбы)
21.11.2017. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
12-10-2018 23:46
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эхх Лизага боорум ооруду. Мынтип оч албай койсон эмне, Арсен?!
21.11.2017. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
aytkulova,башкага деле боорунуз ооруйбу?)
21.11.2017. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
22-01-2017
Соӊку аракети:
12-11-2018 13:51
Жынысы:
Белгисиз
+16
Арсен мен сенин тубуно жетем.Лиза учун мен сенден оч алам.Сериялдын аягы сен куткондой болуп бутпойт.Берилип кеттимго мен,сериялга аралашып.
21.11.2017. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
10-05-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 01:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
узген
+7
aiba-889290,Лиза нормально кызэмес болчу.башында эле.просто Арсенге жолуккандан кийин кичине озгоргон.типа.башка балдарга коз артпай
21.11.2017. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 01:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо Кудай! Уфф!Арсендей акмактар бар да.
21.11.2017. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
10-05-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 01:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
узген
+9
Арсендин ушул абалга тушушуно,жырткыч болушуна Бегимайга болгон суйуусу ,оч алуусу куноолуу.Бегимай куноолуу.негизи.
21.11.2017. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
27-06-2011
Соӊку аракети:
18-07-2018 08:42
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бутеле акчанын айынан э
21.11.2017. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 09:37
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул чыгарма жашоодон алынган бекен озу, жашоодо бир аз кечиримдуу бололу куноосуз бироону олумго кыйды кекчилдиктин айынан
21.11.2017. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
14-11-2018 03:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+5
Эх Болуш озуно кошуп Арсенди да жырткычка айланттын.
21.11.2017. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
06-11-2018 13:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
блиин, Лизу жалко. и всё это из- за ненависти(((
21.11.2017. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
919
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 01:48
Жынысы:
Белгисиз
+7
love_you,Чыгарманы орусча окуган окшойсынар э?
22.11.2017. 03:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-10-2018 02:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+6
Pandora,мээси орусча филтирлеп берет окшойт.))
22.11.2017. 21:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
06-11-2016
Соӊку аракети:
06-11-2018 13:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shahrizaada,смешноо))) мен жонэле оюма келген созду жаза салгам.
21.11.2017. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-2
Дагы Болуш женип чыкса экен, Арсен адам эмес экен, болбогон суйуу учун атасын сабатты, жон эле басып кетпейт беле, ал болсо башка Бегимай табылмак да, анан Бегимайды шылтап, жырткычка айланды, канча уурулук кылды, болбогон кек учун, колун кесиш керек, негизи оз ак эмгеги менен баатырларды сыйласа болот, ал эми Арсен чоо!
21.11.2017. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
12-11-2018 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
0
Лизу жалко
21.11.2017. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
15-05-2018 16:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен озу да олуп тынат го ушу
21.11.2017. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
28-12-2016
Соӊку аракети:
06-11-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Лиза тируу,бул жон гана уюштурулган спектакль.Болушка тузак.
Арсен оч алуу учун Лизаны курмандыкка чалбайт болуш керек
21.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
23-09-2017
Соӊку аракети:
07-10-2018 21:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
aylin_kg,Жоок тируу эмес олду. Санжар акеси менен суйлошуп жатканда Лизанын тируу калуу жолу жокпу созсуз олуш керекпи планда деп сурап жатканго, ананда акчаны атына которбо ал олгондон сон акчаны кайра чыгара албай калабыз дегенго.
Aiziusman0101 түзөттү 2017-11-21 21:34:54
21.11.2017. 13:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 03:49
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эшээк Арсен, корсом мойнунду бурап туруп жулбасам!!!
21.11.2017. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ferdews, корбой элекой сенинда тынч койбойт)
21.11.2017. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
16-03-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:40
Жынысы:
Белгисиз
+6
Комментарийлерди окуп алып эле жыргайымда))))
21.11.2017. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
07-05-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:11
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лизаны олтурушту да себеби Арсендин былыктарын билет болчу.Ошон учунда акчаны картасына эмес колуна берген.
21.11.2017. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 10:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
orozova,дагы бере элек болчу, жон гана коргозгон, кайсыл жерге десен алпарып берем деп
rtuiop түзөттү 2017-11-21 15:09:55
21.11.2017. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 00:19
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыры Лизаны олтуруп жаны тыныптыр да
22.11.2017. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
13-08-2018 22:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Biinura,жаны тына элек, дагы Арсендин башында толтура пландар бар.
22.11.2017. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
195
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
+3
Арсен сени жек коруп баратам. Кундон кунго мыкаачы болуп баратасын. Адам болчу бираз болсо да.
24.11.2017. 04:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
30-09-2017
Соӊку аракети:
29-06-2018 00:17
Жынысы:
Белгисиз
0
ZANIA-92, Адам болсо сериял бутуп калбайбы? Я
22.11.2017. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 10:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Болуштан оч алыш учун лизаны курмандык кылдыбы?
22.11.2017. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ойлойм мунун баары туура эмес тарбиядан деп.Кызым акчалууга тий деп кулагына куя берсе кызы да ошого баш ийди да. Мына ошол туура эмес тарбиянын жыйынтыгы.
23.11.2017. 00:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-06-2017
Соӊку аракети:
18-05-2018 22:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунун курмандыгыыыы...
24.11.2017. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
08-10-2018 09:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Лиза олгон жок, Арсен аны качырып жиберсе керек кийин
24.11.2017. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
23-11-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:55
Жынысы:
Белгисиз
0
liitle_princess95,мендагы ошентип ойлоп атамда
27.11.2017. 22:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
17-02-2016
Соӊку аракети:
19-07-2018 16:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен красавчик эркектин журогу муздагандан кийин башка кызга жолукса деле озгорбойтда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: