ЭРКЕКТЕР ЭМНЕДЕН ДҮҮЛҮГҮШӨТ?

Эротикалык массаж, эрогендик чекиттерге таасир этүү менен өнөктөштөр төшөктө бири-бирин дүүлүктүрүп келишет. Ал эми төшөк оюндарына чейин эркектер эмнеден дүүлүгүшөт?

КЫНАЛГАН КИЙИМ
Денесине кыналган же жука кездемеден тигилген кийимчен кыз-келиндер мырзалардын көңүлүн бурбай койбойт. Айрыкча кийим айымдын эмчегине жана жамбашына кыналып турса, эркектин делебеси козголо түшөт. Эгер айымдын өң-түсү жакшынакай болуп, бирок кенен кийим кийип алса, анда эркек анын дене мүчөсүн элестете албайт. Демек, дүүлүкпөйт.

БАСЫК ЖАНА КЫЙМЫЛ-АРАКЕТ
Эркектерди айымдардын кыймыл-аракеттери да дүүлүктүрөрү бышык. “Басканың сонун маралдай...” деген ыр саптары да бекеринен жаралбагандыр. Көкүрөктү алдыга, жамбашты артка чыгарып кериле баскан айымдар мырзалардын көңүлүн бат бурушат. Жеке гана басык эмес, шашпай сүйлөө, шыңгыр күлкү, көздү сүзүү, чачты акырын сылоо, маңдайга түшүп турган саамайды секин үйлөп коюу, буттарды учкаштырып отуруу, өйдө түрүлүп кеткен көйнөктү эротикалык кыймыл менен оңдоп коюу жана башка ушуга окшогон кыймылдардын баары эркектердин эсин эки кылат.

БӨДӨНӨ ТУМШУК МАМАКТАР
“Эркектер чоң көкүрөктүүлөрдү жактырышат” деп канчалаган айымдар силикон эмчекке ээ болгону маалым. Чынында, эркектин чеңгелине толгон эмчектер (андан чоң эмес) аларды көбүрөөк дүүлүктүрөрү изилдөөлөрдөн улам аныкталган. Анын үстүнө кээ бир эркектер айымдын эмчегинин силикон экенин билип калса, иренжип калышы да мүмкүн. “Каткырганда төшүң бийлеген...” деп ырчылар бекеринен обон созбосо керек. Айым каткырганда кофтасынан болор-болбос баш баккан мамактарынын кыймылдашы кайсы эркекти болбосун дүүлүктүрөт.

ЖЫТ
Сексологдордун айтымында, эркектер жыттан өзгөчө дүүлүгүшөт. Ушундан улам айымдар атырга басым жасашат. Бирок атырдын баары эле эркектерди дүүлүктүрө бербейт. Өтө назик жыттар, мисалы, гүл жана цитрус өсүмдүктөрүнүн жыттары эркектердин каңылжаарын өрдөп, сезимдерин кытыгылайт. Ошондой эле айрым эркектер табигый жыттардан да дүүлүгүшөт.
Тарыхка кылчайсак, эркектердин делебесин козгоодо аялдар эфир майларын кеңири колдонуп келишкени белгилүү. Мисалы, Наполеондун жубайы Жозефина “Гейша” аттуу атырынын күчү менен анын башын айландырууга жетишкен.

ЖАМБАШ
Айымдардын жамбашын мырзалар алма жана алмурут формасында деп экиге бөлүшөрүн угуп эле жүрөбүз. “Алма формасындагы айымдарга эркектердин сугу көбүрөөк түшөт” деп сексологдор аныкташкан. Башкача айтканда, тогологунан келип томпоюп чыгып турган жамбаштар.

ЭРОТИКАЛЫК СҮРӨТТӨР, ТАСМАЛАР
Мырзалар айымдардын жарым жылаңач сүрөтүн көрүп деле делебелери козголот. Башкача айтканда, эротикалык, порнографиялык журналдарды жана тасмаларды көрүү менен. Катуу дүүлүгүүдөн улам айрым эркектердин бел суусу агып да кетет. Бул эркектердин табиятынан кыялкеч жана фантазиясынын бай экендиги менен түшүндүрүлөт.

ИЧ КИЙИМ
Айымдар ич кийим тандоодо өңүнө маани берүүлөрү керек. Себеби эркектер ич кийимдин өңүнө карата да дүүлүгүшөт.
Кызыл түстөгү ич кийим кийген айымдарды эркектер эч нерседен тартынбаган, ачык-айрым, төшөктө фантазиясы күчтүү деп эсептешет. Ошондон улам мырзалар мындай айымдар менен болгон жыныстык катнаш учурунда жаңы ыкмаларды колдонуудан тартынышпайт.
Кара түстөгү ич кийимди көп кийген айымдар өзгөчө ыкмаларды колдонгонду жактырган айымдар. Мисалы, сазо-мазохизмде колдонулуучу ыкмаларды жактырышат. Ошондой эле экстремалдык учурда кумарга батуудан баш тартышпайт. Андыктан эркектердин канча бир бөлүгү кара ич кийимден да дүүлүгүшөт.
Сары түстүү ич кийим кийген айымдын темпераменти кандай экендигин көпчүлүк эркектер биле беришпейт. Демек, мындай ич кийимден дүүлүгүшпөйт. Чынында эле узак убакытка созулган сексти каалоочулар көпчүлүк убакта сары ич кийимге басым жасашары аныкталган.
Сыя-көк жана күлгүн түстөгү ич кийим. Мындай айымдар өтө сезимтал келип, тез дүүлүгүшөт. Өзү менен кошо мырзаларды да тез дүүлүгүүгө жеткиришет.
Көк түс. Айымдар, көк түстөн качыңыздар. Эркектер бул түстөгү ич кийимдерди көп кийгендерди “төшөктөгү дөңгөчтөр” деп билишет.
Жашыл түс. Төшөктө эркек менен бир эле жолу кумарга батып, андан кийин жолугушууну каалабагандар ушундай ич кийимдерди баалашат. Тактап айтканда, улам башкалар менен көңүл ачууну каалагандар. Муну билген мырзалар жашыл ич кийим кийген айымды көргөндө дүүлүкпөй эле шаабайы сууп калышы мүмкүн. Андыктан жашыл ич кийим кийүү сунушталбайт.
Ак жана боз түс. Бул түстөгү ич кийимди көпчүлүк адамдар кийишет. Ак түстү жактоочу айымдар төшөктө эч кандай өзгөчөлүккө ээ эмес, нейтралдуу айымдар.


ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
Төшөктөгү наздануу
Төшөктөгү эркелетүү 3 тепкичтен турат:
1-тепкич. Аялдын башынан баштап моюнуна чейинки дене бөлүктөрүн (чачын, кашын, көзүн, мурдун, эриндерин, кулагын, кулактын арт жагын, моюнун) дүүлүктүрүп даярдоо керек. Мисалы, эркек аялга жагымдуу сөздөрдү айтып, чачын сылап, кашы-көзүн өбөт. Эриндерин да өөп, тилинин учу менен аялдын үстүңкү жана астыңкы эриндеринин ички жактарын дүүлүктүрөт.
2-тепкич. Аялдын моюнунан баштап киндигине чейинки делебесин козгоочу жерлерин (моюнун, эки далысынын ортосун, эмчегин, үрпүн, ийиндерин, колунун манжаларын, курсагын, киндигин) дүүлүктүрүп даярдоо керек. Мисалы, айтылган жерлерди эриндери менен сыдырып өбөт же тилинин учу менен дүүлүктүрөт. Эмчегинин үрпүн соргулоо кажет. Анткени эмчек – аялдын башкы эрогендик зонасы. Аялдын эмчеги дүүлүккөндө анын жыныстык органдары да, айрыкча жатын дүүлүгүп, козголот. Ушинткенде гана аялдын жүрөгүндө музыка ойнойт.
3-тепкич. Аялдын делебесин козгоочу киндигинен ылдыйкы жерлерин (жыныс тилчесин (клитор), жыныстык мүчөсүндөгү чоң жана кичине эриндерин, чурайын, сандарынын ички бетин, белин, көчүгүн) дүүлүктүрүп даярдоо керек. Мисалы, жыныс тилчесин дүүлүктүрүү – чоң өнөр. Анткени аялдын дене кумарын кандыруунун сыйкырдуу ачкычы мына ушул жеринде. Колдун сөөмөйүн же ортоңку манжаны вазелин же башка май менен майлап алып, клиторго манжанын учун тийгизип, акырын тегеретип же манжаны өйдө-ылдый жылдырып дүүлүктүрүү керек. Мына ушунда аялдын денеси ысып-күйүп козголуп, жагымдуу балкып, жыныстык катнашка даяр болот.
Аялдын сандарынын ички беттерин өпсө, эриндеринен өпкөндөн да катуу козголот.
Кээ бир аялдардын эрогендик зонасы көтөн чучугунун тышкы тешигинде жана сол чурайында да болот.
Аялдын эрогендик зоналарынын баары эле бир мезгилде, бирдей деңгээлде козголо бербейт. Бул аялдын психологиялык, эмоционалдык жана эротикалык жагынан берилгенине жараша болот.
Эгер аял эркекти жактырбаса жана көңүлү келбесе, эркек аны канчалык сылап-сыйпаласа да дүүлүкпөйт. Кокус жыныстык катнаш болсо да, аял жан кумарына канбайт. Эркек да жыргалга батпай, болгону, бел суусун түшүргөн гана болот. Эркектин эркектик касиети – аялды жароокерлентип, миң түрдүү наздантып эркелетүүсүндө.
Төшөктөгү сүйүү оюнунда аял дагы активдүү катышуусу керек. Аял эркекке жагынуу үчүн төшөктөгү назданууну билүүсү зарыл. Эч уялбастан эркекти сылап, өөп, жан дили менен берилип эркектин делебесин козгоосу кажет. Устундай болуп жата берген аялдарды эркектер жактырышпайт.
Американын дарыгер-сексопатологу Девид Рэйбендин “Секс жөнүндө бардыгын билгиңиз келет, бирок сурагандан уяласыз” деген китебинде Бонни деген 27 жаштагы сойкунун айтканынан мисал келтирсек.
“Биздин сойкулук өнөрүбүздүн өсүп-өнүгүшүнө америкалык күйөөсү бар аялдар күнөөлүү. Алардын күйөөлөрүнөн пайда көрүп, жылына бирден жаңы кундуз ичик кием. Кудай сактасын, эгер бир эле күн алар мен жасаган төшөктөгү назданууну күйөөлөрүнө жасап, түрдүү ыкмаларды көрсөтүшсө, мен темтейип кайра сыракананын үстөлүн сүртүп калмакмын. Бирок мен эркектерди эркелеткенди жакшы өздөштүргөм, андыктан коркпойм”,- дейт.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
AazamatBBB
2010-05-24 19:23:07
кыздар жакшылап уйронгуло кереги тийет ))
+2
kleine
2010-05-24 21:26:30
Baldar, siler da zhakshylap ujrongulo :)
0
elzar
2010-06-20 23:07:28
Кыздарга айтаарым кеп кокурок чон-кичинеде эмес.Эн негизи формасы болуш керек.Эгер кокурок кичине б-со анда лифчик такпай эле денеге жабышкан топик менен кийисе сексуальна корунот.
0
kojonovnurik
2012-02-15 16:43:30
Кыздар бардарга емчеги чон болсо жагат екенмин деп силикон койдуруп албагыла,озунордун емчегинерден калбагыла ен жакшысы ошол=)
0
romanov.82
2013-02-01 01:21:40
Силикон мамактарды кармаганда пластикалык буюмдарды кармагандай эле болот. Кыздарга кенеш: мамагынарды силикондотпой эле койгулачы. Кыздардын мамагы натурасында чоон болсо кайф сонун болот. Мындан кыздар деле эркектер мамагын кармаганда кайф алат да, анан силикон мамак эркектин колун сезбесе да керек... Мындайда кайдагы кайф?.. Силикондоткончо жигиттерге кооп карматсанар мамагынар чоноёт.
0
ekaterina
2014-10-03 21:49:39
менин жолдошум тошу чондорду карай бергенде ойлоп кетем
0
№ 394, 21-27-май, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан